"Ардагер" герантология борбору мурда пансион экен эле.

Аны 27 жыл мурда Бишкектин мэри мамлекеттик ишмер маркум Жумабек Ибраимов ачкан экен. Жылына миңдей ардагер, майып, муктаж адамдар бир ай бою акысыз дарыланып, тамактанып,эс алып кетишет экен. Пансионго бай адамдар деле келишет, себебин сурасам үйдөгү жалгыздык оорусунан качып келебиз дешет.Менимче тагдыр өксүткөн адамдар көбүрөөк келишет тура. Жылда келген адамдар да бар, алардын тагдырларын уксаң бооруң ооруйт. Мен алар менен көп сырдаштым. "Жарыктык карыларымдын " жаңы образдарын жазып атам... Карыяларды коштоп музейге, опера театрына баралы деп кыялданып турам. Бүгүн үч аксакалды мечитке апарып дем салдырдым. Чоң молдо келип бизге дем салмай болуп убадасын берди. Муктаждар борборун ачкан бейиши болгур Жумабек Ибраимовду эскерип анын арбагына багыштап куран окуйлу деп биздеги ажы аксакалыбызга сурандым. Фото Стенд чыгарып берген адам болсо сонун болот эле. 23нө Аскер күнүнө карата аскердик марш тебели десем сүйүнүп атышат. Концерт жана майрамдык маанай болот. Герантология борбору мени карылыкка, чыдамдуулукка жана момундукка тарбиялады.... Сүйүнбай эми кээде ушундай найныңдай берет деп ....

Комментарии

Комментариев нет.