Ишендим деп айткан менен сыртымдан Ички дүйнөм чыгарбастан сыр кылган Сиздик сезим дале турат сакталып Көрүнгөнү менен сырты жыртылган Сүйдүм дебейм жактырганмын сыртыңдан Келишкен эх сулуу кызсыз кулпурган Калды окшойт кыялымда бир элес Түбөлүккө сизди жалгыз жар кылган Сиз келгенде эт жүрөгүм ачылган Капаланган кайгысы да басылган Акырында балам бар деп укканда Айыпсыз эх, эт жүрөгүм асынган Кетпесе деп корком жүрөк дүйнөдөн Дудук болчу билбейм сизге сүйлөгөн Эми кайра калды дартка чалдыгып Кыпындай да калбай жери күйбөгөн Ав: Бактыбек Бекибаев (Кыргыз жигити) 16.08.2024 03:55
кыргыз жигити
КАЛДЫМ ДАРТКА ЧАЛДЫГЫП
Ишендим деп айткан менен сыртымдан
Ички дүйнөм чыгарбастан сыр кылган
Сиздик сезим дале турат сакталып
Көрүнгөнү менен сырты жыртылган
Сүйдүм дебейм жактырганмын сыртыңдан
Келишкен эх сулуу кызсыз кулпурган
Калды окшойт кыялымда бир элес
Түбөлүккө сизди жалгыз жар кылган
Сиз келгенде эт жүрөгүм ачылган
Капаланган кайгысы да басылган
Акырында балам бар деп укканда
Айыпсыз эх, эт жүрөгүм асынган
Кетпесе деп корком жүрөк дүйнөдөн
Дудук болчу билбейм сизге сүйлөгөн
Эми кайра калды дартка чалдыгып
Кыпындай да калбай жери күйбөгөн
Ав: Бактыбек Бекибаев (Кыргыз жигити)
16.08.2024 03:55