МИДИНГЕ.

Билинбей кетти кабарың,
Мидике кандай абалың?
Бир топ жыл бирге татканбыз
Бул жактын тамак- шарабын,
Бир жүргөн кезди эстесем
Бүркөлөт ачык кабагым.
Башта бар дечи бир өлүм...
Баардыгын жакшы билемин.
Эргиген мөлтүр таланттан,
Эл үзбөйт тура күдөрүн...
Жалдырап карайм мүрзөңдү,
Жайлуубу жаткан түнөгүң?
Капканы кармап өлүмдүн,
Калдайган элден бөлүндүң.
Куюн, жел жетпес, курч туяк,
Кулуну элең элиңдин.
Кадырын билет кары- жаш
Кара мурч кошкон кебиңдин.
Ишенсек молдо сөзүнө,
Имерип элди өзүнө,
"Чын дүйнө, жалган дүйңө" деп,
Эркинче бөлөт экиге.
Чын болсо бейкут бейиш жай,
Көрүнгөн чыгаар көзүңө!
Акыл-ой бирге, жай бирге,
Акындар элек жан бирге.
Аз-көппү көппү көргөн- билгениң,
Айтпайсың байке ар кимге...
Барган бар, келген киши жок,
Бар бекен деги ал дүйнө?
Тамчы суу болдуң көр үчүн,
Таланттан бүткөн
деңизим.
Сопунун сөзү чын болсо,
Соо койгон жоктур сени тим.
Толуктап айтчы ал жактын,
"Тозогу" менен "Бейишин".
Кылдан да ичке немеби,
Кыл көпүрө дегени?
Болбосо цирктен биз көргөн,
Зым аркандай элеби?
Зыярат кылган пенделер,
Шыр өтүп кете береби?
Кураны түшкө кирбеген,
Кудайды барктап сүйбөгөн,
Көпүрө эмес, ипичке,
Чоң жолдон баса билбеген,
Кантти экен кайран Мидикем,
Кайгыра берем күндө мен.
Азаптын жолу көп турлүү,
Акылга салып чечтиңби?..
"Бар - дешет" - мастын жөлөгү",
Бар болсо аман өттүңбү?
Бер жакка таштап тозогун,
Бейишке кирип кеттиңби?
Болбосо бутуң өрөлөп,
Боздотуп кыйнап,жемелеп,
Алланын атын билбеген,
Аракеч, динсиз неме -деп,
Жаланкыч Аңкүр-Маңкүрү,
Жанчышкан жокпу тебелеп?
Көргөнүң айт ошол жактагы,
Бар бекен гүлзар, бак-шагы?
Көөнүңө чындап жактыбы,
Коңур күз, кышы, жаз,жайы?
Күнүнүн кандай чыкканы,
Айынын кандай батканы?
Жүрөөрсүң эстеп биз жакты,
Жүргөнүң шаарбы, кыштакпы,
Үй алдың кайсы көчөдөн,
Кышкысын жылуу, муздакпы?
Кыйладан чыйрак киши элең,
Кыласың кандай кызматты?
Кыштоосу кандай кыштаган,
Жайлоосу көппү түрлөнгөн,
Кой семиртип багууну
Көп жылдар байкап үйрөнгөн,
Белгилүү чабан бар бекен
Беш килодон жүн берген?
Уйлары кандай ал жактын,
Бул жакта уйдай мөөрөйбү,
Сарайдан эле саадыртып,
Сарайдан силос-жем жейби,
Сүт, каймак берүү жагынан,
Биз жакта уйга чендейби?
Бээлери кандай ал жактын,
Кулунду бирден "төрөйбү",
Биз жактагы кымыздай,
Ал жакта кымыз кененби,
Шашылып жолдон "сууичпей"...
Шаардык калкка жөнөйбү?
Ал жактын кандай тамагы,
Акчага сатып алабы?
Биздикинен күчтүүбү,
Виносу менен арагы,
Бар бекен буфет, кафеси,
Бар бекен рестораны?
Сөз сүйлөөр кезде ойлонуп,
Соо башын солго кыйшайткан,
Куйкумдуу кепти курчайткан,
Сөөгү жок эттей сулп айткан,
Күтпөгөн жерден күлдүрүп
Күлбөстүн тишин ырсайткан.
Эл, жер - деп дайым тилеги,
Эл, жер - деп соккон жүрөгү,
Айран сүт жакка көчтү эле,
Аракка коюп күнөөнү,
Жолдошуң, досуң Райкан
Жолугуп сага жүрөбү?
Метрге ченеп туугансып,
Тең эле арык боюңар,
Бир-бирин билип тургансып,
Бир чыкчу айткан оюңар
Кокустан дагы ал жактан,
Кошулган жокпу жолуңар?
Ал жактын кандай базары,
Базарда байкем басабы?
Көпчүлүк элди күлдүрүп,
Көңулүн ачып жатабы,
Кадимкидей жай-кышы,
Казактар кымыз сатабы?
Партия берген багы тең,
Бөлүшүп жеген нанытең,
Оргуштап турган таланты,
Опол тоо эле баары тең.
Окшошуп бирге журөбү,
Осмонкул, Калык,Алыкем?
Үчөө тең ырдын кенчи эле,
Элинин эрмек, көркү эле.
Көнөктөп нөшөр куйгандай,
Көп жерде ырдап берчү эле.
Баарына менден салам айт,
Балдары сыңар көрчү эле.
Байкасаң өмүр жардыгы,
Бактылуу, кээде кайгылуу...
Дүйнөгө келип адамдар,
Дүйнөдөн өтөөр ар жылы.
Жаман экен, өзүндөй,
Жакшы адамдан айрылуу.
Кыйлага кеткен атагы,
Кыргыздын Муса, Атайы,
Обон, күү менен өздөрүн,
Өмүрлүү кылып жасады.
Окшошкон шайыр кошбулбул,
Ошолор эсен жатабы?
Уюткан уккан адамды,
Үн болбос Муса үнүндөй.
Күлдүрүп черткен ойнотуп,
Күү болбос Атай күүндөй.
Бирге экөө дале жүрөбү,
Бул жакта жүргөн тирүүндөй?
Эстесек кылым,жылдарды,
Эч качан өлбөй ким калды...
Жемишин берип Жер-Эне,
Көрсөтүп бир топ жыргалды,
Ойнотуп жүрүп үстүндө,
Оп тартып алат турбайбы...
Оп тартса мейли кезинде...
Жаралдык жанып өчүүгө,
Эмгеги менен көп адам,
Эстелип элдин эсинде,
Өмүрлүк жашап жүрбөйбү,
Өчпөстөн жердин бетинде.
Сүйбөгөн жанды сүйдүргөн,
Күлбөгөн жанды күлдүргөн,
Куйругун толгоп музоонун,
Куйручук чалды "күйдүргөн",
Тамшантып улам укканды,
Таң атса кайра түнкирген.
Калемпир эле ар кеби,
Кайрылбай кетти,кантели...
