21 фев 2018

Теминген салкын жел белен,

Кадыры кымбат эл белен. Каректен кетпейт элесин
Касиеттуу Ат-Башым,
Кудайдан калган жер белен.
Кайыгып шумкар учкан жер,
Кабарын дуйно уккан жер,
Казыгы алтын калкымдын,
Кыраандар ырдап чыккан жер.
Каркылдап учса ак казы,
Канатын куулойт аскасы.
Кайберен ойноп торундо,
Калкылдайт тоонун ак башы.
Кай жерде журсо эсимде,
Кадыры кымбат кутман жер.
Кымбатым элим Ат-Башым!!!
.

Комментарии

  • 24 фев 2018 08:59
    Баракелде!
  • 27 фев 2018 00:13
    Азамат! Калемин курчуй берсин бактылуу бол!
  • 27 фев 2018 10:25
    Рахмат! Мен учун туулган жерим,"Кыргызстан"мекеним кымбат! Чексиз мактоо жарашат!!!