Кайдасын "Кыргызстан пионери ".....

1933-жылдын 1-февралы "Кыргызстан пионери" гезитинин жарыкка чыккан күнү. Бул гезит менин жашоомдогу ураан чакырткан символум сыяктуу эле. Он жашымдан бир сом төрт тыйынга бир жылдык подпискага жазылып почточу Кайнуса эженин гезит баштыгынан гезитим мага суурулуп келатканда күн кучактагандай сүйүнүп дароо окуй баштайт элем. Эртеси класста беш алаар Кадыров, Койчиев, Эргешбаев,Абдыракманова Акматова, Шариповалар математиканы семичкедей чагып атышса мен гезиттеги макала жомокторду классташтарымдын кулагына жадыбалдай жатка айтып тураар элем. Ошентип гезит мага пионер романтикасын биротоло энчилеп койгон экен. Гезиттен эчен дос таптым. Кат жазышып мектеп айылыбыз тууралуу мактанаар элем. Бешинчи классымда алгач макалам чыкты. Ошол күн бул чоң окуя катары бааланып эски гараждагы кароолчу атам балдагын ыргытып басып куттук айткан мугалим шоопур трактористтин баарына жууп бериптир. Мени Абдиев деген каардуу сүрдүү директор "Бөрүбаев азаматсын мектептин даңкын чыгардын, эми сен эстеликке салютка турасың "дегенде суйунгонумду айтпагыла. Жениш эстелигине чондордун же мугалимдердин балдары салютка турушаар эле.Ушул гезит мага балалыгымда чоң аброй тартуулады. Гезит менин жан досум болуп калды. Кийин мен гонорар алчу кезде классташтарымдын спонсору элем. Рашит татардын даамдуу ысык пирожкисин эки бара бирден бөлүп жейт элек го. Пионер вожатый болуп билимим жок туруп иштеп калганымдын пайдасы ушул гезиттин айдыны аркылуу болду. Сопуда, Мурдашта жана райондук пионер лагерде жети жыл катары менен улуу пионервожатый болуп иштеген учурда ондогон жүздөгөн пионерлеримдин жазган ырларын, этюддарын сүрөттөрүн пионер гезитке жиберчү элем. Дароо жарыяланчу ошондогу ар бир пионердин ийгилигине мектеп айыл боюнча кубанышат эле. Гумандуулук айкөлдүк ошол кезде мыкты экен эле. Пионер гезити жаш муундарды тарбиялоодо абдан чоң мектеп эле. Сентябрь айында мен ишембилик жарыялап пионерлерге сөөк темир бөтөлкө жыйнатып аны Рабкооп менен договор түзүп акча которууну көзөмөлдөп ата энеси жок же аз камсыз балдар үчүн акысыз подписка жаздырат элем. Анан райондук слет конференцияда диплом менен сыйланчубуз. Эчен пионерлерим гезитке макталып чыгышат эле. Мага гезит аркылуу СССРдин ал тургай Венгрия Болгария өлкөлөрүнүн пионерлери кат, открыткаларды жөнөтүп турушчу. Американын президентине тынчтык катын жөнөтүп,мында бир даңкыбыз "Артекке" чейин угулган .Менин эң сонун күндөрүм ошол эле пионердик иштерим экен. Айлыктын эң азын мен алат элем. Мугалимдер 150рубль алышса мен 85рубль алат элем. Бирок эң байы мен элем. Слет конференция турпоход деп Ысык-Көл, Фрунзе, Ошко акысыз келет элем. Республикалык вожатыйлар сынагында жеңүүчү болуп Крымга " Артекке", Москва Баку шаарларына пионер дворецтерге катышкан бактылуу учурлар эми деле мага сыймык эскерүү жаратып келет. Ошол жылдары мени билими жок деп эч бир текшерүүчү айтпайт эле. Фрунзеге гезиттин редакциясына келчумун. Алар мени даңктап университеттин ректоруна кат рекомендация жазышчу. Бирок пионерский атрибуттарды костерду ырларды менден эч ким сурабайт эле. Каяктагы баш айланткан суроо беришип мени экзаменден жыгып коюшчу. Осмонжан Абдылдаев, Сатыбалды Бакенов,МУЛКУБАТОВ деген журналисттер ректорго чейин менин талантымды айтышып гезитке чыккан суротторумду көрсөтүп турушса да "эмки жылы" деген жооп укчумун. Ооба, "Кыргызстан пионери" гезити кут даарыган даанышман гезит болчу.Муса Жангазиев, Шукурбеков, Мавлянов сыяктуу залкарлардын алтын өмүрү арналган гезит. Балалыктын бактысына тилектеш гезит эле. Кимде-ким бала кезде бул гезитти окуп, акыл билими өскөн замандаштарымды майрамы менен куттуктагым келди...Сүйүнбай эсселеринен

Комментарии

Комментариев нет.