Калтырган куудулсөздөрүн,
Кадырлап сүйгөн жалпы эли,
Саламат, эсен жүрөбү,
Сары-Өзөн Чүйдүн Шаршени?
Комузга элпек колдору,
Кол эмес эле жоргобу!
Көп күүсүн чертсе эл тургай,
Көшүгөн Кыргыз тоолору,
Сакадай болгон залкар чал,
Сагындык Карамолдону.
Атамдай эле ал киши,
Ар сөзү кымбат сезилген.
Боздосо "Көкөй кестиси"
Мончок жаш агат көзүмдөн.
Жараткан жаңы күүлөрүн,
Жаздыртып жибер эфирден.
Ыргактап черткен комузду,
Ыбрай залкар комузчу.
"Жаш тилек", "Жеңиш",
"Боз салкын",
Жагымдуу күүлөр болушту.
"Паровоз" күүсүн бакыртса,
"Бах" дедиртчү орусту.
Санаалаш Мидин жан ага,
Салам айт ошол абама.
Белектеп эски комузун,
Берди эле менин балама.
Кайрыгын жүрөт үйрөнүп,
Калган жок сөзү талаада...
Сан күндөр айткан "Манасты"
Саякбай залкар манасчы,
Гомери дешип Кыргыздын,
Көп элдер ага карашчу,
Казына, байлык, кен эле,
Кандай сөз айтса жарашчу.
Обдулуп "Манас" айтканда,
Океан эле, киши эмес,
Тайтору атты чапканда,
Тартылчу көзгө жүз элес.
Татар да ыйлап жиберчү,
Так ошол жерде биз эмес...
Сакеме менден салам де,
Саламат бекен абам де.
Жашы улуу, жаны курбу эле,
Жазбады бир ооз кабар де.
"Кефир, сүт ичип жүрөм"дейт,
Кекиртек жактан аман де...
Атактуу артист Шекербек,
Мурутун жанып чепеңдеп,
Сайратчу эле комузду,
Буроосун бурап бекемдеп.
Айтышчу эле көргөн эл,
Атайдай чертет экен, -деп.
Комуздан алып бойго шык,
Колдорун тынбайойнотуп,
"Көк тамакка" Таластын,
Көк токоюн бойлотуп,
"Ак тамакка" Аксынын,
Аркыт жагын ойлотуп...
Черткенин чебер чертчүэле,
Чертмектен мөндүр төкчү эле,
Байкалып, кээде байкалбай,
Манчасы бийлеп кетчү эле.
Шекеме менден салам бер,
"Шеринебиз бирге" өтчү эле.
Чалагыз абам тың бекен,
Колунда комуз, кыл бекен.
Жазуучу жагы бар эле,
Жазганы жомок, ыр бекен?
Бүк түшкөн кезде сала албай,
Бүркүтүн эмне кылды экен?
Сакеме мүмкүн бергендир,
Сакемди ышкы жеңгендир.
Картайсам деле салам, -деп,
Капталга чыгып келгендир...
Мүнүшкөр болуп Мидике,
Бүркүттү эми сен көндүр...
Жазганын сүйгөн жаш-кары,
Жантөштүн уулу Касымалы,
Кара сөз жакка келгенде,
Карчыга эле таптагы.
Эртерээк кетип калды деп,
Эл-журту көзүн жаштады.
Өмүрү - суусу дагы көп,
Окулуп жүрөт "Каныбек".
Укмуш экен Касыкем,
Роман жазган жаны бек.
Ага да менден салам айт,
Айтчу эле "тентек сары"-деп.
Касымалы ата, карыя
Калыс сөз сүйлөп баарына,
Жетимиш жашты желкелеп,
Оогондо сексен жагына,
Оңбогон опкок шум ажал,
Оп тартып алды аны да.
Арытып эчен ай, жылды,
Аз эмес эмгек ал кылды.
Аксакал, назик таланттан,
"Ажарды" жазган агаңды,
Алдынан тосуп алдыңбы?
Кукеңдин айтчы дайынын,
Курагы келип карынын,
Кулагым укпайт дечү эле,
Кудайга коюп айыбын...
Кыйкыртып тыңшап жүргөндүр,
Сен айткан сөздүн жарымын.
Кеп-сөзгө чечен жан эле,
Көп кырдуу талант ал эле.
Көптөгөн көркөм жанрлар,
Колунан келчү баары эле...
Бир тынбай жазып жатабы
Бул жакта кездей дагы эле?
Хрусталь үнү бар эле,
Күндө ырдаса айныбас.
Жылаажын үнү бар эле,
Жылда ырдаса айныбас.
Саламат, эсен жүрөбү,
Залкар талант Абдылас?
Тамшантып элин ал жактын,
Дагы эле ырдап жаткандыр.
Музыкасын уккандар,
Муюшуп ойго баткандыр,
Калалык катуу кубанып,
Кааласа бизге кат салдыр.
Ойлонуп көрсөк турмушта,
Өмүр бул - учкан бир куш да...
Осмондун уулу Алыкул,
Омоктуу акын кыргызда.
Отуз төрт жашта жайрады,
Ободон учкан жылдызча.
Улантып калган өмүрүн,
Ырлары гүлүн ачкан кез.
Баласыз, жарсыз болсо да,
Бактысын элден тапкан кез.
Унутпай ысык саламды айт,
Устатым эле ачкан көз.
Жагымдуу симфониясын,
Жалпы калк уккан кызыга.
Бүт бою, жүргөн турганы,
Музыка эле нукура.
Жемиштүү тилек, оюнун,
Жете албай кетти учуна.
Арагын тартып жиберип,
Даракка, тамга сүйөнүп,
Тамтаңдай басып жүрсө да,
Таланты турчу бүлөнүп.
Бөлүнбөй сенден жүрөбү
Бөтөлкө досуң Тулеев?
Чолпону кыргыз көгүнүн,
Гүлү эле кутман жеринин.
Аккусу эле ай тамак,
Айтылуу Ысык-Көлүнүн,
Бий жакка берген жан эле,
Бүт бойдон талант,өмүрүн.
Жоругу, мүчө, өң түсү,
Жомоктон уккан пери эле.
Бийчи экөө болсо дүйнөдө -
Бири анын Бүкөш эже эле,
Жаркырап турган Чолпонду,
Жашырып алды Жер-Эне.
Ал жакта болсо театр,
Ар түрлүү элден киргендир.
Тамшанып, таасын талантын,
Далайлар чаңкап сүйгөндүр.
Айтып кой элдин сагынчын,
Айтаарым сага бирден-бир.
Калк сүйгөн актёр оңойбу,
Кайгы-муң мындай болоорбу...
Океан соолсо кокустан,
Ордуна кайра толоорбу...
Өзүңдөй талант Муратбек,
Ортодо турбай «жоголду».
Мукемдей залкар таланттар,
Мин киши болсо эл үчүн.
Билинбей кирип жок болгон,
Бир өлүк тура гөр үчүн.
Эсине салгын жолуксаң,
Эл-журттун ыйлап,кейишин.
