12 дек 2022

АК ТИЛЕК.

Эл-журтумда ынтымак, ырыс, кут болуп,
Шайыр, шатман кулкулорго бут толуп.
Жаратканым колдоп Кыргызстанымды,
Баарынарга каалап кетем ден-соолук.
Бакыт, таалай курчап асыл жеримди,
Кыдыр ата колдоп улуу элимди.
Баатырлары коргоп Ата-Мекеним,
Душман откус бекем кылсын чебимди.
Байыртадан катылгандын катыгын,
Берип келген ыйык, улуу элденбиз.
Бабаларым сактап бизге жеткизген,
Ыйык жерде дунуйого келгенбиз.
Оо Жараткан кабыл кылчы тилегим,
Оорубасын эч бир эне журогу.
Ачык асман, тынчтык жана бейпилдик,
Бутун омур жергебизде туносун.
Бабаларым Манас, Бакай, кырк чоро,
Арбактары дайым бизди колдосун.
Шан кулкуго толуп асыл Ата-Журт,
Бейкутчулук калкыбызда орносун.
Ата-энени, бир тууганды сыздаткан,
Атын очкон арам согуш болбосун.
Оомиийн 🤲 🤲🤲
12-12-2022 04:00
АЙЧУРОК ТАИРОВНА

Комментарии

Комментариев нет.