Академик Эркебаевдин балалыгы...

3жашында Абдыганыны Кара-Тейиттин кара шамалы тагдырын таарынткан болот... Муштумуна муз, кабагына кар бүркөлгөн айрым түнөргөн учурун кээде байкап да калам. Оной менен бирөөгө ишенбей үрпөндөгөн пейили ошондон калыптанып калса керек. Анан эмей, апасын мураапы абасы көз алдында сабап өлтүрсө. Жүрөк баланыкы ошондон муз менен өксүккө чыланып калган эле.
* * * * * *
Кара-Мык менен Дароотто өткөн бала кезинде колуна калем сап кармаган учур башталып, мүдаарис болоор баланын алтын балалыгына жол салынат , кат-кабар ташыган почто машинанын айдоочусу 30уулдардын интернаты Сопукоргондо бар экендигин, азар-безерлүү жетимдер бешенесин сылатып, ата-энедей мээримдүү тарбиячыларга өз баласындай ынак болоорун бала жүрөгү туюп, бийик акжалтан Ленин пигинен өөнгө карай Сопуга зуу коюшат.
* * * * * *
Өсчү бала дароо эле китеп кармайт болуп, интернаттын китепканасынан чыкпайт.Кыш каникулда баланы Тургун деген нянка аял жалгыз эрке уулу Конурбай менен дос кылуу ниетинде татар мааладагы үйүнө апкелет.Китеп шыпка дейре тирелген үйлөр көзүнө китепкана көрүнүп, каникул ичинде бала ынтаа тартып китепке байырлана баштайт.Анан эле коншү татарка Баянова апай китеп берип, көрөсүнөр го бул бала жазуучу болоду гой дейт... Бир күндө беш ирет сурнай тартып, барабан каккан балдардан өзүн окчун кармап жүрсө да, бир күнкү сбордо интернаттын байрагын көтөрүү бактысы анын пешенесине буюруп, алгач мартаба зоболосуна кут даарыйт. Кенешкан Исманова көсөм акылгөй директор эле. Интернаттын туусун көтөргөн бала келечекте мамлекет башкарат дейт, тилинен мөөр чачырап...
* * * * * ****
Башкы тарбиячы Апсейит Ибраимов да бала периштелүү агай эле. Өз акчасына велосипед сатып келип, тайпасындагы балдардын ичинен алгач Абдыганыга мингизет, ага атаан салган балдарга Абдыганы "Волга " минет деп тилек салат.
* * * *
Илгери Сопуда орустар жашачу эле, алардын балдары менен достошуп алган Абдыганы Гүлчөгө орус тилден олимпиадада биринчиликти ээлейт. Окуу завучу Тапык агайы линейкада элге сүйүнчүлөп, "Артек " пионерлагерге жолдомо ыйгарат. Дүйнө кыдырган кыдыр жолу ушинтип башталат.
* * * *** *
Абдыганы 7-класста окуган кезде алгач эрдик жасайт. Спартакиада ыргытылган диск кыйшыл кетип, жарданган окуучуларга карай учат, ошол дискти секирип буту менен тосуп калган Абдыганынын сынып калган бутун танып , физрук Каримжан агайы анын чыдамкай эрдигине баа берип, эртеси тарбиячы аялы Уркуя эже экөө Сопунун складынан кийим белек беришет. Элдин алды болуп кийинмейи ушинтип калыпка түшөт.
* * * * *
8-класста экзаменди *5* деген бааларга тапшырат, ошондо интернаттын директору Ормонова Дөдөн күбөлүк тапшырганда "академик Эркебаев " деп дилине дээр салып тапшырат...
* * * * *
Сопулуктар тан калаарлык эл болушат. Абдыганы бийликте, илимде атактуу болсо да "ии, жакшы экен, ал биздин жетимибиз" дешкени дешкен...
*** **** *****
Абдыганы Эркебаев 65 жашка толду, ал кут даарыган бактылуу адам, жетим жетилет деген ырас... Сопулуктардын атынан академиктин бала кезине баш баккан Суйунбай Борубаев дабдыр ...

Комментарии

Комментариев нет.