Адигине атабыздын батасын алган сарттар уулу

Келип-келип эле санжыра уламыштарга такалабыз. Адигине атабыз чоң ордо оюнун уюштуруп той берип жатканда ага күмүш менен шөкөттөлгөн макини көтөрүп 12 жаштагы боз улан келип, дайнын айтат. Адигине атабыз ордунан тура калып, баланы кучактап өөп, жанына төргө отургузуп алып сүйүнгөнүнөн жашып да кетет. Тойду башкарып жаткан туугандарын, балдарын өргөөгө алдыртып мындай баяндуу окуяны айтат.
Бул менин жоокерлик жүрүштө жакам агарып, көңүлүм тазарып жүрсүн деген тилекте Кашкарда сарттардын бир байынын кызына нике кыйдыртып, ал боюнда калганда согуш бүтүп, Алайга кайтаарында ушул макини жаш аялына берип:
- Эгер эркек уул төрөсөң ал он жаштан ашканда ушул күмүш макини көтөрүп мени издесин – дейт. Мына ошол Адигине атабыздын аманатын аткарган өз канынан жаралган уулуна ак бата берип, эли-журтуна “бул уулум той болсо төрдө отуруп, улуу устуканды алсын, согуш болсо согушка аттанбай, журт конуш кайтарып аман жүрсүн” деп туугандарына, балдарына аманат- өтүнүч кылат. Айтылуу Алайдагы мүрөк суулардын мекени болгон Терек-Өрөөнүн сарттар уулуна ыйгарат. Бир чети Терек-Даван аркылуу Кашкарга оңой каттап тага журтунан да кабар алып турсун, эр жигиттин пир журту тага журту болот деп айткан экен. Адигине-сарттар Терек дайрасынын боюн бойлоп жашап, анан дагы Улуу Жибек жолунун тоому, азыркы Сопу-Коргонго рават ордо уюштуруп, анын башчысы кылып сарттар уулун бекиткен. Бул жер илгери Кара-Калаа же Терек-Чаты деп аталганын укканым бар эле. Алай элинде той-топур болгондо учаны сарттарга тартуу кылган сый-урматты кечээ кийинкиге чейин тоокелер, олжокелер, эр көкчөлөр, бакалдар аткарып келишкен. Адигине сарттар деп айтылышы да өзүнчө окуя, Кашкардан кайтаарында уул болсо атын Адыгине деп менин атымдан чакырып жүр деген экен. Ал эми Адигиненин башка уулдары атабыздын сарттар аялынан төрөлгөн бала деп ооздору Адигине деп атай алышпай тергеп жүрүп, Сарттар деп аталып кеткен. Ал дагы ошого макул болуп өзүн Адигине сарттар деп атап алган. Ошондон ушул күнгө дейре Адигине сарттар деп аталып келет.
Илгери сарттардан Карамерген деген төкмө болуп, ал Токтогул Сатылганов Алайга келгенде “Туурукка барып туруп калган сарттардан, Кетмен-Төбөгө кетип келбей калган сарттардан, Кайырмага барып кайрылбай калган сарттардан, Алайда калганыбыз ушулар деп ырдаган. Сарттардан тараган төбөй, оштук, кашкар, катаган, аяндар, туумачар, кызылбай, кузгун уруктарынын тың чыкмаларын топтоп Токтогул менен тааныштырган. Сарттардан тарагандар учурда Кытайда, Тенир-Тоодо, Чүйдө, Кетмен-Төбөдө, Өзгөндө, Папанда жашашат.
