БҮГҮН

Декабрдын экинчи таңы атты,
Суук коштоп алдыга кадам басты.
Кыштын анык келгени ушул болот ,
Аябастан ызгаарын бетке чачты .
Аракеттеп алгалай баратабыз ,
Борондуу күн тоспосун алды жакты .
Суук болсо ага да чыдайбыз да,
Башка түшкөн күндөргө ынайбыз да.
Жараткандан жакшылык күтүп анан,
Ийгилигин кудайдан сурайбыз да.
Берекелүү күн болсун кыштын айы.
Жүрбөгүлө титиреп муңайымда.
Кыбыраган кыр ашат билип жүргүн,
Нуска сөздү кулака илип жүргүн .
Кыш мезгили аралык бачым болот ,
Күндүз кыска - убакыт түнү узун.
Көңүлдөрдү чөктүрбөй жүрөлүчү ,
Ийгиликтер коштосун бизди бүгүн.
Автор : Рустомбек Шерматов .
Хабаровск шаары.
02.12.2025 - жыл.

Комментарии