Фото отчет же сүрөттөр сүйлойт.

80 адам "ак бата " берүү аземине ак дилден катышты. Ыр менен бий, белек менен тилек айкалышты. Ак пейилдүү адамдар келишти. Алевтина ар бир ардагерге торт тартууласа, Абылабек ата китептерин ыйгарды. МЧСтин мырзалары жемиштерди апкелишсе, Нурнуска Кадыровна таттуулары менен сүйүнтсө, Тыныбек мырза ар бирибизге самын,паста щетка берди. Ырчылар ого эле көп келишти. Ар бирин коштоп ырдап, бийлеп аттык. Бир күн мурда чач тарачтар келип баарыбыздын чачтарыбызды иреттеп кетишти. Кан басымды нормалдаштырган дары чайларды алдык. Көз айнектерди алдык.Ар бирибиз акысыз миң сомдук дарыларды алдык. Акысыз мончого таллон менен барышты. Республикалык китепканага китеп сүйүүчүлөр барып поэзия угуп бир жыргадык. Эми буюрса ИЗО музейге экскурсияны пландаштырдык. Бүгүн мага комсомолдук милдет тагышты.Ата Бейит комплексине Айтматов эстелигине барабыз, уюштур дешти.Андан соң Ооган баатырларынын эстелигине гүл коюп сүрөткө түшөбүз. Белекке кийим-кече тараттым. Эң мыкты комузчу, шахматист, гимнаст, окурман, шайыр апа, жигиттин гүлү, акылман ата сыяктуу сыйлыктарды ыйгардым.Эми буйурса беш-алты карыяга медаль тапшырылат. Шыпаа берген герантология борборуна миң таазим. 23-февралга карата концерт беребиз.... Инсульт, инфаркт алгандарга бий жана аскердик марш тептиребиз деп дем байлап отурам. Өткөндө Жмгек ардагери Болот аксакалдын тушоосун кестик. Азыр таяк менен басып калды. Ар бир тагдырлуу карыяларга дем берип, маанайын бийиктетип атам. Бир күн үйгө кетсем мени күтүп, келсем сүйүнүп атышат. Багдаш сулуунун тамак, салаттарын ташып атам. Экинчи эле үйүбүздөй жылуу, таза, тамактары даамдуу. Велосипед тебебиз, турник, брусска тартылабыз. Музыка угабыз. Китеп окуйбуз. Бир туугандай эле болуп калдык. Сүрөттөрдү толук киргизе албадым. Бүгүн багыбызга илгерки жоголуп бараткан чымчыктар конушту. Тыйынчычкандарга кошо аларга да жем таштадым. Семичканы жаш баладай чагып атышат. Шүгүр, ден соолукта бололу...

Комментарии

Комментариев нет.