1957-жылы акын Токтогулдун кызы Гүлсара Сопу-Коргонго тууганчылап келип, өздөрүнө тууганчылыгы жакын Нылы, Чоко дегендер менен жолуккан. Сопу-Коргондогу сарттар кыздары Буруш, Бурулкан, Кадибү дегендер Гүлсарага белек тартуулап, сый уюштурушкан экен. Андан Теректеги Сары-Күчүк жайлоосуна Абдыкар деген аябай бай адамдын жайлоосуна 15 күн өргүп, эс алып кайткан. Ошондо Гүлсара мен түпкү туугандарымды таптым деп сүйүнгөн. Ал ошол учурда Нылынын ырларын жаздыртып алып кеткен. Алайдан кеткенден кийин он күнгө жетпей Фрунзеде оттун түтүнүнө ууланып өлдү деген кабар угулган, анын өлүмү киши колдуу болгон деген кеп эл аралап жүрөт. Гүлсарага бир боорундай боор толгоп, анын күтүүсүз өлүмү бизди теректик кыз-келиндерди аябай кайгыга салган деп эмгек ардагери, коммунист аял Пайзан Абакирова эженин айтканын укканым бар. Жакында Токтогулдун 150 жылдыгынын салтанатына Кетмен-Тобого барып катышып келген Эркин Ыбышов агайымдын “Токтогулдун урпагымын “деген ырына Айдарбек Белекбаев обон салып, бул бактылуу ыр гала-концертте ырдалганына жетине албай кубанычта болдук.Мен торолгон кундон тарта Теректин замзамдай тунук суусун ичип,анын молтур тунуктугунан эргип эчен ирет жакшы кыялга батып сырдашып,илхом алып шыгым ойгонуп далай очерк,эссе,ырларды жаздым.Теректин суусу чыгармачыл адамга канат-бутак,эргуусуно дем,жан дуйносуно сулуулук тартуулагандыгы да ырас.Акын Эркин Ыбышов жазгандай:”Бейиш тору,кутмандуу жер Терегим,Тируулукто колдоп журчу тирегим”-демекчи Теректиктердин бейнесин суротто,даназалоо мен учун да сыймык жаратаары турган иш.
Эмесе сарттардан тараган Кыргызстанга, Алай элине белгилүү тарыхый инсандардын тизмесин окурмандарга сунуштап койгум келди.
1. Кашкатай баатыр. Калмактарды Кашкардан сүрүп чыкканда аскер башчы болгон.
2. Кара мерген төкмө акын болгон.
3. Атамбек бай (Бул киши тууралуу Токтогулдун ырлары бар)
4. Токтогул Сатылганов – демократ акын.(Теги алайлык сарттар уруусунан)
5. Елебесов - кыргыз элинин тунгуч Агартуу министри.(Теги алайлык)
6. Жоомарт Бөкөнбаев – акын(Теги алайлык)
7. Сопу-Кароолбек – Сопу-Коргон ордосун башкарган.(Кокон хандыгы учурунда отуз жыл башкарган)
8. Базарбай балбан – Кашкар, Ооганга чейин атагы чыккан балбан болгон.Заман ачаарчылык убактарда Кашкар тараптагы байлардын уйур-уйур малын айдап келип элди,туугандарын багып,ачаарчылыктан аман сактап калган.
9. Нылы кыякчы – элдик күүлөргө айланып кеткен күүлөрү бар.Мисалы,”маматали мергендин арманы”-аттуу куусун угуп калгандар мыкты куу болчу дешип эскерип калышат.Ал Москвадагы Эл чыгармачылыгынын декадасында Сталин ордени менен сыйланган.
10. Аширов Мурзаматов-санжырачы. Илимпоз Абрамзон Ленинграддан келип жолугуп санжыра айтымдарын жазып алган.
11. Жээнтаев Жунусалы – санжырачы Илимпоз Абрамзон атайын Жунусалы санжырачы тууралуу китебине жазып киргизген..
12. Досмамбетова Жамал – санжырачы, акын.
13. Эрматов Абилла –Сталин атындагы миллионер колхозунун раиси, орден-медалдардын ээси.Айтылуу Раззаков,Кулатов сыйактуу Мамлекеттик ишмерлер таанып-баалаган жетекчи эле.
14. Назарбаева Бермет – Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, Ленин орденинин ээси.
15. Султанов Кадырмамат – Социалисттик Эмгектин Баатыры,бир нече орден-медалдардын ээси,Терек айылында мектепке анын ысымы ыйгарылган.музейи тузулгон
16. Султанов Абдыразак – советтик, партиялык жана мамлекеттик ишмер.
17. Белекбаев Келдибек – мамлекеттик ишмер,чыгаан экономист,бир нече сыйлыктардын ээси.Алай айылдык кенеши учурда Белекбаев Келдибектин ысымында
18. Кадыров Аскар – СССР соода ишмери.
19. Кадырбеков Чомо – Советтик сооданын отличниги.
20. Султанов Өзгөрүш – ак дидар инсан, маданий агартуучу
21. Усманалиев Мати – Россия, Кыргызстан, Ооган өлкөлөрүнүн сыйлыгын алган адам.
22. Чокоев Акиш – куудул.
23. Жунусалиева Анипа – акын,китепканачы.
