Кош бол, Батыш агай!!!

Урматтуу Мелис мырза! Ата өлмөк мурас деген сөз менен баштагым келип турат. Кайрат кыл, билем сен азыр жүүнүң бошоп жүрөгүң сыздап турат! Бул суук кабарды угуп, агайдын жанда жок ак пейилин эстеп кайгырып алдым. Атаңды сакайтып алам деп сенин жан алакетке түшкөн ак үмүтүңдүн аткарылбай калганына боор толгоп уул деген болсо сенче болоор деп сага таазим кылдым. Атакең акыретте ажайып мээримдүү апакеңе Самарбү эжеге кетти, ылайым эми акыреттик жубайлар бейиште жетелешип жүрүшсүн! Умарходжаев Баатырбек агай мен билгенден айтылуу Токтогул мектебинде кырк жылдан ашуун класс жетекчи болгон.Классындагы ар бир окуучусу менен өтө ынак,сырдаш эле.Анын класс жетекчилигинде кеминде алты жүз окуучусу болгон. Ошол алты жүз окуучусунун ар биринин балалык альбомунда Батыш агайдын жок дегенде выпуска сүрөтү бар болсо керек. Тарбиячы мугалим катары ар бир окуучусунун жүрөгүндө бекем сакталаарына ишенемин.Агай физика сабагынын атасы жотосу эле десем жаңылышпайм. Токсонунчу жылдардын башында Батыш агай окмуштуулар калыстык кылган Кыргызстандын биринчи педчтениясында физика сабагынан докладда биринчиликти ээлегендигин эстедим. Канчалаган окуучулары физика сабагынан райондук, облусттук олимпиадаларда жеңүүчү болгон. Ушунчалык окумал, эрудициясы мыкты билимдүү мугалим эле.Коомдук иштердин авангарды эле. Бир тууган эжеси парторг, легендарлуу Санталат Умарходжаева жана бир тууган агасы атактуу директор Тапык агай болсо да эч убакта аларга таянып бой көтөрбөйт эле, өз күчү жана билимине таянып, карапайым иштерман мүнөзү менен иштеп өттү. Анын класс жетекчилик сапатын баалашып дайыма 9-10-класстарга жетекчиликти тапшырышаар эле.Классы менен чогуу походко чыгып,киного барып, пахта-чөптө алар менен айлап чогуу жүрчү. Ар кандай кечелерде, КВН, сынактарда алар менен чогуу ырдап эле жүрчү. Менин кызым Чолпонайдын да класс жетекчиси эле.Ошондо агайдын ата-энелер менен да ынак экендигин байкадым эле. Бүтүрүүчү класстарынын акыркы коңгуроолорунда аларга каалоо-тилектерди айтып доошу каргылданып толкунданып ыйлап да жиберет эле... Мелис иним, сенин атакеңдин өз баласындай болуп калган эсепсиз окуучулары эч качан агайын эсинен чыгарбастыр...

Комментарии

  • 24 янв 2019 06:15
    Агайдын жаткан жери жайлуу болсун
  • 24 янв 2019 06:27
    менин класс жетекчим эле жаткан жери жайлуу болсун,бейиштен орун берсин Аллах!
  • 24 янв 2019 07:31
    Жакындарына уул кыздарына САБЫР бейиштен оорун берсинАЛЛАХ
  • 24 янв 2019 16:14
    Атамдын апамдын агайы,жаткан жериниз жайлуу болсун
  • 24 янв 2019 19:38
    ААЛАХЫМ жаннаттан жай  бейиштен оорун  берсин  кабырларын кен кылсын.
  • 24 янв 2019 19:38
    ААЛАХЫМ жаннаттан жай  бейиштен оорун  берсин  кабырларын кен кылсын.
  • 24 янв 2019 21:02
    Жаткан жери жайлуу болсун
  • 24 янв 2019 21:26
    Жаткан жери жайлуу болсун,жаны жанаттан болуп бейишке чыксын,бул киши аябай жонокой,боорукер,ачык киши эле,Жениш Султановдун балдары Жана кызы ,мен Айша эже терен кайгыруу менен бала чакаларына конул айтабыз.:'(:'(
  • 25 янв 2019 00:58
    бейишин берсин
  • 25 янв 2019 08:21
    Жаткан жери жайлуу болсун
  • 25 янв 2019 09:24
    Бейиштин торунон орун алсын
  • 25 янв 2019 17:19
    "Өмүр бизден өтүп кетсе,эл эмгектен эскерет "демекчи Батыш агай ак көңүл, күчтүү физик болчу өзүнүн мыкты сапаттары менен окуучуларынын эсинде сакталат деп ойлойм! Жаткан жери жайлуу,топурагы торколуу болсун!
  • 25 янв 2019 21:20
    Бейиши болсунжакындарына сабыр берсин Аллахым.
  • 8 фев 2019 06:27
    Бардык жакындарына конул айтам.Агай менен чогуу иштешип калдым эле,бироого жамандыгы жок,ак конул киши болчу,Самар эже аялзааданын кыйыны болчу,азыр айылга барганда дагы апам,ыраматылык Самар эженин чукугандай соз тапкандыгын,аябай тазалыгын,тыкан-мээнеткечтигин,эн жакшы эне болгондугун аныз кеп кылат.Айла жок,откондорду кайрый албайбыз.Агай бейиште болсун!!!
  • 9 фев 2019 20:37
    Рахмат силерге аллах разы  болсун