✍ ШЕЙХ ЧУБАК АЖЫ МЕНЕН БОЛГОН СУРОО-ЖООП 10

《СУРОО》
💬-Гусул алып жатып “аслан гуслан жана баян суу аклай көр денемди, дуба аклай көр тилимди” деген сөздү айтыш керекпи? 077366...
《ЖООП》
-Шариятта мындай сөз жок.
《 СУРОО》
💬-Күйөөмдүн экинчи аялымын. Биринчи аялы “мен уруксат бермейинче никеңер жарабайт” дейт. Роза
《ЖООП》
-Биринчи аялдын уруксат бериши шарт эмес.
《СУРОО》
💬-Өлүм жөнүндө ойлонуп, жан чыгып жатканын элестетип кыйналчу болдум. Бул күнөө эмеспи? Өлүмдөн коркуш керекпи? 055013...
《ЖООП》
-Күнөө эмес, тескерисинче күнөөлөрдөн алыстатып турган сезим. Ошол сезимди туура пайдаланыңыз, андан коркуу керек эмес, ага даярдык көрүү керек.
《СУРОО》
💬-Үй-бүлө курганыбызга үч жыл болду. Кызыбыз бар. Күйөөм чеги жок кызганат. Колу да көп тиет. Намаз окуп, оронуп жүрөм. Ажырашкым келип жүрөм. Талак сураганга укугум барбы? Же өмүр бою таяк жеп өтөмбү? 055343...
《ЖООП》
-Ажырашканга укугуңуз бар. Жашагыңыз келбесе талак алсаңыз болот.
《СУРОО》
💬-Арбактар куран талашат дешет. Ар бирине бирден окуш керекпи же жалпы окуп койсо болобу? 077944...
《ЖООП》
- Арбактар куран талашпайт. Алла Таала берешен. Атын атасак да, атабасак да дилибизден өткөн арбактардын баарына жеткирет. Баарына бирдей жеткиргенге Алла Таала кудурети жетет.
《СУРОО》
💬-Түшүнөн чочуса же кырсыктаса жети токоч бериш керекпи? 077944...
《ЖООП》
-Жети токоч эмес, садака бериш керек. Садака – балээлерди кайтаруучу. Токоч береби, акчалай каражат береби, ар кимдин өзүнүн ыктыяры.
《СУРОО》
💬-Дуба кылуунун адептерин айтып бериңизчи. Адиарим 90
《 ЖООП》
-Даарат алып, кыбыланы карап отуруп, көңүлүн бир жерге чогултуп, чын дилинен дуба кылыш керек. Биринчи, Аллага мактоо, экинчи, пайгамбарга салават айтып, үчүнчү, эл-журтка жакшылык тилеп, анан өзүнө тилек айтса – ошол дубанын кабыл болушуна өбөлгө.
《СУРОО 》
💬-Медресеге кирем десем ата-энем каршы. Эмне кылсам болот? 16 жаштамын. 077898...
《 ЖООП》
-Ата-энеңизди көндүргөнгө аракет кылыңыз. Медресенин жакшы жактарын айтып бериңиз. Кудайдан суранып, дуба кылыңыз.
《 СУРОО》
💬-Намаз окубагандардын дубасы кабыл болобу?
《 ЖООП》
-Дубанын кабыл болушу намазга байланыштуу деп айтылбайт. Дуба жүрөккө байланыштуу. Эгер адам зулумдук көрүп турган кезде дуба кылса мусулман болсо да, болбосо да кабыл кылам деген Кудай.
《 СУРОО》
💬-Кредит жана пайызга акча берүү, алуу эмне себептен арам болоорун толук айтсаңыз.
《 ЖООП 》
-Алла Таала сооданы адал, сүткордукту арам кылды. Бир түрдүү нерселерди бири-бирине саткан учурда теңме-тең сатуу керек. Артыкча сатып пайда табуу арам. Мисалы, алтынды алтынга, буудайды буудайга, тарууну тарууга, акчаны акчага ж.б. сатканда кайсы биринен ашыкчалыкты талап кылса сүткордук болот.
《СУРОО 》
💬-Кыргыздар чочконун этин жесе болбойбу? 077841...
《 ЖООП 》
-Болбойт. Чочконун эти арам.
《 СУРОО》
💬-Келме келтирип жүргөн жакшыбы? Дааратсыз айтса деле болобу? Күйөөсү менен сооп бөлүшүш керек дейт, жашаганыбызга 20 жыл болду, күйөөм сага 50%ы деп койгон. Ушундай болобу? Эрежеси барбы? 077780...
《ЖООР 》
-Келме келтирип жүрүү жакшы. Дааратсыз айтса деле болот. Ар бир адамдын тапкан сообу өзүнө жазылат. Кимдир бирөө өтүп кеткен адамдарга сооп багыштаган болсо жетет. Бизде сооп бөлүшүү деген түшүнүк жок.
《 СУРОО 》
💬-Экинчи аялы болуп тийсе тиги дүйнөдө жалгыз калат. Күйөөсү биринчи аялы менен жүрөт деген чынбы? Алина
