Комментарии
- Предыдущие комментарии
- В начало
- 17 янв 2019 16:18Менин эн жакшы коргон агайым мага кооп тарынып журот мен сизге дайыма ден соолук тилейм кооп жашаныз олгондун эмес тируулордун омурун тилейли оорубаныз агай
- 17 янв 2019 19:19Аяш атабыздын жайы Жаннаттан болсун ,Аллахым ырайымына ,мээримине алсын,аябай жакшы киши эле .Өз кесибин мыкты билген врач деп көп уккам.
- 17 янв 2019 22:55Бейишин берсин кудайым соопторун кабыл кылсын жаткан жери жайлуу болсун
- 18 янв 2019 10:41Мен да коргон элем ал кишини. 2 ай озун билбей комада жаткан адамды 1-2 кундо озуно келтирип айыктырган эле чын эле Улукман киши болсо керек Жаткан жери жайлуу болсун.
- 19 янв 2019 18:07Жаткан жери жайлуу болсун. Атанын жолун жолдогон уул чыктыбы балдарынан.
- 22 янв 2019 16:46Бейишин берсин. Калган омурун уул, кыздарына берсин. Кудайым оз суйгон адамын алат экен да. Арты кайрылуу болсун. Башка арга жок.
- 22 янв 2019 17:37Аяш атамдын жаткан жери жайлуу,топурагы торколуу болсун,кудай бейиштен орун берсин!
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Алайдын улукманы ааламдан өттү...
Бүгүн кечке жуук Зуридин аке өттү деген суук кабарды угуп бир топко каңырыгым түтөдү. Элеттиктердин улукманы аталган адам эле. Элди аядым, Зуридин акени кудайындай көргөн, ишенген карапайым калкты кантет эми деп үшкүрүнүп алдым. Бейиши болгур Зуридин акем, пенсияга эбак чыксаңыз да сизге он беш айылдын эли улукманга шыпаа тилеп келгендей келе беришчү эле. Кабагыңызды бекем түйүп, чөнтөгүңүздөгү бир баракка дары жазып, тамырын текшерип, кан басымын жана жүрөгүнүн согушун тыңшап эле эч кандай аппаратка салбай туруп диагнозду япон аппаратындай так коюп, ар бир оорукчандын фамилиясын атап сакаясың же оор абалда болсо Ошко бар деп жөнөтүп койчу. Мен да быйыл Алайда бир ай эл-журтумда жүрүп алдым эле. Кан басымымды текшерди да үйүндөгү дарысын ичирип, тез Ошко кет, жолдо жүрүп алба деп өзү коңшусу Кайратты издеп машинесине салып чоң жолго машинеге салгын деп өтүндү.Бул неси деп чоочулап шаарга кеттим.Кетээримде айтты, тез пас абага бар, бараарың менен уколь ал деди.Машинага отураарымда "Сүйүнбай иним, сен илгери мени республикалык гезитке жазган "Улуу тоонун улукманы "деген очеркти кайталап окугум келип жүрөт,эмки келгениңде ала келчи деди." Соткасын жазып берип кеңешип туруумду өтүндү. Ошентип кол булгалап кала берди. Айткандай эле Ошко келсем давлениям 200гө жетип калыптыр. Жакын досум Жаңыбай Жунусов тууганым, классташым машинеси менен срочно скорыйдын станциясына бир тууганымдай ынак эжем,акын жана укук коргоочу Марипат Усманалиева экөө скорыйда менин оор абалымды аяшып кудайлап кошо жүрүштү. Ошондо Зуридин акемдин мени Ошко шашылыш жөнөткөнүн түшүндүм. Бишкекке келгенден кийин Зуридин акем менен бир-эки жолу суйлөшүп ооруканада врачтар койгон диагнозду айтсам адатынча кайсы дарыны ичишим керектигин айтат.Шаардын кыйын деген врачтарынын жазган дарыларын айтсам угуп туруп айоымдарынын ордуна муну ич дейт. Анын айтканын аткаруу бизде Алайда салт, карыялар да Зуридин айтканын аткарбасак небакта күмжам болмокпуз дешет.Пирназаровду пир тутунуп, айыккандар Бүлөлудөн тарта Сары-Моголго дейре ар бир үйдө адамдар бар десем бирөө да ики дей албастыр. Өмүрү пара сурап даарылабайт эле.Мага окшош колу жука оорукчандардын домкраты эле да кайран киши. Кайрадан Сопуга чалдым.Кыздары келдиби десем ооба келишти дейт. сүйүнүп калдым. Былтыр Россиялап кызыныкында жүрүп келди эле. Бош убакыт тапсам эле чоң атактуу клиникаларга баргым келип туруп алды деп мага айтты эле. Америкадагы кызым мени өзүңүз дарыланыңыз, болду эс алыңыз деп акча салат. Мен болбой эле керектүү дарыларды алып койом.Эл менин пкнсионер экениме карабайт тура , үйгө ишенимдүү эле келе беришет, өзүм ооруп турсам деле сүзүп качырып келе беришет деп айтканы эсиме түштү.Баса, илгери Талды-Сууда врач болуп иштеп туруп эки кабат оорукана курдуртат. Ошол жылы Ош обулусу боюнча ооруканасы биринчиликти ээлеген эле. Мен эл аралап Талды-Сууга барсам мени ээрчитип Чал-Мазарга кетти. Ал жер абдан бийик жайлоо эле. Көрсө график боюнча ошол жайлоого бармак экен. Чалмазарлыктар кербендердей чубап келишти, Зуридинге жолугабыз дешип. Кеч мен чаалыгып түтөгүп Талдысууга келдим. келсек Мургабдан, Жүркүндөн,Нурадан бейтаптар Зуридинге көрүнөбүз дешип күтүп турушуптур. эмне силерде оорукана жокпудесем алар минтип айтышпадыбы, бар бизде деле күчтү догдурлар бар бирок Зуридиндей эч жерде жок ошону үчүн бел ашып келебиз да. Ошондо Бишкекке келээрим менен гезитке "Улуу тоонун улукманы " деп жазып, министрликтен сыйлык сурап кат жазайын сизге десем караманча каршы болду эле жарыктык киши.Мен сыйлык үчүн иштебейм, эл үчүн иштейм деп.Чынында ушундай бир касиеттүү киши эле. Мен Зуридин агам жөнүндө китеп жазсам да аздык кылаар. Анын улукмандык касиети тээ түпкүрдөн дээринде бар эле. Анын түпкү бубасы Тынымсейит ажынын да улукмандык касиети болчу экен. Будалыкта төрөлүп, Сопукоргондо көз жумган уникалдуу врач, хирург, терапевт, педиатр,кардиолог,уролог, невролог, акушер сыяктуу туубаса кереметтүү, эң жакшысы кудай сүйгөн касиеттүү дарыгер менен бүгүн Алай эли аны түбөлүк жайга узатышты. Мен Зуридин агамдын бейишин тилеп эскерүү жазып отурам.... Сүйүнбай үшкүрүгү булут бүркөт болуп!