Бектендин уулу Касымалы,
Чалса да кара чачын ак,
Куйкумдуу куудул сөздөрдөн,
Курап айтып азыраак,
«Кургурум Мидин болсо...» деп,
Кулагын жүрчү кашылап...
Калкынан кетти бөлүнүп,
Кабылып ажал —капканга.
Ырыстуу өзүн сезчү эле,
Райкан менен басканда...
Ыйлаган жокпу шолоктоп,
Райкан экөөң тапканда?
Шименин уулу Смарды,
Чын, калппы... лирик дечү элең
Ырларын окуп бергенде,
Ыйлайт деп кыздар көчөдөн.
«Ыйлайт» деп айткан сөзүңө,
Ишене бербейм жеке мен...
Ал жактын келин,кызына,
Ыр окуп Смар жүрөбү?
Бул жактын келин,кызындай,
Алар да ыйлап иеби?
Атайлап менден салам айт,
Ага эле таза жүрөгү.
Өзүңдүн кандай абалың,
Өзгөрдү бекен тамагың?
Ооз тийип дале жүрсүңбү
Ошол жактын арагын?
Балалуу болгон чыгаарсың,
Бар болсо алган аялың...
Жалкоолук кылып көп жазбай,
Жашадың жармач бу жайда.
Каргашалуу «жинди суу»,
Карабайт тура убалга...
Жай бөлөк болуп кеткени,
Жаздыңбы жакшы чыгарма?
Кызыгын көрбөй турмуштун,
Кыйла жыл кычкыл суу жуттуң.
Ободон жанган таң азан,
Өзү элең Чолпон жылдыздын.
Табигат берген белектин,
Талаага көбүн ыргыттың.
Көңүлдөш жакын жансың да,
Көп эле сөз бар айтууга...
Ак билек жеңе, «Ак чүчүң»
Айтылат дайым калкыңда.
Ийнедей ичке болсо да,
Издериң калды артыңда.
Карысы ичтен күдүндөп,
Жаштары жайнап күлүңдөп,
Жатышат жаттап ырыңды,
«Жашасын биздин Мидин» деп.
Халтурщик болсоң кап курсак,
Капкачан сенден түңүлмөк...
Сен андай акын эмессиң,
Ырлары ыкшып жөтөлгөн.
Кулкуну үчүн далбастап.
Куржундап акча көтөргөн.
Сен андай акын эмессиң,
Өзү өлсө кошо сөзү өлгөн.
Тубаса тунук талантың,
Туулган бирге энеден.
Арагын үчүн сандалып,
Арылбай өттүң жемеден.
Кантейин сени Мидике,
Кайсы акындан кем элең?!
Эң жакын көргөн адамым,
Эмесе акын агайым,
Энекең төрөп, өскөн жер,
Эл-журттан кабар салайын.
Эчен жыл болду көрбөдүң,
Элестеп, уккун далайын.
Мен өлсөм эмне болду деп,
Биз жактан жаман ой кылба.
Асмандын болуп түркүгү,
Ала-Тоо турат ордунда.
Айтылуу Соң-Көл да жатат,
Ай, жылдыз түнөп койнунда.
Бактылуу кыргыз эл эсен,
Байлыгы тапкан жер эсен.
Төрт түлүк жүргөн төр эсен,
Көгүлтүр Ысык-Көл эсен.
Мекениң гүлдөп турган чак,
«Мен гана жокмун» дебесең.
Аптапты тоотуп койбогон,
Аяздуу кышта тоңбогон.
Өз камын мурун ойлобой,
Өлкөнүн камын ойлогон.
Баар тапкан маңдай теринен,
Баатырлар чыкты ондогон.
Жылдыздуу биздин көгүбүз,
Жылдыздуу биздин элибиз.
Жылдызга биздижеткирген,
Ак эмгек, алтын пейлибиз.
Манастай эле даңкталдык,
Мактанбай айтсак эми биз.
Күн сайын толгон жаңылык,
Күрдөөлдүү эмгек шаңынук.
Тар кечүү, тайгак
ашуулар,
Тайманбас элге багынып,
Ош — Фрунзе жол бүттү,
Ойдогудай салынып.
Токтотуп эчен дайраны,
Тоо койну көлгө
жайнады.
Илбирстер жүргөн жайга
да,
Ильичтин жанды
шамдары.
Керемет ГЭСтер курулуп,.
Келтирди сансыз
пайданы.
Суу жетпес жерге суу
барды,
Бой тиреп эгин ыргалды.
Короз да тандап чокуп
жейт,
Корсунтуп конок,
буудайды.
Эрменге кошуп арпа жеп,
Эчки да көрдү
жыргалды.
Түштүгүң түмөн ак пахта,
Түйшүкчүл жетти
максатка.
Алардын албан иштерин,
Акындар бүтпөс мактап
да,
Калкына берген
пайдасын,
Каттоочу бүтпөс каттап
да.
Жибербей текке бир
күнүн,
Жылмая карап бир-
бирин,
Ынтымак менен эл
иштеп,
Ырыска тунду Түндүгүң.
Кыйла өлкө билген, даа
билди,
Кыргыздын бүгүн
кимдигин...
Ыңкыган байлык каякта,
Ысык-Көл, Нарын,
Таласта.
Уюна чейин эгиз тууп,
Ийгилик арбын а жакта.
Мекенге кошкон
салымын,
Бере албайм айтып,
санап да.
Төрлөргө батпайт төрт
түлүк,
Төлдөттүк баарын
өстүрүп.
Булутту чапчып туягы,
Буулугуп чуркайт көп
күлүк.
Мурутун жанып
жылкычы,
"Буденный минсе, ээ"
дейт күлүп.
Башынан байбыз
тоолорго,
Тоолор бай аппак
койлорго.
Ал койлор дагы көбөйүп,
Он беш миллион
болгондо,
Ошондо дагы кат жазам,
Олтуруп алып чоң жонго.
Керектүү кезде уялбай,
Кесипке кесип алмашып,
Келин, кыз тоодо мал
бакса,
Жайыттан жайыт
тандашып,
Уландар уй саайт
жакада,
Уйларды туурап жай
басып.
Сан жеткис тонна эсеби,
Сары-Өзөн Чүйдүн
шекери.
Күңгөй-тескей Ала-Тоо,
Гүл аңкып өрөөн, өзөнү,
Күйөөгө барчу кызга
окшоп,
Кулпунуп турган кезеги.
Экскаватор, бульдозер,
Эмгекте күчү теңелип,
Жепирейген тамдарды,
Желкеге коюп чөгөрүп,
Заңкайган үйлөр
салынып,
Шаарлар өстү кеңейип.
Фрунзе жашыл калаада,
Жок болгон эшек араба.
Уйлар жок азыр
мөөрөгөн,
Райкан жазган талаада.
Достуктун паркы орноду,
Топтолуп ошол арага...
