Көчмөндөр салтанатынын ааламдашуу ордосуна баралбай кыйла өкүттө калсам да сыймыктанаар алайлык жердештериме алкыш айткым келди.

Көчмөндөр шаарчасынын жана ипподромдун архитектуралык дизайнери, мировой шоу-кооздугун жасалгалган Дайыр Арзыкулов деген 23жаштагы гүлчөлүк эр азаматка буюрса эми дүйнө жүзүндөгү олимпиада, фестивалдардан чакыруу келе баштайт. Он алты номинациядан байгелерди багынтышкан Ош шаарынын маданий этно тобунун акдидар уюштуруучусу сопуграддык Салтанат Амановага окуучум катары абдан сүйүндүм, окуучу кезинде эле уюштургүч талантында чек жок эле, эмкиде Туркияда өтүлчү 4-Көчмөндөр фестивалына Салтанат делегацияны жетектесе экен, сөзсүз жениш бизде болот. Кырк ууру санжыра кыргыз ааламдашуусунда "Актык" дары суусундугун негиздеген Жошолулук Баатырбек Исмаилов жетектеген бир топ алайлыктар Адигине,Тагай байрактарын, эн тамгаларын көтөрүштү. Алар кыргыз биримдигинин ураанын чакырышып, ак бата беришти. Манас-Ата чокусуна ,Опол-Тоо хребетине үзөнгүлөш Сары-Моголдук энелер илгерки не кылымдардагы элечек калектерди кийишсе чет элден келген меймандар тарых үчүн дешип сүрөткө түшүп атышты. Үч-Төбөлүк акын Кундуз Суранбаева мисс-элечек болду деп бааладым.Тоо-Ашкандык Жамиля Кадырова Курманжан датка Ош маданий тобундагы сопулук айымдар менен 7-кылымдагы улуттук кийимдерди кийиништи.Гүлчөлүк жазуучу Жыргал Сулаймановдун апасы Уркия эне аткарган датка энебизге арналган элдик ыр кыргыздын кыйырына угулуп ырдала баштады.Алайдан бир нече боз үйлөр ак өргө болуп көтөрүлдү. Төөлөр, топоздор, тулпар аттар,бүркүттөр катышты.Ордочулар, улакчылар,чеберлер жүрүштү.Маданий кечелерди уюштурган акын,комузчу, кыз куумайда он беш ирет женүүчү аталган Талды-Суулук аспирант Турсунай Калмурат Кызы Көчмөндөр оюнунан ишмердүүлүгү үчүн диплом менен сыйланды.Мээргул Каримова Алайдын сыбызгысы,бул ирет Кырчын жайлоосунун торгой таншыгы болду. Көл кылаасына келген президенттерди жана абройлуу делегацияларды терен меймандостукта тосуп алган Ысык-Көлдүн губернаторунун жубайы Инак Орозбаевнанын нукура кыргыз пейилине аябай суктанышты, алайдын кыздары датка акылманы менен да, ал менин сопулук классташым болот.Баса, элдин деминен калбай менин кинорежиссёр кызым да киночу чет элдиктер менен биргеликте сьёмкада болду. Буюрса, ден соолугум жарк дей түшсө эмкиде Туркияга барсам эле.Көчмөндөр оюну 1991-жылы Алайда Курманжан датканын 180 жылдык тоюнда башталган эле. Сүйүнбай дабдырдын ой башатынан...

Комментарии

  • 17 сен 2018 07:10
    Саламатсызбы агай Сары-Моголдук энелердин калектери эмес Талды-суулук энелердин элечек калектери.Кундуз Суранбаева ошол Талды-Суулук энелердин формасын кийген.
  • 17 сен 2018 09:37
    Рахмат, Жаркын жарк этип Талды-Суулуктарды бүт дүйнөгө суктандырды,Ал жетектеп уюштурбаса кайдаан дүнгрөшмөк.Сарымогол айыл өкмөту деп аталат.Абыкеевалар эзелтен Сарымоголдун атын даназалап келген. Канайым эже илгери "Ленин жылдыздары" деп Ленин пигинин атынан комсомолдук кыздар бригадасын уюштуруп, ал кыздар дүйнө жүзүн кыдырышкан эле.Польша, Румыния,Болгария, Балтика өлкөлөрүнө.
  • 17 сен 2018 09:38
    Рахмат агай
  • 17 сен 2018 09:41
    Канайым эжеге окутуп койчу коментимди...
  • 17 сен 2018 09:50
    Оа агай
  • 17 сен 2018 09:52
    Оа агай