《 ЖООП》
-Тиги дүйнөдө бардык аялдары менен бирге жүрөт. Ал жакта кызгануу деген болбойт.
《 СУРОО》
💬 -Канчалык күнөө жасаса да аял бала төрөгөндөн кийин күнөөлөрү кечирилет дейт. Түшүндүрүп берсеңиз. 077780...
《 ЖООП 》
-Албетте, майда күнөөлөр, Кудай менен пенденин ортосундагы күнөөлөр кечирилет. Намаздан кийинки намазга чейинки күнөөлөрдү намаз кечирип турат, жума намаздан жума намазга чейинки күнөөлөрдү жума намазы кечирип турат, аял төрөгөндө да көп түйшүк тарткандыгы үчүн кайсы бир деңгээлде күнөөлөрү кечирилет. Чоң күнөөлөр тообо кылмайынча кечирилбейт.
《 СУРОО 》
💬- Даарат алып жатып мурдумду чайкаган кезде канап кетет. Дааратты башынан башташым керекпи? +770239...
《ЖООП》
-Албетте, башынан башташ керек.
《СУРОО》
💬-Жашым 19да. Турмушка чыккан эмесмин. Жигиттер тийишсе же номеримди сурашса “турмушка чыкканмын, бир балам бар” десем унчукпай калышат. Бирок кээде алардын кээ бирөөлөрү түшүмө кирип муңайган көздөрү менен карашат. Бул кылганым күнөөбү? 077801...
《 ЖООП 》
-Күнөө эмес. Шариятта да, салтта да турмушка чыгуу жол-жобосу айтылган. Кызды ата-энеси турмушка узатат.
《 СУРОО》
💬-Мазардын алдынан өтүп баратып оомийн кылгандын пайдасы барбы? 077951...
《 ЖООП》
-Маркумдарга дуба бар, “бизден мурда өтүп кеттиңер, биз да силерге кошулуучуларданбыз. Силерге да, бизге да Алла тынчтык берсин” дегендей мааниде. Өткөндөргө куран окуп, сообун багыштаган жакшы.
《 СУРОО》
💬-Айыз келип баштаганда биринчи кичине келет, кайра жок болот. Ушинтип баштаганда намазды токтотомбу?055322..
《ЖООП》
-Айыз келгенден баштап намазды токтотосуз. Толук бүткөндөн кийин окуп баштайсыз.
《 СУРОО》
💬-Мен эже-сиңдилерим менен ар айда 1000 сомдон черная касса ойноп турам. Бул исламда арам дешет. Маалымат берип койсоңуз. 077394...
《 ЖООП》
-Мунун келечеги адилетсиз болгондуктан тыюу салынган.
《СУРОО》
💬-Балага ат коюуда курандан алып же пайгамбарыбыздын аялынын атын койсо атты көтөрө албай оор болот деген чынбы? 077060...
《 ЖООП》
-Жок андай эмес, ар бир адамдын аты өзүнө жараша болот. Абдулла же Абдурахман деген аттар Аллага сүйкүмдүү аттар. Ушундай аттарды койсо жакшы болот.
《 СУРОО》
💬-Бир куранды эки-үч арбакка багыштаса болобу? Арбакка кантип жыт чыгарат? 077060...
《СУРОО》
-Ооба, баарына бирдей жетет. Арбакка жыт чыгаруу деген түшүнүк жок. Куран окуп, сообун багыштап турса болот.
🌸🍃🌷🌿🍃🌸🌷🌿🌸🍃
🗣 Көңүл буруңуз! Башка инсандарга жеткизүүнү унутпаңыз, аларда пайдалансын.
Кыяматта "Билип туруп мага айтпадың" -деп мойнуңарга асылбоосу үчүн.⭐
⚜Кудайым бирөөнүн колун каратпасын⚜.
*ЭСКЕРТҮҮ:* _Макаланы башка тармактарга жүктөгүңүз келсе, эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз_.
*СЕБЕБИ КҮНӨӨ БОЛОТ*
*Бизге катталуу:*⤵

Комментарии

  • 22 апр 2017 05:19
    Эн жакшы кенештер (Y)(Y)(Y)(Y)(Y)алла раазы болсун чубак ажы
  • 22 апр 2017 09:44
    Чубак ажынын суроо жообуна кантип катталсак болот
  • 22 апр 2017 11:20
    Ц
  • 22 апр 2017 17:08
  • 23 апр 2017 09:32
    Жанагы биринчи суроого  ж.гусулдун нийети.НАВАЙТУ АН АГТАСИЛА ГУСЛАН МИНАЛ ЖАНОБАТИ РАФОАН  ЛИЛ ХАДОСАТИ УА ИСТИ БАХОТАН ЛИС САЛОБАТИ ТАХОРАТАТ ЛИЛ БАДАНИ ТАКОРУБАН МИНАЛЛОХИ ТААЛА АЛООХУ АКБАР,,ушул дубаны айтын дененин буткул жерине суу жеткирир жуулат
  • 23 апр 2017 18:40
    Чубак ажыга каяктан сууро берсе болот