24. Эрматова Кадыбү – легендарлуу китепканачы
25. Ыбышов Эркин – акын, комузчу,Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мучосу,Буткул Союздук фестивалдын лауреаты.Кыргыз тили улуттук комиссиясынын Ардак грамотасынын ээси, Агартуунун отличниги, Токтогул эстелик медалынын ээси.Кыргыз Республикасынын Маданиятынын ардактуу кызматкери наамынын ээси
26. Абдыкалыков Тажибай – депутат, ордендүү топозчу.1981-жылы Кыргыз ССРинин 17 партиялык сьездинин делегаты,1956-жылы Москвадагы ВДНХнын айыл чарба коргозмосуно Алай жаштарынын атынан делегат болуп катышкан,1985-жылы Чехословакия мамлекетине тажрыйба алмашууга барып,баалуу белек менен сыйланган.Эки ирет женил машина сыйлыгынын женуучусу болгон,Алай топоздорун асылдандыруу багытында иш-тажрыйбасы кошуна олколорго жайылтылган,атактуу комузчу,залкар куулорду чертет,санжырачы,Алайдын тоолорунда арчаларды думуру менен жулкуп мойнуна артып тоодон ылдый судуроп келген атактуу балбан-отунчу.Нурманбет чон атасынын,Абдыкалык байдын салган копуролорун машине откудой бекемдетип ондотуп-тузотуп турат,ушул копуродон откондордун сообобу тийсин деп кээде элге кой союп куранокутуп койгон адамгерчилик сый урматы да жогору.
26.Нурманбетов Абдыкалык-Сталинден ыраазычылык кат алган айтылуу тарыхый инсан.Улуу Ата мекендик согуш жылдарында Абдыкалык бай Кызыл Армиянын эсебине 30мин рубль,30мин заем взносторун накталай банкка салып Москвага бул боюнча телеграмма жоноткон.Ошондон эки ай убакыт отуп Сталинден ыраазычылык кат келет экен.Мында ан сайын шыктанып Абдыкалык бай Сопу-Коргон ооруканасына,балдар уйуно эки тонна буудай тапшырат,жыйырмага жакын кой,отузга жакын улак этин тапшырат.Ошондон эл арасында Абдыкалык бай деген лакап аты пайда болот.Абдыкалык Терек дарыясына жыгач копуро салган,ошол учурда Абдыкалыкка олуя-кызыр жолуккан деген элдик уламыш айтылып журот.,Анын атасы Нурманбет дагы жоломолуу,олуя адам болгон экен.Абдыкалыктын касиеттуулугу анын атасынан оошкон касиет болгон.1958-жылы Сары-Кучук жайлоосуна Токтогул Сатылгановдун кызы Гулсара келип Абдыкалык атанын уйундо мейман болот жана ал Токтогул менен Теректиктердин байланыштарын жазып кетет.Теректен наары Кок-Сууга чейин Гулсараны коштоп барганы эмгиче айтылып келет.
27. Оморов Жолдубай – ордендүү чабан,Алайдагы эн нускалуу ак эмгектуу адам болгон.
28. Ысаков Абакир – уучу, мергенчи.
29. Дүйшөев Капалаң – уучу, мергенчи
30. Максүталиев Абдаз – согуштун, эмгектин ардагери, башкарма, Терек элинин эң нарктуу инсаны, “Ашар” кыймылынын негиздөөчүсү.
31. Арзыбаева Гүлсүн – Бүткүл дүйнөлүк Аялдар конгрессинин делегаты.Согуш жылдарында партиянын Алай райондук комитетинин учунчу секретары,райондук аялдар советинин торайымы болгон.
32. Бодоева Буруш – коммунист, ордендүү сатуучу.,жаш кезинде ат оюндарынын чемпиону болгон,бир нече ирет энишке тушуп,район,облустта кыз-келиндер арасында чемпион болгон.
33. Абдазов Жаныш – Саламаттыкты сактоонун Ардактуу дарыгери, “Ош-3000” эстелик медалынын ээси.
34. Жолдубаев Кушубак – Кыргызстандагы эң мыкты учук дарыгери.
35. Кабылов Максатбек – акын,”Эстелик”китебинин автору,анын созуно жазылган обондуу ырлар бар.
36. Ибраимова Анипа – акын, манасчы.
37. Бекиев Амангелди – чек ара кызматынын отличниги, Афган согушунун ардагери.
