Тыйын чычкандар...

Ардагерлер багында тыйын чычкандар менен достошуп алдым. Бүгүн өмүрүмдө биринчи ирет уя жасадым.Ийри-муйру , кыйшык-мыйшык такталарды бириктирип бийик даракка кадап, жаңгакты чагып, алманын бочогдорун, кабыктарын жана жер жаңгактар менен семичкелерды уучтап тактачага салдым да, тихий часта терезеден тирмийип уктабай тиктеп отурдум. Тыйынчычкан аябай акылдуу болот, ага семичка жаңгактарды берсең жакшылыгың үчүн сага ден соолук тилейт деп илгери Минкультуранын фотографы Дима аксакал айтканы эсиме түштү.Жаш бала кыял мен бүгүн ошону эстеп эми тыйынчычкандарды багууну чечтим.Тыйынчычкандын душманы Бурулдук деген хищник бар деп окуганымды эстеп окемдерден сурасам Бурулдук бизде болбойт деди. Тыйынчычкандын тукуму аз, болгону экиден гана тууйт дейт. Териси шубага,тумакка жарагандыктан браконьерлер көзгө атып терисин бүтүн сыйрышат экен. Ысык-Көл тарапта териси кызгымтыл болот, ал эми Чүйдө түтүн боз түстүү келишет.Илгери, Бишкектеги Жаш Гвардия бульварына жүздөй тыйынчычканды койо беришкен. Ал жердеги мектеп окуучулары тентектиги ашынып болгон тыйынчычкандарды рогатка менен аткылашып бир жумада тынчытышкан тура. Тыйынчычкан Кызыл китепке кирсе да бизде коомчулуктун аяоосуна кирбегендигине өкүндүм.Тыйынчычкандын сезгичтиги,шамдагайлыгы абдан күчтүү келет. Бир дарактанбир даракка эркин секирип жүрө беришет. Жүз жыл жашаган карга каркылдакда андан сестенип турушат.Тап бере алышпас экен. Кыш суугуна чыдамкай болушат.Эң жакшы көргөн мезгили күз айы болгондуктан коон дарбыздын калдыктарын данактарин жакшы көрүшөт экен. Ошентип, терезеден ойго батып отурсам мен салган ачык тактача уяга тыйынчычкандар келе башташты. жаңгактарды колго кармашып жыргап тамшанып жей башташты. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Палатадагыларга айтсам уянын жасалышына сын айта башташты. Арабызда илимпоз агай, жазуучу карыя жана алты тилде сүйлөгөн Вячеслав деген бир буту жок орус киши бар, ошолор тумбочкасындагы влма,пряник, нандарын көтөрүп мага окшоп сооп издегенче ден соолук сураганы сыртка чыгып кетишти. Багдаш сулуу кеч чалып эртеге барам дейт. Бир баштык такта, мык, балка ала кел дедим. Тактаны не кыласың, өмүрү мык каккан жок элең го, не кыласың дейт. Үй салам үй десем оозу ачылган боюнча калды. Шүгүр, апенди жашоом өзүмө жага баштады. ЭСКЕРТҮҮ: мага келсеңер жаңгак,семичке ала келгиле...

Комментарии

  • 18 янв 2019 01:32
    Суйунбай аке сиздин жазган ар бир темаларынызды калтырбай окуйм ,дагы эмне жанылык болуп кетти экен деп,уй салам уй дегениниз магада  кызыктуу болду