100 комментарийге кошулуп 100 эсе ак тилектер келди....

Мен ооруганда приступ кармаганда, демиккенде, муун зырылдатканда, сөөк какшатканда, тамыр тырышканда, жүрөк өксүгөндө, көңүл чөктү депрессияда, бөйрөк тырышканда, тер чарчыганда, ооз кургап, көз караңгылашканда, шишигенде , калтырап-титирегенде сиздердин ак тилектер мага кадимкидей шыпаа болот. Көздү бекем жумганча дароо ар бириңиздердин ак батаңыздардын касиетин сезем.Шыпаа табылаар тилектер. Мен үчүн табылгыс байлык,кенч,дем, жөлөк экенин сезет бекенсиздер...Үч күн болду, эсеби сексенге жакын карыялардын ак батасын алдым. Орус,корей,казах жана кыргыздар ... Тыйынчычкандар, парандилер да мага тилек айткандай сүйүнүп отурам... Жүрөк төрт секунд токтоп кайра иштеп кеткен учурда.... бир кылымга тете аян, түш алып үлгүрөт экенсиң.... Кан кара кочкулуна айланып, кан тамыр качып ийне албай калгандан, кеми он, он төрт саатта тамчылап бүткөн капельницаны алып бүткүчө бүтүндөй өмүрүң өтүп кеткендей үшкүрөсүң.... Кан басым ордуна келгенче, диабетиң оосарланбай, үшкүрүгүң булутка айланбай, көз жашың селдей акпаса ошол бакыт... эл менен коштошуп да, неберелеримди өөп алайын деп далай өзүмдү даярлаган жерден сиздерден кагылайын досторум.... касиеттүү тилектер келе баштайт... Мен өзүмдү текшерип атам... аңдып күмөнсүп атам.Өзүмөн өзүм шекшип атам.... Чыйралуум,ниетти түздөөм керек экен. Үч күндөн бери узак аралыкка каттап, акырындан жарым жартылай жанды адаштырып , оо илгерки жөө күлүк Сүйүнбайдын изине түшкүм келип жүрөгүмө үмүт шаа байлап... Мен эми оорубайм, оомат таптым!!!

Комментарии

  • 26 янв 2019 04:25
    gif
  • 26 янв 2019 04:47
    Суйунбай айыгып кет уй булоон учун бар бол ар дайым
  • 26 янв 2019 04:47
    Неберелеринди жетелеп журо бар!
  • 26 янв 2019 06:24
    Айыгып кетиниз.....
  • 26 янв 2019 08:50
    Жаратканым өзү жар болсун! Алла Таалам шыпаасын берсин! Жаз мезгили жакындап калды, үмүттөр, ниеттер, тилектер орундала турган мезгил. Сиздин да тилек ниеттериңиз орундалып, Жаратканым ак тилектериңизди кабыл кылсын!
  • 26 янв 2019 09:22
    Тилегинизге жетип,коп жашаныз,небере,чобуролорунуздун жакшылык кундорун корунуз,Аллахым шыпаасын берсин,оомийин
  • 26 янв 2019 10:04
    Алла Таалам шыпаасын берсин,айыгып кетиниз.Сиздин жазган создорунуз  адамды ыйлатат ,журокту сыздатат .Ушундай жакшы адамдар Сопуда,Теректе бар экен .Бала Чака,неберелериниздин алдындакоп жашап кубантып журо бериниз.
  • 26 янв 2019 11:38
    Кудайым шыпаа берсин,оорудан алыс , төрүңүздүн көркү болуп, байбичеңиз менен небере жытын искеп көп жашаңыз!
  • 26 янв 2019 11:50
    Досум оорубай айыгып кет буйурса Крымга б арып митридат тоосуна чыгабыз кара денизге тушуп
  • 26 янв 2019 19:23
    Берегите себя...