38. Бегалиева Толкун – акын, сценарист,Эл агартуунун отличниги,Кыргызстандагы эн мыкты адабиятчы мугалимдердин бири,Улуттук Тил коммиссиясынын,Кыргызстан Аялдар конгрессинин,Эл аралык Балдар фондунун,Ош 3000жылдык мамлекеттик дирекциясынын сыйлыктарынын ээси
39. Бекташова Анаркан – санжырачы, акын.
40. Кулов Абдраман – Ленин ордендүү депутат чабан.
41. Ормонова Кенжебү – акын, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги.
42. Усманалиева Марипат – акын, укук коргоочу.
43. Машаев Токтогул – инженер-прораб.
44. Максүтов Буркан – “Алай” совхозунун эң мыкты эсепчиси. Патриот инсан, аксакалдар кеңешинин төрагасы.
45.Кадыров Ыбыш-Эмгектин жана Согуштун ардагери,бир нече медалдардын ээси,ал согуштан келгенден кийинки оор жылдары мергенчилик кылып,элин баккан,анын Сопу-Коргондогу Жениш аянтында орнотулган эстелигинин ачылышында катышып,жалындуу соз суйлогонумо кубанычтамын.Уулу Эркин агайдын атасынын жаркын элесине арнап жазган мазмундуу тарбиялык ырлары бар.
46.Кадырова Сара-Баатыр эне, чебер –уз аял болгон,анын жасалгалаган ак оргосу бир нече ирет женуучу болуп сыйлыктарга арзып турган.
47.Кадыров Назарбек-Советтик сооданын отличниги,коомдук жана мамлекеттик ишмер.
48.Максутов Али-балбан болгон,бир нече ирет куроштордо женуучу болгон.
49.Маматов Исмайыл-Терек,Кок-Суу аймагындагы эмгектин дулдулу болуп Союздун сыйлыктарына арзыган адам болгон.
Маматов Арин-Султанов атындагы орто мектебинде ак дидуу мугалим катары элдин сыймыгы болгон.
50.Маматова Кыздаркан-Бишкектеги мамлекеттик кызматтарда зиректиги жана зээндуулугунун аркасында татыктуу иштеп келе жаткан билимдуу айым.
53.Белекбаев Айдарбек-обончу жана аткаруучу.
54.Абдыкалыкова Курманбу-Терек,Сопу-коргондун сыбызгы торгою.
55.Токторбаева Улен-Терек,Сопу-Коргондогу патриот,мекенчил кыздардын бири.Энергетика тармагындагы жогорку билимдин ээси.
54.Кудаш балбан-Тай торпоктой кок жал карышкырды муунтуп олтургон,Теректеги Чон-Белден аргымак атты басмайылдан мойнуна артып которуп откон.
55.Байкулу жылкычы-Курманжан датка энебизди биринчи никесинен качып келе жатканда артынан тушкон куугунтуктан аман сактап калган эр журок адам болгон.
56..Сара байбиче-Курманжан датка энебизди катуу сыркоодон айыктырып дарылаган умай эне болгон
57.Батай эне-белимчи,кезегинде Катуу-Багыт менен Теректи байланыштырган касиеттуу эне болгон.
57.Улуу катын-айтылуу Бердике берен баатырдын энеси,торкуну адигине сарттардан болгон.
58.Сарык балбан-токойчу,улакчы ,ал Терек-Даван аркылуу кербенчилерди ашуудан аман-эсен откоргон балбан болгон.
59.Мамбет балбан-Бул жалгандан туягы калбай Кожомкулдун ташынан чон ат которгус ташты Дарбаза капчыгайына колу менен которуп ары-бери каттаган кербенчилерге менден эстелик таш болсун деп арманын айтып орноткон экен.
60.Кенчим баатыр-Мезгилинде калмактарды суруп чыгууда корсоткон эрдиги учун Алай,Памир,Кашкар аймагында легендага айланган баатыр болгон.
61.Сейитбек чечен-Анын калыс,акыйкат суйлогонунон улам казылар,мин башылар да тайсалдап турушкан.Жомокчу,санжырачы болуп,созду жамактатып суйлогондуктон эл-журт ага Сейитбек-чечен деп лакап атты ыроолошкон.
62.Калы балбан жана мергенчи.Калы балбан аткан текелерди мойнуна артып которуп келип бей-бечераларга шыралга таштап аларды баккан айрыкча кайрымдуу киши болгон.
63.Орозобай олуя-Улуу Жибек жолдун кербенчилери ары-бери каттаганда Теректин-Даванынан аман-эсен отуу учун Орозбайдын кенешин,олуялыгын угуп анан жол кезишкен.
