📌📌 📌 Зына деген эмне?

Шариятта балакат жашына жеткен жана акыл ээси соо аял менен эркектин никесиз жыныстык катнашта болуусу зынаа деп аталат. Зынаа ислам дининде катуу тыюу салынган чоң күнөөлөрдүн бири. Тактап айтканда ислам дининде никенин тышындагы бардык жыныстык катнаштар зына болуп эсептелет. Зынаа – коомчулукта сойкулуктун жайылышына, коомдун бузулушуна, үй-бүлө коломтосунун өчүшүнө, күнөөсүз балдардын ата-энесиз чоңоюшуна, туура эмес жолдорго түшүүгө, тукумдун бузулушуна, тууган-туушкандык байланыштардын үзүлүшүнө, жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө, аялзатынын буюм сыяктуу сатылып-кордолушуна, тепсендиде калышына, адамдык аруулугун жоготуп ар-намыссыз өмүр кечирүүлөрүнө ж.б.у.с. толуп жаткан терс көрүнүштөргө жол ачат. Жараткан Аллах адам баласынын түбөлүк бактысы үчүн жөнөткөн Куран китебинде: «Абайлагыла! Зынаага жакын жолобогула! Анткени ал өтө ыплас жаман жол» (Исра сүрөсү 32) деп айтылат.
Ислам дининде зынаага себеп болгон нерселерге да тыюу салынган. Маселен, өзгөчө аял кишилердин жарым жылаңач жүрүүлөрү, эркек менен аял затынын адам жок жерде жалгыз болуулары, делебени козгой турган иш-аракет кылуу же сөз сүйлөө сыяктуу.
Ааламдардын көсөмү Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын зынаа боюнча айткан бир хадисине кулак түрөлү: «Кимде – ким зынаа кылса андан ыйман качат, ар дайым зынаа кылган адам бутка сыйынган адам сымал, зынаадан кийин эки жубайдын ортосундагы жагымдуулук, кумардуулук жана сүйүү качат».
Ошондуктан, зынаа – үй-бүлөлүк бактылуулукту бузган, жаш муунду булгаган, туугандар, коңшу-колоңдор жана достор арасындагы жылуу мамилелерди талкалаган, дегеле коом ичиндеги руханий тартипти, уят-сыйды жокко чыгарган ыплас иш.
Ислам дининде үй-бүлөнү туруктуу абалда коргоо жана жаш жеткинчек муундарды адептүү жана ыймандуу кылып өстүрүү эң негизги милдеттердин бири. Жаш муундарды адептүү жана ыймандуу кылып тарбиялоо үй-бүлөдөгү мамилелердин туруктулугу аркылуу ишке ашат. Ошондуктан жаш муундар кароосуз калбашы жана үй-бүлөдөгү кармашкан колдордун үзүлбөшү үчүн ислам дини зынаага тыюу салган. Кудайдан корккон ыймандуу адам мындай ыплас ишке эч качан кадам таштабайт. Зынаа кылган адам бул жалаган дүйнөдө үч зыянга учурайт:
1) Ырыскысы кемийт
2) Өмүрү кыскарат
3) Жүзүнөн нур качат
Ал эми кыяматта болсо:
1) Алланын каарына калат
2) Сурагы өтө оор болот
3) Тозоко түшөт.
☝�Эсинизде болсун❗Куноо иштер эч качан жакшы жолго алып барбайт❗ Кандай болсода куноо иштерди жасап жатсаныз Аллах Таала коруп тураарын унутпаныз❗Аллахтан коркунуз жана куноо иштерден тыйылыныз❗
***Аллах Кечируучу Зат***... Тообо кылыныз, Кечирим сураныз❗
👨‍👩‍👧‍👦 " Бактылуулук формуласы"
Жүктөгөн: Өмүрбеков Кутман

Комментарии

  • 11 мая 2016 13:07
    Аллахым озун сактагын харам иштерден
  • 30 окт 2021 07:32
    Жолдошун кечирим сурап ,кайра эле бара берсе кечире бериш керекби?
  • 30 окт 2021 07:37
    Зынаа кылган адам уйуно кирип балдарын козун кантип тиктейт тушунбойм.
  • 16 июн 2023 20:51
    Зына кылган жалап.болсо.айла жок экен жазасын Аллах Таалам берсе экен