Отуз жыл мурун көз
жумган,
Өлгөндөр кайра тирилсе,
Өз үйүн таппай ар бири,
Өйдө-төмөн жүгүрсө,
Кай бири шашып,
сурашмак,
Кайда, — деп, — борбор
Фрунзе?!
Чынында борбор
өзгөрдү,
Өзгөргөнүн көз көрдү.
Бир топ жыл бою
эңсетээр,
Бир мейман болуп
кеткенди.
Укмуштай кооз шаар, —
деген,
Угабыз мактоо сөздөрдү.
Илгерки түркөй элиңде,
Илим да канат жайды
бат.
Доктордон кемчил
эмеспиз,
Тоолукта тоодой бар
кубат.
Ээрчишип экөө баратса,
Экөөнүн бирөө кандидат.
Артынып алып атына,
Ар түрдүү аспап, күрөгүн,
Таякесиндей тааныган,
Таштардын көрсө
иреңин,
Геолог чыкты ондогон,
Тыңшаган жердин
жүрөгүн.
Бир кезде акын Алыкул,
Бул жагын терең
караган.
Илимпоз арбын чыкса
деп,
Ыр жазып далай самаган.
Сүйүнчүлөп айтып кой,
Сүйүнүп калсын жан
агам.
Арышын кенен таштады,
Азыркы кыргыз
жаштары.
Орустун тилин бул кезде,
Өз эне тилдей жаттады.
Англис, немец тилинен,
Лекция окуй баштады.
Бакырган бакшы, бүбү
жок,
Түнүбүз бейкут таң атат.
Өлүмгө кетчү адамдын,
Өмүрүн кайра да жасап,
Врачтын саны көбөйүп,
Молдолор калбай
баратат.
Жумушчу саны дагы
өсүп,
Жулунуп барскан урган
чак.
Болотту бордой эритип,
Чоюнду чоктой кылган
чак.
Мал баккан элдин
колунан,
Баардыгы келип турган
чак.
Ыргалып бассаң
куйүнгөн,
Ичпей шыр бассаң
сүйүнгөн,
Көңүлү жакын, пейли туз,
Көргөндө «кел» деп
ийилген,
Кабар ал эми Мидике,
Калемдеш ага-иниңден.
Ардактуу наамга ээ
болгон,
Арбыды ЭЛДИК АКЫНДАР.
Бааланган
чыгармасынан,
Бардыгы барктуу
асылдар.
Менин да наамым жок
эмес,
Мээнетке шайкеш атым
бар.
Аксакал акын баарынан,
Аалыкең болсо карыган.
«Маза жок, балдар» деп
коёт,
Тая элек бирок табынан.
Күлүңдөп жүзгө чыксам
деп,
Күчөнүп барат дагы
улам.
Аккула аттай арымдуу,
Жазганы дале жалындуу.
Кемчилик болбой коёбу,
Кээ бирде жазат
чарымдуу.
Карыны сыйлоо —
салтыбыз,
Калкына дайым
кадырлуу.
Аралаш жүрдүн
жашыңдан,
Аалыкем өткүр
акындан...
Тар кечүү тайгак жол
басып,
Тайманбай ашып
ашуудан,
Социалисттик Эмгектин
Баатыры болду
бакыйган.
«Тентек» деп сени аяган,
Темикең болсо дагы
агаң.
Жазбайсыз деп жүрчү
элең,
Жазылып бүткөн
Араван...
Жаңгагын чагып ал эми,
Жаңы-Жол жакка
караган.
Баягы бала кыялы,
Бакылдап жүргөн убагы.
Көп жазат сүйүү
ырларын,
Көз кысып кыздар
турабы...
Кайраттуу басып, карт
күлөт,
Картайбайт окшойт
сыягы.
Түйшүкчүл киши ар
дайым,
Түкөңдүн уксан ал-
жайын,
Ыраазы болбойт өзүнө,
Роман бүтүп салмайын.
Ыр жакка бөлөт көрүнөт,
Убактысынын
калганын...
Кыргыздын өткөн
баштагы,
Тарыхын жаза баштады.
Кай бирөөлөргө жакса
да,
Кай бирөөлөргө
жакпады.
Оңдолоор деген ойдобуз.
Омоктуу чыкса арт
жагы...
Китебин Түкөм
жашынан,
Кичине жазып көнбөдү.
Өзүндөй чоң-чоң роман,
Элине арнап бергени,
Ошонун бирөөн Мидике,
Окудуң беле сен деги?
Абыкең болсо табында,
Айтайын анын жайын да
«Алтын тоо» деген
китебин,
Айтышат ар бир айылда.
Арымдуу иштеп баратат,
Алтымыш ашкан
чагында.
Ден соолук жактан кеп
салат,
Кээ бирде башым деп
калат.
Кээ бирде «кайран
жаштык» дейт,
Келин-кыз көрсө көп
карап.
Алабы керек дарысын,
Аптека жакка көп барат.
Насирдин болсо
курбалың,
Кыш, жайы басып
кырманын,
«Оп майдасын» он айтып,
Олчойгон эмгек кылды
аның.
Түгөнөөр эмес дүрмөтү,
Түшүнүп койгун бул
жагын.
Кай бирде жазат «Кум
казал»
Кай бирде жазат «Таш
казал».
Бүтмөйүнчө эс албайт,
Бир чыгарма баштаса ал.
Жакында мага жолугуп,
Жазам, — дейт, — эми
«Мас казал».
Сүйүнбай иниң ал да өстү,
Суктана карап ай, көктү.
Жылдызга кылып
саякат,
Жылдыздан көрүп ал
көптү,
Уйкашсыз ырдан баар
таппай,
Уйкаштуу ырга кайра
өттү.
Адегенде уйкашсыз —
«Ак ырды» Сукең
баштады.
Кээ бирөө аны туурайм
деп,
Келесоо боло жаздады...
Ачыгын айтсам Мидике,
«Ак ырың» элге
жакпады.
Айтматтын уулу
Чынгызчы...
Сакасын айкүр тургузду.
Гүлсары атын күүлөнтүп,
Күн, Айды көздөй
зыргытты.
Дүйнөгө жайып атагын,
Дүң кылып жатат
кыргызды.
Жазганы жаза кетпеди,
Жай-кышы бирдей
көктөдү.
Лауреат, элдик жазуучу,
Өөрчүдү өткүр сөздөрү.
Көп өлкө, шаарды
кыдырып,
Космоско гана жетпеди.
Кубаныч, Муса
курдашың,
Куттуктап тосуп ыр
жазып,
Ар жылдын арбын
планын,
Аткарып жатат шыр,
бачым.
Шыйракка чаап
сынчылар,
Экөөн тең дурус кылды
акын.
Өзгөрүп азыр Кубаныч,
Отоо чөптөн тазарды.
Жазып жаткан ырынын,
«Жашасыны» азайды.
Календарды карабай,
Кадимки акын атанды.
Муса да мурункусундай,
Жүүнү бош ырды жаза
элек.
Анткени азыр китеби,
Складка жата элек.
Сооронбай бардыр
эсинде,
«Дүрбүсү» дале көзүндө.