64.Мамак уста-Алайга аты чыккан айтылуу темир,жыгач уста болгон,анын касиети баласы Нышанбай агайга ген аркылуу жуккан десек да туура болот.Мамак устага Токтогул акын жолуккандыгы да айтылып журот,ал акынга комузуна темир капкак жасап берген экен.Негизи Мамак уста билимдуу молдо болгон.
65.Кудайназаров Ормон-Нукура кыргыз пейили менен эл арасында аброю,нарк-насили жогору салабаттуу адам, саябандуу санжыра айткан.Уул-кыздарын мыкты тарбиялаган жана узак жылдар бою Теректиктердин Бакай акылманы болгон.Саада пейилуу,кудайкой,текши адам болгондуктан эмгиче эл ичинде легенда болуп эскерилип турат.
66.Атаканов Келдибай-Айтылуу “Алай” совхозунун Кок-Суу аймагын даназалап,сыйлыктарга, медалдарга эгедер адам.
66.Абдрашит эсепчи,Сары-Могол совхозуна Теректиктерди жайгаштырууда озгочо эмгек отогон,кучтуу эсепчи-бухгалтер,экономист катары эл арасында кадырман адам эле,ал жаш кезинде абдан курч болгон,элуунчу жылдары “Алайдын Бериялары”- деп тайманбастан чогулушта чондорго сын айткан
67.Максуталиев Убанкожо-Адигине санжырасын жатка билген нарктуу адам .
68.Беделов Бекмамат-Теректиктердин улукманы,Алайдагы дили таза
билимдуу фельдшер.
69.Исаев Эргеш-Куйма кулак,жомокчу жана санжырачы адам.,Анын табыпчылыгы,чоп дарыларды терен изилдегени да анын кереметтуу адам экендигинен кабар берет.
70.Рахманов Теше-айтылуу санжырачы,ак батакой адам.
71.Дооронов Машай аксакалдын энеси Айкан эне 25(жыйырма беш) бала торогон,окунучтуусу алардын арасынан бир гана Машай деген уулу аман калган
72.Белекбай деген киши азыркынын тили менен айтканда башы компюьтер болгондугу айтылат.
73.Акай деген киши чыныгы эсепдаана болгон,ал омурунун эн сонку мунотторун эсеп жадыбалын айтып олтуруп каза болгон.
74.Кубат молдо-Папан тараптан Терекке ооп келген абдан касиеттуу молдо болгон, ал арабча кат тааныган.
75.Максутали – жалпы Алай элинде кадырлуу адам болгон.
76.Азимкул калпа-чилде тушкон кундон тарта эч кимге корунбой тоого чыгып кетип,элдин эсенчилигин тилеп касиеттуу дубаларды кырк кун тынбай окуган адам болгон,Ал мунушкор катары да атактуу болуп,тынар,буркут,улар кармаган.
77. Орозбай бай-Алай,Кашкарга таанымал атактуу бай болгон экен,анын жылкыларынын эсебине эсеп жетчу эмес дешет ,анын уулу Жусу дегендин ак дили Терек дайрасындый тунук,таза болгон деп элден угуп калгамын,анын уулу Толон Жусуев узак жылдар бою “Алай”совхозунун эн алдынкы айдоочусу катары Теректиктерди алыскы жайлоолорго Нурага,Кок-Сууга,Алай жайлоосуна жукторун ташып эли-журтуна ак кызмат отоду
78.Кыпчакбаев Жолдубай-Теректиктердин атактуу комузчусу,дастанчысы,анын жамактатып айткандары эмгиче эл арасында айтылат.
79.Косон балбан- аш-тойлордогу кыргыз куроштордун бир нече жолку женуучусу.
80.Жунусмамат балбан-Алайдагы атактуу базганчы,темир уста болгон.
Маматай калыс-эл арасында урушканды жараштырган,акыйкаттуу ак суйлоон адам болгондуктан ар кандай талаш-тартыштарга аны чакырып турушкан,жумурай журттун кадырманы болгон.
81.Сатыбалды тегирменчи-Теректеги кайрымдуу адам болуп,кала акысын жетим-жесирлерге таратып берген.
82.Жайлообай-дили таза ымандуу молдо болгон.
83.Бакир молдо-ислам маданиятын элге-журтка жайылткан молдо,ал Мурдаштык атактуу Максым атанын жакын досу болгон жана андан таалим алып турган.
