Түн пакырдыкы...

Ушундай сөз бар эле. Ой менен санаа бир келгенде уйку ширин да ыраактай түшөт. Тиргиликтин, базардын жолуна айланган Совет көчөсүндө жашоо эзели токтобос экен. Жок дегенде светофор да тынч албастыр. Мотоцикл үндөрү жана оор машина шоокуму менин тереземди ойготуп турат. Пансионго жакындан угулат. Ой менен кыжаалатчылык жүрөктү эзгенге уста келет. Бүгүн кеч өзүм жөнүндө нокоссия сөз уктум. Уучтап дары ичсем да жүрөктү тынчтандыралбадым. Жакын эле тууганым мени карылар үйүнө түшүп калыптыр деп элге чогулган жерде сүйүнчүлөп отурду дейт. Табасы канып, маашырланып айтып отурду дейт. Өзүмдү кенен Чүйгө батыралбай алыска качып кетким келди. Бизде түшүнүк тескери айланганына ызаландым. Чет элде пансион деген жашоо алда башкача гумандуу угулат. Тогуз ирет реанимацияда өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөшүп эчен үшкүрүктүү күрөштөрдөн аман калганымда ойлончумун. Бу балекет баскыр реанимациядагы тогуз он сааттык уколдо жаткандан көрө ээн сарайда жатсам да аманчылык болсо экен дейт элем. "Ардагер " пансион борбору герантология деп аталат. Бул жерде адам мусаапыр эмес. Эркиндиктин баары ушул жерде уялап турат. Музыка менен башталган өмүрдү кайдан табасың. Үч маал даамдуу тамактан тышкары, физкульт гимнастика, турник, брусс, обруч, желим топтогу көнүгүү, велосипед, ритмика бийи, китепкана, шахмат, карта, бак шактуу таза короодо сейилдөө, музей, театр, редакцияларга баруу, врачтын көзөмөлүү, убактысы менен дары ичүү , кутман карыялар менен сырдашуу, эссе баян, ыр жазуу, парандилерге жем берүү, тыйынчычкандар менен сүйлөшүү, түркүн гүлдөргө идишине суу куюп сырыңды айтуу менимче карылар үйү болбосо керек. Реабилитациялануу ушунча эле болоттур. Бизде инсульт,инфаркт алгандан кийин келгендер, майыптар да бар. Алар өмүрдүн баасын билип калгандар. Шүгүрчүлүккө келгендер. Үйгө барып турам, небере деген догдурларымды сагынганда. Ден соолукту, жабыркаган нервди, депрецияны калыбына келтирүү өзүңдүн гана колуңда экен. Мен бул жерди кутту уя деп сездим. 21-февралда кече өтсөм деп ниеттенип атам. Мени уюштургуч деп таанып калышты. Психология илимин жактабай туруп психолог, врач болбой туруп герантолог болуп калдым... Укмуш мыкты карыялар, алсыз оорукчандар менен сырдашып дос болуп калдым. Мен уюштурган кечелерден канча сонун энергияны алып атышат. Карылар үйүнө жашап калды деген ички дүйнөсү тар адамдар эми алар бир байкуш пенделер да. Мен комфорт жашоону эңсебейм деле, болгону илгерки чыйрак, сергек дени сак Сүйүнбай болуп алсам эле болду. Сексн, токсондогу узак жашаган ак дилдүү карыялардын кешигин ичип, батасын алып атканыма сүйүнүп отурам...

Комментарии

  • 20 фев 2019 04:40
    Оозуна алы жетпегендер суйлой берет конулунузги албаныз бул севолиш бир созда алга умтулаа берин сизге куч кубат
  • 20 фев 2019 23:20
    Ит үрө берет, кербен жүрө берет дегендей, андай адамдардын сөзүнө көңүл бурбай койсоңуз, дени сак Сүйүнбай болосуз, ага.
  • 21 фев 2019 00:00
    Андай адамдардын денгелине тушпой эле коюнуз. Азыр билип билбей суйлосо озу кайра эле тушуп калат. Ооруну эч Ким сындабай, суйлобой эле койсо болот. Сиз кучтуусуз, буйруса баардык жакшылыктарын ыз алдыда.Алла талаам жакшы коргон пендесине дарт берет экен которо ала бекен деп. Аркасында шыпаа да бар унутпаныз