Эски ырлар...

орусча душа менен ....
Бугун ырдадым,80-жылдары балалыгымдан жаштыгыма кадам шилтеген кезимде эргип эзилип ээн жерлерге барып алып ырдай берген ырларым эсиме тушуп туруп алды.Негедир, орусча ырдагым келип туруп алды.Сонун мукамдуу орусча ырларды билчумун бир тобун тексттерин унутупмун,ошентсе да обондору журогумдо сакталуу экен.Маркум Барыкиндин "Букет"деген ырын эстеп козумо жаш алдым.Маанайды бийиктетуу учун Игорь Склярдын "Комарово" деген ырынан баштадым.Бул ырды 86-жылы алайлык малчыларга концерт коюп ырдап аларды да ыр бий ыргагына салдым эле.Вахтанг Кикабидзенин уйуно уурулар кирип "Твои года, твои богатство"деп жазып кетиптир деген ырын дилиме салып жылмайып алдым.Мектепте окуучуларым менен Согот жайлоосуна баратып таш тергенге ЗИЛ машиненин устуно тушуп бараар баргыча "Белые розы"-деп Ласковый май жетимдердин ырын ырдап барганыбыз эсиме тушту.Ушунчалык энергиялуу ыр эле да.Менин соткамдын музыкасы Толкунованын "Я не могу иначе"деген ыры менен шынгырап турат.Ушул ырды уксам эле же кошулуп ырдасам эле душам каканактап ыйлап кирет.Ырдай берем кайра кошулуп ыйлай берем,ушундай апенди экенмин.,не кылайын....Виктор Салтыковду бала кезимден эле менин досум деп эсептеп алгам.Анын "Белая ночь"деген ырын ырдаганымда варенка шым кийген кундорум эске тушот.Салтыковдун имиджин туурайм деп ак крассовка издеп Сары-Ташка чейин барганымды айтсанар(илгери крассовка тургай кета дагы жок эле),чачымды ортодон эки болуп тика остуруп раматылык атамдан таяк жеген кунум да болгон эле.Анна Германдын "Эхо любви"киносунан фрагменти бар го ал ырдап отурганда баары ыйлаган,мен да ушул ырды ыйлаш учун угам.77-жылы биздин мектепке Оштон шаардык эки окуучу келип окуп калды,бири менин классташым совхоздун директору Узаковдун Кенжалиси,бири Сопукоргон Сельпосунун торагасы Толоновдун Венера деген кызы.Экоо тен орусча окуп келген немелер эле, граммпластинкаларды бири-бирине белек беришет ортосунда ташыгыч менмин,кээде пластинканын ичинде каттар бар,аны мен кочуруп алып анан жеткирем чиркин.Бир куну эле Венера бир топ пластинка берди,Кенжалинин уйуно барып уктук."Арлекинно","Досвидания лето","Приезжай" деген ырлар экен.Бир угуп эле музыкасын,бир угуп эле текстин жаттап алдым окшойт,Уйдогу тирликти да унутупмун,жугуруп келип эле Котур-Кочолукторго Бабыга,Дадишке,Элмирага,Ажарга,Долдоного ырдап бердим,тигилер трансска тушуп калышты,алар менин орусча ырдаганыма тан калып жатышты, Дадиштин тамына койгон концертимди аяктап уйго барсам атам таягы менен мени жыга чапчудай болуп турат каякта тентип журосун деп,коркконумдан директор Узаковдун уйундо мейманда болдум десем атам бир суйунот байкушум, балам кийин чон болот директор болот деп....Софиянын сулуулугуна телмирип пластинкадагы суротун тиктей берчумун,анан анын "Лебединная верность","Смуглянка" деген ырларын ырдап уккандан тажабас элем.Биз мектепти аякаган кезде, "Ягода малина" менен "У меня братишка,сестренка нет" деген ыр хит эле,Анан эле Талды-Сууга кеттим,ал жерде совхоз курулуп аткан болчу,Фрунзеден мединституттун студентери стройотрядга келишкен экен,кундо кечинде аларга барам,алар орусча ырдашат экен,бир куну эптеп ынгайын келтирип акцент менен "Приезжай хоть на часов" деп озондоп талааны жаныртып ырдай баштадым, анан эле суранып калышты,"как молоды мы были" деген ырды баштасам студенттер мени коштоп хор ырдап кетишсе боло.Кийин армияда журуп "Трава у дома","Море,море","Айсберг" деген ырларды тыта баштадым го.Орустардын оозун Ошту каратып ырдайт элем.Арадан убакыттар отуп жети жыл мектепте иштедим, пионервожатый болуп,ишиме байланыштуубу же жаш ата болгонум учунбу айтоор детский ырларга ооп кеттим."Прекрасное далеко",Колобок,Песня о дружбе,Крейссер Аврора, Детство деген ырларды мен ырдатып уйротпогон окуучулар Алайда жокко эсе эле.Пионер лагерде уч жыл старщийвожатый элем, ар бир пионер менен кошулуп жыргап ырдаган кундорумду сагынам.Бугун негедир орусча эле ырдагым келип жан дуйном эргип турат.Канча ай,эсепсиз кундордон бери жотоло берип душам байкуш ырдаганды сагынып калыптыр."Снег кружитсядан" баштап "Зимный сонго"чейин ырдабасам...Сиздер дагы ырдагыла,кудайым ырдаганга жеткирсин... кеттим анда "Слышу голос из прекрасного далека" деп сиздер тыншап турунуздар....Ырчы Суйунбай Борубаев

Комментарии

  • 13 янв 2019 17:48
    Ден соолугунузду берип Аллахым, ырдап эле женем менен аман болунуз агай.
  • 13 янв 2019 18:32
    Досум аскерде отуп баратып ырдаган ырынар дале эсимде без.сапера не пройти болота без.сапера воевать нельзя ушундай беле
  • 13 янв 2019 18:36
    Жаш откон сайын служба Кылган жерлерди коргун келет экен кара денизди митридат тоосун эстелик бар эле го салют ошол жерде атылчу
  • 13 янв 2019 18:37
    Оорубачы досум
  • 13 янв 2019 18:55
    Ырдагың келсе, ырдаш керек, ыйлагың келсе ыйлаш керек дейт го.... Ырдап, күлкү менен жан дүйнөң эс алат, ыйласаң ичтеги буктун баары ый менен чыгат экен. Ырдагыңыз келсе, үнүңүздүн жетишинче ырдаңыз агам. Ар дайым эле ырдап жүрүңүз, көңүлүңүз ачык болсун, маанайыңыз ачык болсун.
  • 13 янв 2019 20:09
    Аябай сонун эргуу менен элестетип жазасыз, журокко жеткизип.бар болунуз
  • 13 янв 2019 20:10
    У сапера может быть ошибка,
    Только первый и последный рвз деген саптары эсимде калыптыр.Дос буюрса мен айыгайын, сөзсүз Керчь шаарына барып Аджимушка эстелигине, Митрадат пушка эстелигине сүрөткө түшөбүз...
  • 13 янв 2019 20:14
    Фотография
  • 13 янв 2019 20:15
    gif
  • 13 янв 2019 21:20
    Жан дуйнонуз чыгармачылыкка болонгон инсансыз ,ырданыз агай !
  • 17 янв 2019 22:54
    Эстедим кийинки саптарын на с недаром  жалует пехота и танкисты верные друзья без сапера не пройти болота без сапера воевать нельзя