84.Аамат мерген-Теректин тоолорун ашып Кытайдын тоолоруна чейин кийик калтырбай аткан айтылуу мерген
85.Кул мерген-Мезгилинде анын данкы далайга тараган,Бор-Добо тоолорунда аюу менен крмашкан балбандыгы да айтылат.
Сарыбашев Тото-“Алай”совхозунун эн алдынкы автослесары болгон.
86.Бакиров Тынчыбек-Талды-Сууагы комур кенин изилдеп ачып,бороондуу Алай жергесине жылуулук тартуулаган ишкер адам.
71.Карамергенов Осмонали-Терек айылында эн биринчи болуп Бухара жасалгасы менен там салган. Аны оз эрки жана ынтызарлыгы менен Ликбезге тартуу кылган. 1920-жылдары айылга мектеп имараты катары пайдаланышкан.Демек Кыргызстанда эн алгачкылардан болуп билим алууну,сабаттуулукту колдогон адам болгон.Ал кезегинде Теректе рават тамын куруп,ары-бери каттаган кербенчилердин туноп оргугон эс алуучу уйуно айланган. Кербенчилер ыраазычылык иретинде Кумуш карапа берип,анын ичине алтын дилделерди толтура жыйнап,анысын Андижан,Коконго чейин барып пулдап аябай байыган экен.Ал уйлонгон учуру да кызык болуптур.Балбан кыз алам деп жар салдырып,акыры чол тараптан уйдун мойнун кайрыган кыз бар деп данкын угуп атайы издеп барып уйлонгон дешет урпактары. Осмоналы олуядай киши болгон дешчу карыялар,ошону менен бирге аны орус Османаалы дешчу.Анткени ал эн биринчи болуп Теректеги Кызылга картошка капуста айдап остургон экен.Жакын тууганы Кадырмамат экоо Андижандык кыргыздарга ордо ойуну боюнча барышып чуко атып аларды женип алышат.Ошол ордо оюнунда Осмонаалы черткен ашык ордо талаасынан алыс кетип жоголуп кетет,таппай калышат.Муну толго тутунган Осмонаалы менен Кадырмамат чукону эл кеткенден кийин издешип олтуруп бир чункурчадан таап алышат.Ошол чункурчага бир нерсе комулгонун байкашып ачып корушсо бир чон карапаны таап алышат,ал кумуш кумган болуп анын ичинде толо кумуш.алтын тыйындар бар экен.Аны акчага Андижандан айырбашташат да тен болуп алышат.Акчага Осмонаалы мал,буюм жана азыктарды алат экен . ал эми Кадырмамат мен окуп адам болгум келет деп китептерди сатып алган тура.Айткандай эле Кадырмамат Султанов окуп билим алып кийин СССРге чейин таанымал адам болбодубу.Ошондуктанбы сарттар туугандардын ичинде Кадырмаматка Осмонаалы кыдыр болгон деп айтылган себеби да ушундан болсо керек.

Комментарии

  • 24 янв 2019 08:04
    Токтогул Сатылганов теги Теректен болобу?  Токтогулга кандай себептен барып калган? Токтогул Атабыздан эч кандай урук жок делет, анан Гулсара деген бар депсиз. Толук маалымат бере аласызбы?
  • 24 янв 2019 08:33
    Алайдын башка Адигинеден таркаган урууларынан маалыматыныз болсо жазсаныз.
  • 24 янв 2019 14:35
    ФотографияФотография
  • 24 янв 2019 16:07
    Суйунбай аке памятыныз азыркы флеш карта.Сизге чоон рахмат,ден соолук каалайм,ушул инсандардын арасында менин аваларым эжелерим бар экенине сыймыктанам.
  • 24 янв 2019 16:09
    Тарыхий маалыматтарынызды калтырбай окуйбуз,рахмат сизге.
  • 25 янв 2019 08:27
    Суке сен анык архивсин да сага чоон таазим , билсе да айтышпайт кээбир адамдар сен бизге окшогон адамдар маалыматты  жеткирип турганын ото чооң эрдик эч качан ооруба аман бол өмүрүнө АЛЛАХ береке берсин , кийинки муунду жазбапсын го азыр деле САРТТАРДАН АТАКТУУ ИШМЕРЛЕР  көп
  • 25 янв 2019 21:06
    Суйунбай ака сизге ден соолук алайдын жаштарына тарых танытканынызга
  • 26 янв 2019 09:01
    Сүйүнбай агабыз Алайдын энциклопедиячысы го чиркин.