Ардагерлердин ак бата күнү...

14-февраль күнү саат 14-00дө(экиде) кутман карыялардын ак бата берүү аземи болот.
1.Кыргыз элине аманчылык-эсенчилик ак батасы...Ажы Капар Асатовдун жана башка карыялардын ак батасы...
2. "Ардагер" герантологиялык борборундагы 80ден ашуун карыяларга кайрымдуулук акциясы. (чачтарын тегиздетүү, мончого , көз айнек алууга, газета-журнал,китеп берүү )
3. Султангазы карыя 86-жашта, уулу Абылас 19жашында Афганистан согушунда каза болгон. Байбичеси уулуна ыйлап жүрүп каза тапса, Султангазы карыя уулун кареги талгыча күтүп жүргөнүнө 32жыл болуптур. Эки көзү жакшы көрбөйт, бирок акыл-эси ушунчалык тунук, өтө сөзмөр, ак баталуу карыяга белек берүү аземи.
4. Эмгек ардагери, жазуучу карыя Абылабек ата 80жашта. Анын композитор Абдыкалый Темировдун музыкаларын, чыгармаларын изилдеген китебинин жана чыгарган дискинин бет ачаары болот.
5. Комузчу карыя, "Ардак белгиси " орденинин ээси Качкынаалы ата 84 жашта.Анын чыгарган жана черткен күүлөрүнө ортоктош болуңуздар.
6."Ырда карыя" сынагы...
7. Шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо.
8. Соопчулук белектерди турмуш-шарты начар 40тан ашуун карыяларга ыйгаруу...
Урматтуу эр азаматтар! Ниети боорукер инсандар! Сиздерди ак дилибизден күтөбүз. Кечеге акындар, ырчылар келип катышса сонун маанай тартуулайт элеңиздер. Ак батага арзыңыздар... Апкелген таттууларды, жемиштерди, белек-бечкектерди өз колуңуздар менен тартуулайсыздар. "Ардагердин" дареги Куренкеев 89, Совет көчөсүнүн күн чыгыш тарабында жүз элүү метр ...
Уюштуруучу мен Сүйүнбай дабдырыңар, байланыш тел. 0779497539

Комментарии

Комментариев нет.