УУЛУМА АЙТКАН НАСААТЫМ - 879901987374

УУЛУМА АЙТКАН НАСААТЫМ

Эненин сөзүн эстеп ал,
Атанын кебин капка сал.
Түз кара ойлоп жашоону,
Болбосун уулум ичиң тар.
Кең пейил болгун элиңе,
Сылык бол дайым ийиле.
Кемсинтип тайкы сөз айтпа,
Ээ болбой калба, тилиңе.
Жигит бол,нарктуу керилген,
Жакшы эне уулу-дедирген.
Мага эле бала болбостон,
Эл уулу болгун берекем.
Автор: Ниязова Клара.
''Поэзия Ордосу" көркөм адабий бирикмесинин жетекчиси.
Бишкек шаары.
16.01.2019 ж.

Комментарии