Комментарии
- 25 ноя 06:42shah shah
- Бусайра ОсмоноваКомментарий удалён.
- 25 ноя 12:42Kaliyma T
- 25 ноя 13:04Бусайра ОсмоноваСонун ыр экен чыгармачылык ийгилик калаайм калмемин курчуй берсин синдим кыз деген ыйманы менен естуу акылду ата апасын сыйлаган куймду кыз болот
- 25 ноя 13:51Рахат Мырзалиева ответила shah shahЧоң рахмат сизге
- 25 ноя 13:52Рахат Мырзалиева ответила Kaliyma TЧооң рахмат сизге
- 25 ноя 13:52Рахат Мырзалиева ответила Бусайре ОсмоновойЧооң рахмат сизге асыл эжекем терең ыраазычылык билдиремин



- 25 ноя 15:03Бусайра Осмонова ответила Рахату МырзалиевойСага да чоон рахмат сонун ырларды жарата бер синдим
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Рахат Мырзалиева
КЫЗ ДЕГЕН КИМ
Кыз деген ким ушул ойго келемин,
Келгилечи издейличи себебин.
Узун түндө кирпик какпай негедир,
Убарадан баш катырып беремин.
Төркүн жактан конок сөздү угат ал,
Түркүн-түркүн кырк тыюдан турат ал.
Кыздык үйдөн кеткичекти тыйылып
Күмүш сырга кулагына куят ал.
Таштай катып суудай сиң деп айтышат,
Турмуш жолго дал ушундай кайтышат.
Ошол бойдон коломтого от жагып,
Очор-бачар өмүр сүрүп калышат.
Балканактай бала төрөп берсе да,
Бары-жогун жай-жай кылып келсе да..
Анда неге кепин келип төркүндөн,
Ага тууган жерге берет, кетсе да.
Эркин өскөн ата үйдөн четтелсе,
Эр тараптан буйрубаса эч нерсе.
Жараткандын жанатынан берилген,
Дедим анда кыздар анык периште.
Конок дешип периштени аташкан,
Кандай болсо дал ушундай жарашкан.
Бейиш төрдү таманына жашырып,
Балдарына апа кылып жараткан.
Апа деген кызмат үчүн келгендей,
Аллах аны жер бетине бергендей.
Кыздын баркы бийик экен түшүндүм,
Калсынчы дейм кыз кадыры тепселбей.
АВТОР: МЫРЗАЛИЕВА РАХАТ
23.11.2025.ж