Шер-Алинин 17-кышы ...

Бейишке чыкса Үзөнгү-Кушту бербейбиз деп үзүлүп кеткен Шер-Алы акем чыккандыр деп ойлондум. Садагасы кетейин карапайым адамдар каңырыгыбыз түтөп чогулдук. Ошол мекенчил жанда жок патриот агабыз Шерали Назаркулов агабыздын баатырдык дух менен өлгөнүнө 17 жыл болуптур. Артында калган асыл туягы Азим 17ге чыгыптыр... Кайчы өткөн өмүрү өлбөптүр... Өлөөрүнө төрт күн калганда уулду болуп, ачаарчылыкта кыргыз жерин кытайга бербейм деп ураан чакырып ошол мезгилде түрмөдө чирип өлгүр Азимбек Бекна заровду түрмөдөн бошотулсун деп жуксуз бийликке акаарат келтирип , Үзөнгү-Куушту бербейбиз деп түзүлгөн комитеттеги мекенчил адамдарга акырына чейин тургула деп кан какшап айтып өзү жан берген улуттук баатыр агабызды эскердик. Акын кыз коомдук ишмер Сонунбүбү Эргешовна Кадырова окуган ырды жүрөгүбүз ыйлап уктук. Шерали Назаркуловдун шакирти сан эсеп нумеролог жазуучу Алмазбек Адишов инимдин "Оптимисттик трагедия " деген сыйлыкка тете китеби менен дагы бир ирет тааныштык, куштарландык... Мага да сөз беришти. Жүрөгүм ыйлап атканын эл сезди... Бүгүн келген эл арасынан Турсунбек Акунду,Азимбек Бекназаровду , Үзөнгү-Кууш комитетинин он беш мүчөсүн издедим. Бири да келбептир. Наалыдым, найныңдандым, туталандым.... аа гөр пенделер... Шер акемди унуткардыңарбы дедим. Бүгүн суйлөгөн эл саясат аралаштырып түтөштү... Мен курган Шерали акемдин бала кыялын, Асан Кайгылыгын, Акылдан азаптыгын, чыныгы мүнөзүн саймедиредим. Эл арасында ыйлап уккандарга баам салдым. Бейиште жүр элдик баатыр Шерали Назаркулов өлбөс мураапым!

Комментарии