Ар бир адам баласы жазуучу же акын болууга акысы бар.

Бирок ар бири өз орду менен, талант-шыгына жараша.Сөзсүз эле Жазуучулар союзуна мүчө болуу шарт эмес. Аттуу- баштуу жазуучу болуу тагдыр таалайына, дээрине, эмгегине жараша боло турган туубаса таланттын энчиси. Бүгүнкү учурда коомубузда жаралган талаш-тартыштарды окуп отуруп ушундай ойго кептелдим. Ооба, жаш калемгерлер аябай көп. Алардын жазгандарын окуп баданим эзилет.Көрөңгөсү тунук, сезимталдык эргүүсү дирилдеген жаштардын рухий дүйнөлөрүн жайылтып, элге жеткире турган кубаттуу коом,бирикме же адабий клубдардын арбын болушун эңсейм. Китеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү чектелүү жаштарга боорум ооруйт, аларды бапестөөгө, талантын ташкындатып, өнөрүн өргө чаптыра турган Жазуучулар союзуна дем,күч жетишпей жатканына өксүп келебиз. Мамлекет алсыз болуп тургансыйт. Эссе, баян, ыр жазган жүздөгөн шыктуулар бар экендигине шүгүр дейм.Пешенебизге соцсеттер бар болсун. Илхом келгенде эргиген таланттуулардын жазган чыгармаларын астейдил маашырлана окуп, таасирленебиз. Атактуулардын китептерин сатып алууга мисалы менде шарт дайыма боло бербейт. Убакыт таап адабий клуб, бирикмелерге барып, алардын чыгармаларын бали деп кол чаап коштоп турабыз. Бул багытта "Акын-жазуучулар " бирикмесин негиздеген Бурулкан Карагулова эжекеге таазим кылсак жарашат. Жаш бүчүрлөр бүрдөп,гүлдөп кулпурууга мүрөктүн суусу керектелгендей эле, алардын ыр белесте гүлдөшүнө эбегейсиз салым кошуп келет.Менин эсебимде бул бирикме аркылуу эки жүздөй таланттар такшалууда. Ар бирине ырдын энергиясын, техникасын дейбизби курчутуп,поэзия,проза, этюд жанрын окутуп, сынды акыйкат берип, ошол эле убакта алардын калемин алтын сыяга жөндөп үйрөтөт. Устат деп айтсам "бали" деп сыймыктангыла ... Жазуучулар союзуна жетекчиликке келген Калыбе ков Нурланды мен Асан Кайгы, Эзоп, Баласагын деп билем. Жаштардын эрудициясы буюрса эми өркүндөйт деп ишенем. Буга чейин томолой жетимдей жүргөн жаш таланттардын тагдыры муңайбай, эми аталуу жетим даражасына эгедер болушту. Нурлан Калыбеков билгенге кыргыз элине адабий кут даарыткан инсан болооруна үмүт арталы.....

Комментарии

Комментариев нет.