Акындык жагын
билээрсиң,
Аракет кылып жүрөт
бейм,
Ай менен Күнгө жетүүгө.
Убада сөзгө так жүрет,
Ушактын сөзүн аз билет.
Убактым текке кетирбей,
Ыр жазып алсам жакшы
деп,
Көрүнбөй тааныш
мастарга,
Көчөдө дайым сак жүрөт.
Шүкүрбек иниң жаш
бойдон,
А бирок чачы ак болгон.
Балдарга барктуу
жазуучу,
Барганы сыйлуу жак
болгон...
«Ак тайлагын» жетелеп,
Ал жүрөт көөнү шат
бойдон.
Кай бирде калсам
жолугуп,
«Кандай?» деп айтат
чоюлуп.
Чоюлса мен да чоюлам,
Каламбы андан
корунуп...
Катуу сөз айтпайм бирок
да,
Кантсе да жашы, жолу
улук.
Сатира жактан жакының,
Кайымдын уулу
Касымың.
Сүрдөнчөөк, уяң кызга
окшоп,
Сүйлөгөн менен акырын,
Куйкум сөз жагын
арбытып,
Күчөтүп барат басыгын.
Улгайбай, өлбөй жашаар
деп,
Узаттым узак сапар деп,
Урматтап улуу агасын,
Роман бүттү «Атай» деп,
Дем алып жүрөт
курортто,
Ден соолук жагым начар
деп.
Билчү элең бир топ
таскагын,
Мукамбеткалый,
Акбарың,
Өзүңдүн чырга сүйрөтүп,
Өстүрүп чыккан
жаштарың.
Аз көрөм ичкен мас
чагын,
Көп көрөм жазып
жатканын.
Бакылдап кээде жүрөбүз,
Балдары окшоп бир
үйдүн.
Кудасы болдум
кыйышпас,
Мукамбеткалый
иниңдин.
Курч сөзүң менен
Мидике,
Куттуктоо жазып
сүйүнгүн...
Жапаркул, Жалил,
Шатманың,
Жалындуу кылып
жазганын,
Кенебей кечтин
киргенин,
Байкабай таңдын
атканын,
Майкачан болуп
эргулдар,
Байытты талант
жактарын.
Үчөө тең татпайт аракты,
Үчөө тең мактайт
тамакты.
Медициналык илимден,
Беришип мага сабакты,
Илдетиң кетет көбөйүп,
Ичпе, — деп дайым
жадатты.
Турчу эле сынды
жактырбай,
Тууганын «туйгун»
Качкынбай,
Өзүнүн мактап жазганын,
Өзгөгө бир сөз
айттырбай,
Жобурап жүрөт дагы эле,
Жолдошун бура
бастырбай.
«Азаптын тагын» баш
кылып,
Ал дагы өстү алынча.
Балдарга кетет кошулуп,
Чоңдорго кээде
таарынса.
Өпкүлөйт кыздын
куурчагын,
Өткөнүн эстеп, сагынса...
Алганы Жоомарт
агаңдын,
Айчүрөк — Тенти
жеңекен,
Жол жорголуу таланты,
Жокемден жукту
дебесең...
Атактуу акын ал болду,
Аялдан чыккан эр экен.
Тунук бейм туңгуч
махабат,
Турбаса деле бир болуп...
Тармал чач залкар
жарына,
Дагы эле тийип күн
болуп,
Кеп айтпас эстелигине,
Кез-кезде кетет гүл
коюп.
Өзү эле акын чыктыбы,
Өзүңдөн мүмкүн
жуктубу...
Жыпариса женем да,
Ыр жазган жакка
ышкылуу.
Керилип басат көчөдө,
Кете элек дале кыз сьны.
Көп кезде шайыр жүрсө
да,
Кээ бирде көңүл чөгөрөт.
Өзүндү эстеп Мидике,
Ойлору кетет жетээлеп...
Мас болсо дале
жанымда,
Басканы жакшы эле деп.
Ылымсып калат
көргөндө,
Райкан байкем аялы.
Ыр менен комедияга,
Ышкылуу дешет а дагы.
Байкемди тартса ал
жеңем,
Баатырдык ишке
жарады.
Бирөөлөр айтат
жакында,
Пьеса жазып жатат деп.
Бирөөлөр айтат
жакында,
Ырларын «Чалкан» басат
деп.
Айтып кой мактап
досуңа,
Ажарың сенден ашат
деп.
Башына өзүн жетпеген,
Парнасты дайым
көксөгөн.
Азыркы улан,
кыздардан,
Акындар чыкты
көптөгөн,
Белсемдүу ийги иштерин,
Бере албайм беш ооз сөз
менен.
Катуулап учуп кай бири,
Канаты эфир тилүүдө.
Элине эрке аталып,
Ээ болуп алкыш, сүйүүгө,
Айтылып жүрөт
макталып,
Ар кайсы калктын
тилинде.
Ташыркап акын —
жазуучу,
Таланты мокой калганда,
Кадимки калыс
сынчылар,
Кашкайта кайрап
салганда,
Ташкындап турат дечү
эле,
Табына келип ал кайра.
Самаган уулу Жээнбай,
Сынчынын эле балбаны.
Баарыбызга маалым го,
Пайдасы менен
жаңжалы...
Ал өзү кетип сен жакка,
Артында калды кайрагы.
Жакиштин уулу Өмүркул,
Жазды эле бир топ
сындарды,
Улгайган сайын аз
иштеп,
Узатып соңку жылдарды,
Бул дагы кетип сен
жакка,
Мунун да орду кур
калды.
Беркисин бир аз-
мактасак,
Аркысы жаман көрөт
деп,
Аркысын бир аз
жактасак,
Беркиси муунуп өлөт
деп,
Санаркап жүргөн кези
бейм,
Шаршенбек менен
Кенешбек.
Экөө тең өткүр, курч эле,
Экөө тең өжөр сынчы
эле.
Халтура болсо мойсойм
деп,
«Канжарын» камдап
турчу эле,
Момпосуй соруп бул
кезде,
Момоюп жүрөт тынч эле.
Өнтөлөп дайым
көргөндө,
Өзүңдү барктап, сыйлап
көп.
Тилинде тикен, мурчу
бар,
Түшүнгөн иниң
Кымбатбек,
Кубанып кээде калчу
элең,
Куйкум сөз жакка
кылдат деп.
Кубанып биз да окудук,
Көп сынын көнүл
жыргатып.
Кийинки кезде
унчукпайт,
Жыргаган жанды
«кууратып»,
Журналист болуп кеткен
дейт,
Жүдөгөн окшойт сын
жазып.
Мидике, мында сен
барда,
Муруту чыккан
жаңыдан,
Анча-мынча билишкен,
Адабий сындын
жайынан,
Таланттуу жаштар
жетилди,
Такшалып баардык
жагынан.
Бул жаштар сындын
сыймыгы,
Бир тобу чоң иш
аткарып,
Коркута бербей ыгы
жок,
Колуна союл, балта
алып.
