Кыргыз тили-АЛАЙда!

Тарых аркылуу абалкы байлык...
1. Курманжан датка энебиз Россия генералдары менен шарт-наамеге кол койгондо кыргыз тилинин сакталышына атайын шарт койгон.
2. Генерал Монуев Чыгыш Түркестан Республикасынын аскерлеринин саламдашуусун, речёвкасын, ырын комуз коштоосунда аткарткан.(уйгур, казах, өзбек,кашкар,дунган аскерлерине )
3. Уфа,Казань,Москвадан келген илим изилдөөчүлөр, фольклор жыйноочулар алайлыктардан кыргызча үйрөнүүгө мажбур болушкан.
4. Англия державасы Алайды өзүнө каратуу үчүн кыргыз тилин аскерлерине үйрөткөн.
5. Ат араба жолун 1915-17-жылдары курушкан венгер, австриялык туткундар Талдык белинде кып-кыргызча суйлөп калышкан.
6. СССРдин "Мосьфильми" Кыргызстанда 1934-35-жылдарда Үч-Төбө, Сопу-Коргондо тартылган, режиссер, оператор, актер, чек арачылар да кыргызча үйрөнүшкөндөрү чындык, ал тургай Джульбарс кетеринде Жолборс аталган.
7. 1945-жылы Гүлчө, Сопуда телеграфта иштеген телефонисткалар телеграммаларды кыргызча жөнөтүшчү.
8.Украина, Россиядан Алайга келген мугалимдер " айнанайын Алай" деп кут даарытып кыргызча сүйлөшөөр эле.
9. Легендарлуу депутат Бегиш Аматов кыргыз армиясы, кыргыз тили көз карандысыз болсун деп сессияда сүйлөгөндө эл ордунан туруп кол чапканын мен унуталбайт экемин.
10. Кыргыз тилинин мыйзам автору академик Абдыганы Эркебаев экендигине таазим!
11. Раматылык патриот журналист , Кыргыз тили коомунун дилгири Марип Тайчабаров Жогорку Кенешке аттанып өз платформасында "Кыргыз тилин өнүктүрүү " ниетин билдирген, мындай тилибизге күйгөн бир да талапкерди али кезиктире
элекмин.
12. Улукман окмуштуу Бекмурзаев Бөдө акебиз тил саябанында бейиште болсун, медицина терминдерди кыргызчалатты эле.
12. Көчкөн Сактанов, Мамат Жакыпов, Тойчубек Орунбаев, Улукбек Мамытов, Эркин Ыбышов, Жээнбек Каримов, Эмил Пайзилдаев сыяктуу тил күйөөрман мураапыларым, силердин бейишинерди тилеп отурам, мен бир жетим калыпмын... Кубатбек акем(уруусу дөбөт)-Тибетте, Кадыркул Даутов (Дөбөтов)- пир олуяда, экөө тен алыста... бийикте...
13.Жаштар, илимпоздор кудайга шүгүр. Техника терминдерди, илим үтүр, чекитин кыргызчалаткан Таасилкан Жумабаева, Таабалды Жумаев, Айчурөк Калдыбаева, Дарыякан Бадировна , Мейман Алмаматов, Салтанат Аманова, Бакытбек Амирович Малтабаров, Нурланбек Кайрыев, Зинаида Аттокурова сыяктуу илим мүрөгүнөн башаты бар ак дайраларыбыз бар болгула!
Алайды жазып бүтөлбаган Сүйүнбай дабдыр тилеги менен...

Комментарии

Комментариев нет.