Каңтар мезгил...

Пешенеме токсон менен чилде мертине баштады.Каңтар келиптир ... Ушул кышта жука плащ куртка менен эле жүрдүм. Аязды аяз,кардын башын кар эритет каңтар келгенде. Каңтарып жер айдайм дешчү.Узун сарыга сары май каңтарам дешчү. Каңтардын каары күнгө жылыды дешчү.Каңтар күндөрү кой-эчки тууй баштайт эле. Каңтар күндү узартып, жүрөктү жумшартат дечү раматылык атам.Каңтар аңтар, теңтер...Каңтарда төрөлгөн ымыркай чыйрак болот. Бүгүн, кызым Теле-Пеле туулган күн. Кичинекейинде Телегей тентек кезинде "Вечерный Бишкек" гезитинин байгесин утуп, кыска аралыкка жүгүрүүдө таанымал болду. Андан соң кыздардын республикалык футболдук командаларында ойноп Кыргызстандын намысын коргоп Теле-Пеле аталды. Кийинчерээк кыргыз кыздарына крыша болуп уйгур, орус кыздар менен катуу тирешти. Анан спорттун башка түрлөрү менен машыкты. Азыр эки жылдан бери мени багып аткан кызым ушул Теле-Пелем! Үч баланын энеси болду. Бактылуу бол, өмүрлүк шеригиң Мир менен бактылуу бол кызым! Каңтар күнү төрөлгөндөр чыйрак болот дешет экен. Бүгүн Футболисттерди эл-журт куттуктап бүгүнкү күндү майрамга айлантышууда. Бул окуя сен чемпион болгон футболдун тарыхы.Сенин туулган күнүңө белек болду кызым!

Комментарии

  • 25 янв 2019 18:07
    Кызыңыздын  туулган күнү кут болсун!  Ден соолугу чың, өмүрү узун, келечеги кең болуп, жароокер жар, мээримдүү Апа болуп, уул кыздын урмат сыйын көрүп, бактылуу өмүр сүрүшүнө тилектешмин!
  • 25 янв 2019 19:09
    Сүкө кызындын кызматын көрүп узааааааак жаша бар бол бай бол
    Фотография