Калыс сын жазып
жүрүшөт,
Кара кылды как жарып.
Эмесе мындай деп туруп,
Бул жагын артка
таштайын,
Өзүңө бирге өттү эле,
Октолуп турган жаш
чагым,
Өзгөнү айтып
бүткөнсүйм,
Өзүмдөн сөздү
баштайын.
Мен болсом жүрөм мен
болуп,
Медерим — Мекен, эл
болуп.
Бир акындан кем болуп.
Бир акынга тең болуп.
Кемидим арак-шараптан,
Келтекти бир топ жей
коюп.
Энекем мени тууганда,
Оозантса сары май
менен,
Сен болдуң мени Мидике,
Оозанткан «арак-чай»
менен.
Тез эле кеттим үйрөнүп,
Дээримде менин бар
белем...
Көз кыссаң, мен да көз
кысып,
Көнүккөн сайын
көнүктүм.
Окуткан кишим сен элең,
Өзүңдөн кээде көп ичтим.
Суйкайган тунук «жинди
суу» —
«Суусу го, — дедим —
бейиштин»
Тарткандай магнит
темирди,
Тартат да турат өзүнө.
Дүкөндө түрлүү
шишелер,
Түк кетпейт түшүп эсиме.
Ашыгым болуп
баардыгы,
Көрүнөт дайым көзүмө.
Аны ичкен сайын
жыргадым,
Аны ичкен сайын
дууладым.
Аны ичкен сайын кай
бирде,
Апамды жоктоп
ыйладым.
Аны ичпей калган
кездерде,
Анан мен минтип
ырдадым:
«Эстесем, жаным — арак
ай,
Элжирейт ичим аябай.
Эки күн сени ичпесем,
Эрте-кеч бугум тарабай,
Этимден азып кетемин,
Эмчектен чыккан
баладай».
Ошентип жүрүп оңбодум,
Тар болуп даңгыр
жолдорум,
Бир кезде жүргөн
башымда,
Бириндеп таттуу
ойлорум,
Өйдөдөн паска куланып,
Өзүмдү өзүм кордодум.
Жүрөгүм калып арактан,
Жүз жолу келип
токтоткум,
Жузүң курсун сенин деп,
Жүз жолу ага
коштоштум.
Чырмооктон бетер
чырмалып,
Жүз жолу кайра
достоштум.
Толгонуп кай бир
түндөрдө,
Торуна түшүп капанын,
Токсон миң ойду элестеп,
Томсоруп ойгоо
жатамын.
Ой менен узак жол
жүрүп,
Ой менен ашуу ашамын.
Тумандай самсып ал
ойлор,
Тутанган сайын тутанып,
Бардыгы орун талашат,
Башыма батпай
шыкалып.
Кыйнала берем уктабай,
Кышкы түн жылдай
узарып.
Көшүтүп жанды бир
кезде,
Көзүмдү илсем кичине,
Бир-бирден матап
келишип,
Мүйүзүн такап ичиме,
Буржугуй моюн, кызыл
көз,
Букалар кирет түшүмө.
Капыстан чочуп селт
этип,
Кайрадан дагы ойгоном.
Калтырай түшүп эс алып,
Кайрадан дагы ойлоном.
Капаска түшкөн кушка
окшоп,
Караңгы түнгө кор
болом.
Өйдө-ылдый жүрүп баа
бербей,
Өткөргөн күндү элестейм.
Ошондо дагы көбүрөөк,
Ойлонгон кишиң келет
бейм...
Өзү мас, тили мас эмес,
Өзүңдү дайым көп
эстейм.
Бузулуп каным кай
бирде,
Бул жактын таштап
очогун,
Сен менен бирге көрүүгө,
Ал жактын «бейиш»,
«тозогун»,
Жабышып барып жатсам
дейм,
Жаныңда болсо бош
орун.
Ашыгын күткөн жанга
окшоп,
Ар мүнөт көзүм чачырап.
Азаптуу узак түн кетип,
Атса дейм таңды
батыраак.
Ансайын сааттын жебеси,
Арт жагын көздөй
шашылат...
Акылым айтып өзүмө:
«Адам бол» деймин
жалбарам...
Убада берип өзүмө
«Унутпа» деймин
кайрадан...
Ичимден кайрып көп
сөздү,
Ичпейм деп катуу
карганам.
Бир кезде күткөн тан
атат,
Билинбей чыгам көчөгө,
Бар болгон акыл,
куулукту,
Баш билбейт экен жеке
эле...
Кош бутум көнгөн
жерине,
Көтөрүп жөнөйт өзү эле.
Түшүмө кирген сыяктуу,
Түндөгү каргыш, убадам.
Тумандай тарап туш-
тушка,
Түндөгү тарткан убарам,
«Баатырдан» согуп алган
сон,
Баардыгын эстен
чыгарам.
Бактымды байлап,
Мидике,
«Баатырың» кылды
баарысын.
Жайлантып жүрөк
калган кез
Жаш кезде каккан
кагышын.
Азайып кетип баратат,
Акылым, арым, намысым.
Топтошуп кээде
жармашкан,
«Достордун» көөнүн
кыйбадым.
Бир сопу болуп, бир
ичип,
«Тозокко түштү
ыйманым».
«Бөтөлкөбайдан» чыга
албай,
Бош кетти бир топ
жылдарым.
Айлакер экен «Ак
молдо»,
Азгырды мени ак жолдо.
Аракет кылып жүрөмүн,
Аз-аздап аны таштоого.
Араккеч акын атанып,
Арзыбай жүрөм
мактоого.
Баш жазып күндө таң
азан,
Махабат десем арашан,
Балакет экен «жинди
суу»,
Бар жагын байкап
карасам.
Басынып анын айынан,
«Баягы» болуп баратам.
Эки эсе менден көп
ичкен,
«Эрлер» бар кейпи
келишкен.
Бекитип үйүн ичинен,
Бөтөлкө менен өбүшкөн.
Дардайып сары текедей,
Талаадан ичем, мен
ичсем.
Эл анан кантип көрбөсүн,
Эси жок мендей иниңди.
Картөшкө мурун, шишик
көз,
Карашып сырткы
түрүмдү,
Тартайган кайран
Байдылда,
Тартыптыр, — дешет, —
Мидинди.
Кайрылбай кетти курч
убак,
Карыптай башым
шылкыят.
Өзүмдөн төмөн немелер,
Өөдөсүп кээде тыңсынат.
Басаңдап кетип баратат,
Байдыке дешип турчу
убак.
Качанкы сүйгөн убактай,
Кайрылып көнүл
сурашпай,
Кадырым сиңген кара
көз,
Каада күтүп, сыр ачпай,
Кашчу болду көргөндө,
Карышкыр кууган
улактай.
Имере тартып өзүнө,
Ичкиң деп турса арагым,
Итере түртүп колтукка,
Ичпе деп турат аялым.
Көңүлүн кыйбай
алардын,
Көк мээ да болуп
барамын.
