Бир жарым жыл мурдагы эссем экен.

Жүрөк тарыды...
Медицинада ушундай диагноз бар экен. Таарып, таарынып, карып-арып олтурам. Бир туугандай ынак эжем бар, таарынчаак, жалынчаак, сагынчаак эжем. Мени тыйып атып чарчады, "оорудум дебе, оомат келди "-деп айт дейт. Макул, ылайым оомат болсун дейм. "Үшкүрүк күйүк-күйүт жыттанат"- деп илгери Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев менен раматылык Эрнис Турсунов экөө бир кара тору келинге ашык болуп талашышып, үчөөнө "ортомчу" мен болуп, айлам кеткенде эки фронтко ойноп чон актер болдум эле, ниетимде карыя акындардын өрттөнгөн сезимдери өчпөсө деп аяп, тиги "кара-тору" келиндин дос кызына жүрөгүм жүгүрүп кетип, жетип-жетпей, ... Ошондо жүрөгүм катуу тарыды эле... "Сага не жок, сүйсө тиги эки акын сүйүп -күйүп атса, ыр жазышып атса, сенин жүрөгүн неге ооруп атат"-деп Багдаш байоо бир кейийт мага, "третьй лишный " болуп мен жарым жыл жүрдүм эвреей акемдердин методу менен... Ошол жүрөк ошондо катуу мертинип калса керек , таарынып, таарып, тарып... Менин жүрөгүм, өмүр бою тыйуу буйругунда. Бала кезимден туткунда, илгери парталаш кызды жактырып кечке эле эсим ооп аны тиктейм, эжекем урушат мени "досканы тикте"деп, андай сулуу кыз ааламда жок эле, чон класста окуган бир сулууга ортомчу элем, жигити армиядан келген эле, эми укмуш кат жазат, тиги кыз күлүп эле кутулат, жооп жаз десем ынабайт, женсоветке түшүп калсам не болот деп. Бир күнү ошол эжеме келген катты сумкама салып жүрүп жоготуп алдым, аманат кат жоголду, кыжаалатмын. Женсоветке түшсө не кылам деп кыйпычыктайм. Коён тумак кийип, тайнесинин сандыгынан эки мүрү чон лейлон сары көйнөктү алып, жакасын курткасына чыгарып досум резко модный болуп, койнуна эжесинин капрон жоолугун гезитке ороп, мени ортомчулукка ээрчитип алды. Кимге десем айтпайт, сыр-тайна , барганда көрөсүн деп, бир убакта бала жүрөгүм шуу деди... тиги кыз күтүп туруптур. Көрсө баягы роман катты досум уурдап көчүрүп "апакайыма" берсе, укмуш сонун ыр түрүндө жазылган каттын күчү менен свиданияга макул болуптур да, анан досум "коён тумак"алып бер деп атасына тополон чыгарып, ал Карасууга чайкоо базарга барып, анан досум бактылуу модный болуп, ... Ошол түнү мен жөөлүп чыктым, атам гаражда караулканасында эле. Эртеси Сопунун иззолясында мени менингит деп ээн палатага жаткырып, атам озондоп ыйлап Гүлчөгө Рысмамат улукманга барыптыр., Мүрдаштан Максым атаны алдыртат.диагнозум бала туруп жүрөгүм энтигет экен, тарыйт экен.Мени физкультура менен, пахта чөптөн, отун алмай, суу ташымайдан бошотушту. Тайнем экөөбүз илгери мени ит каап, ошондо жүрогүм түшүп калганын эстеп "жүрөк көтөртүп" Согондуга, Бүлөлүгө каттайбыз.Анан аруүркамай, эс жоготүп эпиллепциям өнөкөт болду. Атам, апам мен учүн эмне гана кылышпады. Апам учуктап, атам дем салып, жаратканга жалбарып намазды беш маал окуйт эле. Накта кардиолог ошолор эле. Ошөл жүрөгүм галбыр байлап жүрүп, жүрөктүн эле беш-алты дартына достошуп жүруп, биринчи топтогу майып аталдым. Кошмат-жармат кылбаган врачым калбады. Эсеби он күндөн бери пристубум күчөдү.скорый врачтар жадашты менден. Кан тамыр качты, бүгүн кыргыз табып келди, кан кудам сеть дары апкелди, жүрөк жашарткыч дары имиш. Багдагул Матанова да кыжаалат, эсен аман жүрсөн болду дейт.Өлалбай атып өлөн айттым, макул деди. Ошко-төшкө чалдым.Таарынбайм, кечирдим... жүрөгүм бар бол! Дабдырлар да жашагысы келет.

Комментарии

  • 13 янв 2019 06:55
  • 13 янв 2019 07:41
    Эркинтоо айыгып пешеңиздерге аман  болсун! менин 16 диагнозум бар экен.Нестабильная стенокардия, тахикардия, сердечная астма,расширения сердце, гипертоническое сердце,подагра, ревм.артрит,сах.диабет 2 типа,ХОБЛ, ХОБЗ, КИСТА ЛЕВОЙ почки,артериальная гипертензия, артроз,плеонефрит и.т.д.
  • 13 янв 2019 11:35
    Эч ким оорубасын.
  • 15 янв 2019 05:57
    Журокту оорутасыз да ,Суйунбай ага.Багдаш женем уруксат берсе,суйуп корунузчу,балким бул оорудан такыр кутуласыз!Айыгып кетиниз!Жазыныз!Ооруганга сизге али эрте ,деп канча айтам,деги
  • 17 янв 2019 07:34
    Аллахым ооруну суйгон пендесине берет ар бир кыйынчылктын артында жакшылык койгонАллахым сизге Аллахымдан суран Акжол Юуркин