Жамийла Жамийла!

Кыз бала болсоң да сен эр азамат экенсиң. Энени аздектеп карап бапестеп багып чоң парзыңды аткардың.Азия апа 92 жашка чыгып кылымга тете жашап чыныгы дүйнөгө сенин колуңдан акыркы өмүр суусун ичип кете берди. Азия апа Алайдын маликеси Курманжан датканын урпагы эле. Өңү-түсү чыйрак кайраты да окшош эле. Датка энебиздин тарых баянын Азия апа мыкты билчү. Тагдыр бактысы да Алайдын экинчи даткасы аталган легендарлуу раис, сельсовет Жибек Исаевага бир тууган келин болуу бактысы туш болгондуктанбы айтоор Азия апа туубаса ак сөөк зирек эле. Анын апасы Саипжамал айтылуу академик Муса Адышевдин бир тууган эжеси болгон. Азия апаны хан баргынын урпактары "Сулуу эжебиз " деп аташчу. СССРге даңктуу илимпоз Муса Адышев да Азия апаны өзгөчө урматтап, Алайга келген сайын жээнине белек тартуулап кетчү экен. Азия апа акыркы өмүр сааттарында да датка энебиз жана Алымбек датка тууралуу айтып сыймыктанып жүрдү. Гүлгакы Сейитова эжебиз анын эң чоң кызы, ал Москвада ГИТИСте окуп, Ош драм театрда иштеп жүргөндө эчен атактуу артисттер Азия апанын сыйын көрүшүп ыраазы болушчу. Кыш чилдеде Алайга апарып Сейит абанын, Жибек датканын , Төлөгөн, Асылбек, Түпа уулдарынын, Бүбайша кызынын жанына узаттың... Жаткан жери жайлуу болсун! Жамийла карындашым сага жана аяй эжелериме кайрат айтам. Ак батасын дилинен айткан энебиздин бейиши болсун!

Комментарии

Комментариев нет.