Кыялкеч кыздай
назданып,
Кылтыңдап турса
арагым,
Тумшукка коюп ийчүдөй,
Тултуңдап турат аялым.
«А» тамга аттуу экөөнөн,
Аябаай байке жададым.
Балыктай дудук арагым,
Бакырчаак төөдөй
аялым.
Кимисине жагамын,
Киминин тилин аламын,
Дүнгүрөп эки кулагым,
Дүлөй да болуп барамын.
Ар жактан сага Мидике,
Айтсам көп болгон
жорукту,
Аялым менен арагым,
Айыгышкан «күндөш»
болушту
Экөө тең жеткен эр экен,
Элдеше албай коюшту.
Аныктап салып
текшерсем,
Акылга, ойго, сезимге,
Аларда кылдай күнөө
жок,
Айыптын баары өзүмдө.
Ал-күчүм жетет, ишенем,
Аракты «чанып» кетүүгө.
Аялым болсо, аялым,
Апасы төрт-беш
баламын.
Ак кирди кара чачыма
Ансыз мен кайда
барамын...
Ажырап «ЖИНДИ суу»
менен,
Ачсам деп жүрөм
кабагын.
Жумгалдык Мидин сен
элең,
Таластык иниң мен элем.
Керемет акын сен элең,
«Кешигиң» ичкен мен
элем.
Адам болсок, болгону
Ардагым сенсиң дээр
элең.
Араккеч мендей иниңе,
«Атаа» деп ичтен күйгөн
бар.
Ачылбай жаткан
сырымды,
Айтпасам деле билген
бар.
Ангекке кулап өлсө деп,
Артымдан тилеп жүргөн
бар...
Кеп-сөздү кимдер
укпаган,
Кемчилик кимге
жукпаган...
Быкшыган кабак
жыттанбай,
Буюрса атыр жыттанам.
Баш ийбей толгон
тоскоолго,
Баардыгын жеңет
мыкты адам.
Кеткенге келбейт
жашыгым,
Кең кылсын анын
акырын.
Кекиртек жагым
болбосо,
Кем эле кимден
акылым...
Жоргомдон танып
калсам да,
Жортокчо бардыр
басыгым.
Заманам барат закымдап,
Ай эмес Күнгө жакындап.
Мезгилдин калбай
артында,
Мен дагы жөнөйм
такымдап.
«Оттуу суу» менен
Мидике,
Ойнобойм эми
«жашынмак».
Бир кезде жетим, жаш
элем,
Кийимсиз элем, ач элем.
Душманым койду
тумшукка,
Тууганга деле жат элем.
Бакытка мени жеткирди,
Партия болуп ата-энем.
Жанылбайм эми Мидике,
Жазуучу болгон
жолумдан.
Карагөр тартып алгыча,
Калемим түшпөйт
колумдан.
Кайрылсам кайра
аракка,
Калганым адам
болуудан...
Башына жетпей
максаттын,
Көп ичтин сен да, аз
жаздын.
Эрте өлбөй тирүү
болгондо,
Эмгиче көзүн
«ачмаксын».
Эл сүйүп башка
жаздаган,
Эчен бир китеп
жазмаксың.
Көп айткан менен пайда
жок,
Көрүнмөк белең
айтканда...
Кайрылмак белең элиңе,
Канчалык кел деп
жазсам да,
Өмүр, бак каалайм
таланттуу,
Өзүңдөй өткүр жаштарга.
Калтырбай арман,
сырымды,
Кат менен сага
жибердим.
Жол каратып акыйтпай,
Жообун тез салып
жибергиң.
Чындыгын «ошол
дүйнөнүн»,
Чындык кат келсе
билеермин.
Бул жактын айтып
кабарын,
Ал жактан кабар
сурадым.
Бардыгын толук баянда,
Бар эле бир топ
чыдамың
Ортодон жыйырма жыл
өттү,
Өзгөргөн жокпу
турагың?
Улгайган сайын кээ адам,
Унутчаак болот
көрүнөт...
Жашаган үйүң номерсиз,
Жанылып жаздым көп
ирет.
«Алыбаев Мидинге,
АЛА-АРЧА КӨРҮСТӨНҮ»-деп
...
(уландысы комментте)
Байдылда Сарногоев

МИДИНГЕ. - 836021304990
  • 007 Midinge kat - 007 Midinge kat
  • 007 Midinge kat - 007 Midinge kat.mp3

Комментарии

  • 4 окт 2015 21:11
    Партия берген багы тең,
    Бөлүшүп жеген наны
    тең,
    Оргуштап турган
    таланты,
    Опол тоо эле баары тең.
    Окшошуп бирге журөбү,
    Осмонкул, Калык,
    Алыкем?
    Үчөө тең ырдын кенчи
    эле,
    Элинин эрмек, көркү эле.
    Көнөктөп нөшөр
    куйгандай,
    Көп жерде ырдап берчү
    эле.
    Баарына менден салам
    айт,
    Балдары сыңар көрчү
    эле.
    Байкасаң өмүр жардыгы,
    Бактылуу, кээде
    кайгылуу...
    Дүйнөгө келип адамдар,
    Дүйнөдөн өтөөр ар
    жылы.
    Жаман экен, өзүндөй,
    Жакшы адамдан
    айрылуу.
    Кыйлага кеткен атагы,
    Кыргыздын Муса, Атайы,
    Обон, күү менен өздөрүн,
    Өмүрлүү кылып жасады.
    Окшошкон шайыр кош
    булбул,
    Ошолор эсен жатабы?
    Уюткан уккан адамды,
    Үн болбос Муса үнүндөй.
    Күлдүрүп черткен
    ойнотуп,
    Күү болбос Атай күүндөй.
    Бирге экөө дале жүрөбү,
    Бул жакта жүргөн
    тирүүндөй?
    Эстесек кылым,
    жылдарды,
    Эч качан өлбөй ким
    калды...
    Жемишин берип Жер-
    Эне,
    Көрсөтүп бир топ
    жыргалды,
    Ойнотуп жүрүп үстүндө,
    Оп тартып алат
    турбайбы...
    Оп тартса мейли
    кезинде...
    Жаралдык жанып
    өчүүгө,
    Эмгеги менен көп адам,
    Эстелип элдин эсинде,
    Өмүрлүк жашап
    жүрбөйбү,
    Өчпөстөн жердин
    бетинде.
    Сүйбөгөн жанды
    сүйдүргөн,
    Күлбөгөн жанды
    күлдүргөн,
    Куйругун толгоп
    музоонун,
    Куйручук чалды
    "күйдүргөн",
    Тамшантып улам
    укканды,
    Таң атса кайра түн
    кирген.
    Калемпир эле ар кеби,
    Кайрылбай кетти,
    кантели...
    Калтырган куудул
    сөздөрүн,
    Кадырлап сүйгөн жалпы
    эли,
    Саламат, эсен жүрөбү,
    Сары-Өзөн Чүйдүн
    Шаршени?
    Комузга элпек колдору,
    Кол эмес эле жоргобу!
