Түн жарымы туш тарабым коңгурук , Уктап жатат балким чарчап калгандыр . А мен болсо санаам менен ой куруп , Көңүлүмө ырдан тамчы тамгандыр. Ойлорумду жазам ырга толтуруп, Ырсыз өткөн күнүм менин армандыр. Сыртта суук бөлмө ичи жыпжылуу, Кыштын өтүп жатат узун түндөрү. Жуурканым жамбашыма кымтылуу, Шартым жок да бирок накта үйдөгү. Мусаапырмын алыстыкта күн көргөн, Сагынбасын өз төшөгүн ким деги. Артта калар бул күндөрдүн азабы, Жалгыздыкты берип турган көңүлгө. Бул мен үчүн берилген бир жазабы, Кайсыл күнү жаңылганмын өмүрдө. Өз үйүмдөн өтөөрү эч жок экен, Жылуулугу келип турат сезимге. Автор : Рустомбек Шерматов. Хабаровск шаары . 27.11. 2025 - жыл.
Rustombek шерматов
ЖЫЛУУЛУГУ КЕЛИП ТУРАТ СЕЗИМГЕ
Түн жарымы туш тарабым коңгурук ,
Уктап жатат балким чарчап калгандыр .
А мен болсо санаам менен ой куруп ,
Көңүлүмө ырдан тамчы тамгандыр.
Ойлорумду жазам ырга толтуруп,
Ырсыз өткөн күнүм менин армандыр.
Сыртта суук бөлмө ичи жыпжылуу,
Кыштын өтүп жатат узун түндөрү.
Жуурканым жамбашыма кымтылуу,
Шартым жок да бирок накта үйдөгү.
Мусаапырмын алыстыкта күн көргөн,
Сагынбасын өз төшөгүн ким деги.
Артта калар бул күндөрдүн азабы,
Жалгыздыкты берип турган көңүлгө.
Бул мен үчүн берилген бир жазабы,
Кайсыл күнү жаңылганмын өмүрдө.
Өз үйүмдөн өтөөрү эч жок экен,
Жылуулугу келип турат сезимге.
Автор : Рустомбек Шерматов.
Хабаровск шаары .
27.11. 2025 - жыл.