Комментарии
- 1 фев 2019 11:56Эльза Нышанбаеватуугандар менен мамилени көп кылуу менен Аллах өмүрүбүздү узарат ин ша Аллах
- 2 фев 2019 07:10Акылай МакишоваТуугандын топурагы алтын дешет го.Туугандар аман болушсун.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Уулбай эжем менин!!!
Бүгүн күнү кечке эжем менен ардыкташтым. Туугандын турпаты алтын деген сөз ушул эжем-бир боорума куп жарашат! Уялашым, алтыным, карегим! Мен таарынып жүргөн туугандарымдын жакшы жагын айтып, менин жаш баладай таарынчаак мүнөзүмдү жоошутуп койду. Кечиримдүү бол деп тарбиялап үлгүрдү. Бир тобуна телефон чалдырып гумандуу жол менен элдештирип , мендеги ыза капачылыкты жууп салды.Сыртка чыксам жаан жаап жатыптыр, мендеги арман өксүктү,үшкүрүктү жууп кеткендей жеңилдеп калдым. Тууган адам жалынчаак, сагынчаак болсо анан туугандык сезим байырлайт жүрөккө дейт. Ооруганыңды милдет кылба дейт. Он сегиз жылдан бери басалбай жатсам да туугандын караанына жалбарып, аларга аманчылык тилеп отурам дейт. Сен канчалык капаланган сайын ооруң күчөй берет, кечиримдүү бол деп мага мастер класс өттү. Беловодскийден Бишкекке келгенче эжемдин акылына баа берип суктанып келдим. Таарынычтарды таштап келдим. Духум жетип бир тобуна телефон чалдым. Жүрөгүм тирек байланды. Илгери раматылык атамдын айткан сөзүн эстедим. "Тууганга жалынып тууган болосуң " дечү эле кайран атам! Бийиктикке карай жол салып койду эжем!