АЛЫМСЫНБОО...

Илгери, бала кезде уккан элем, маанисине эми жетип отурам. Эл жакшы сөзгө алымсына элекпиз дешип улутунуп-умсунуп , оо өткөн-кеткенди козгошуп түн бир оокумга дейре божурай беришчү. Мени " укта тез, эмне бөрүнүн көзүн жедин беле" десе болчу эмесмин.
*** **** **** ****
Атамдын бир тууган Жаныбай деген жээни Ош-Хорог автожолунда ЗИЛ айдайт эле. Ушунчалык мыкты адам эле, 26 жашында жол кырсыгынан каза тапты. Эл катуу кайгырды, бир жума өтпөй аялынын карасын чечип, ата-энеси төркүнүнө апкетишти. Атамдын жээни эмес эле, өз уулундай эле. Назирбү женем эки ирет кыйма төрөп, бала токтобой чарпылып кеткенде Жаныбай акебиз ылатага оролгон ымыркайды атам экөө бала бейитке жашырып келишти, үйгө келгенде буркурап ыйлап, "тага, наристе жытына алымсынбай калдым " десе баарыбыз кошо ыйладык эле. Женемдин көгүн чечишип, атамдан уруксат сурап,жалгыз кызына батанды бер дешип ата-энеси бир мусаапыр болушту. Атам жаш кеткен жээнин аяп эки таягына жөлөнүп көзүнөн сызылып жаш шорголоп турду. Эл жарданып карап, атамдын батасын күтүштү, бир убакта жээн келини менен атам экөө боздоп-сыздап коштошушту. Ошондо атамдын "кайран жээним, жашоого алымсынбай кеттин" - деп үшкүрүнүп айтканы жүрөгүмдө кадалып калды.
*** *** *** ***
Бешинчи классты аяктап, Сары-Таштан аары Туура-Булактагы кыркым пунктуна "Алай" совхозунан бортовой машинеге кузовуна түшүп эл менен жөнөп калдым. Атам кыркым пунктуна кароолчу эле, көрсө бул ишке Саке партком эн ишенимдүү адамды дайындаарын кийин билдим. Ошол жылы "Алай" совхозу ар бир койдон 4 кг.дан жүн алып, республикада экинчи орунду алып, партком Санталат Умарходжаева бул ийгиликке эч алымсынбай атактуу чабандарды каарып атты. Штабда парткомдун зырылдап, зиркилдеп чабандарды тилдегенин уктум. "Мен бул көрсөткүчкө алымсынбайм " деп совхоздун активдерин катарынан тизип койду. Бала кыялымда биринчиликти эле алсак эмине деп мен да алымсынбай кароолчу атамдын премиясына алымсынбай шылкыйып отурдүм...
*** ***** *****

Комментарии

Комментариев нет.