    Көп күүсүн чертсе эл
    тургай,
    Көшүгөн Кыргыз
    тоолору,
    Сакадай болгон залкар
    чал,
    Сагындык Карамолдону.
    Атамдай эле ал киши,
    Ар сөзү кымбат сезилген.
    Боздосо "Көкөй кестиси"
    Мончок жаш агат
    көзүмдөн.
    Жараткан жаңы
    күүлөрүн,
    Жаздыртып жибер
    эфирден.
    Ыргактап черткен
    комузду,
    Ыбрай залкар комузчу.
    "Жаш тилек", "Жеңиш",
    "Боз салкын",
    Жагымдуу күүлөр
    болушту.
    "Паровоз" күүсүн
    бакыртса,
    "Бах" дедиртчү орусту.
    Санаалаш Мидин жан
    ага,
    Салам айт ошол абама.
    Белектеп эски комузун,
    Берди эле менин балама.
    Кайрыгын жүрөт
    үйрөнүп,
    Калган жок сөзү
    талаада...
  • Комментарий удалён.
  • 4 окт 2015 21:14
    Сан күндөр айткан
    "Манасты"
    Саякбай залкар манасчы,
    Гомери дешип
    кыргыздын,
    Көп элдер ага карашчу,
    Казына, байлык, кен эле,
    Кандай сөз айтса
    жарашчу.
    Обдулуп "Манас"
    айтканда,
    Океан эле, киши эмес,
    Тайтору атты чапканда,
    Тартылчу көзгө жүз элес.
    Татар да ыйлап жиберчү,
    Так ошол жерде биз
    эмес...
    Сакеме менден салам де,
    Саламат бекен абам де.
    Жашы улуу, жаны курбу
    эле,
    Жазбады бир ооз кабар
    де.
    "Кефир, сүт ичип жүрөм"
    дейт,
    Кекиртек жактан аман
    де...
    Атактуу артист
    Шекербек,
    Мурутун жанып
    чепеңдеп,
    Сайратчу эле комузду,
    Буроосун бурап
    бекемдеп.
    Айтышчу эле көргөн эл,
    Атайдай чертет экен, -
    деп.
    Комуздан алып бойго
    шык,
    Колдорун тынбай
    ойнотуп,
    "Көк тамакка" Таластын,
    Көк токоюн бойлотуп,
    "Ак тамакка" Аксынын,
    Аркыт жагын ойлотуп...
    Черткенин чебер чертчү
    эле,
    Чертмектен мөндүр
    төкчү эле,
    Байкалып, кээде
    байкалбай,
    Манчасы бийлеп кетчү
    эле.
    Шекеме менден салам
    бер,
    "Шеринебиз бирге" өтчү
    эле.
    Чалагыз абам тың бекен,
    Колунда комуз, кыл
    бекен.
    Жазуучу жагы бар эле,
    Жазганы жомок, ыр
    бекен?
    Бүк түшкөн кезде сала
    албай,
    Бүркүтүн эмне кылды
    экен?
    Сакеме мүмкүн
    бергендир,
    Сакемди ышкы
    жеңгендир.
    Картайсам деле салам, -
    деп,
    Капталга чыгып
    келгендир...
    Мүнүшкөр болуп
    Мидике,
    Бүркүттү эми сен
    көндүр...
    Жазганын сүйгөн жаш,
    кары,
    Жантөштүн уулу
    Касымалы,
    Кара сөз жакка келгенде,
    Карчыга эле таптагы.
    Эртерээк кетип калды
    деп,
    Эл-журту көзүн
    жаштады.
    Өмүрү - суусу дагы көп,
    Окулуп жүрөт
    "Каныбек".
    Укмуш экен Касыкем,
    Роман жазган жаны бек.
    Ага да менден салам айт,
    Айтчу эле "тентек сары"
    деп.
    Касымалы ата, карыя
    Калыс сөз сүйлөп
    баарына,
    Жетимиш жашты
    желкелеп,
    Оогондо сексен жагына,
    Оңбогон опкок шум
    ажал,
    Оп тартып алды аны да.
    Арытып эчен ай, жылды,
    Аз эмес эмгек ал кылды.
    Аксакал, назик
    таланттан,
    "Ажарды" жазган
    агаңды,
    Алдынан тосуп
    алдыңбы?
    Кукеңдин айтчы
    дайынын,
    Курагы келип карынын,
    Кулагым укпайт дечү эле,
    Кудайга коюп айыбын...
    Кыйкыртып тыңшап
    жүргөндүр,
    Сен айткан сөздүн
    жарымын.
    Кеп-сөзгө чечен жан эле,
    Көп кырдуу талант ал
    эле.
    Көптөгөн көркөм
    жанрлар,
    Колунан келчү баары
    эле...
    Бир тынбай жазып
    жатабы
    Бул жакта кездей дагы
    эле?
    Хрусталь үнү бар эле,
    Күндө ырдаса айныбас.
    Жылаажын үнү бар эле,
    Жылда ырдаса айныбас.
    Саламат, эсен жүрөбү,
    Залкар талант Абдылас?
  • 4 окт 2015 21:17
    Тамшантып элин ал
    жактын,
    Дагы эле ырдап
    жаткандыр.
    Музыкасын уккандар,
    Муюшуп ойго
    баткандыр,
    Калалык катуу кубанып,
    Кааласа бизге кат
    салдыр.
    Ойлонуп көрсөк
    турмушта,
    Өмүр бул - учкан бир
    куш да...
    Осмондун уулу Алыкул,
    Омоктуу акын кыргызда.
    Отуз төрт жашта
    жайрады,
    Ободон учкан жылдызча.
    Улантып калган өмүрүн,
    Ырлары гүлүн ачкан кез.
    Баласыз, жарсыз болсо
    да,
    Бактысын элден тапкан
    кез.
    Унутпай ысык саламды
    айт,
    Устатым эле ачкан көз.
    Жагымдуу симфониясын,
    Жалпы калк уккан
    кызыга.
    Бүт бою, жүргөн турганы,
    Музыка эле нукура.
    Жемиштүү тилек, оюнун,
    Жете албай кетти учуна.
    Арагын тартып жиберип,
    Даракка, тамга сүйөнүп,
    Тамтаңдай басып жүрсө
    да,
    Таланты турчу бүлөнүп.
    Бөлүнбөй сенден жүрөбү
    Бөтөлкө досуң Тулеев?
    Чолпону кыргыз көгүнүн,
    Гүлү эле кутман
    жеринин.
    Аккусу эле ай тамак,
    Айтылуу Ысык-Көлүнүн,
    Бий жакка берген жан
    эле,
    Бүт бойдон талант,
    өмүрүн.
    Жоругу, мүчө, өң түсү,
    Жомоктон уккан пери
    эле.
    Бийчи экөө болсо
    дүйнөдө -
    Бири анын Бүкөш эже
    эле,
    Жаркырап турган
    Чолпонду,
    Жашырып алды Жер-
    Эне.
    Ал жакта болсо театр,
    Ар түрлүү элден
    киргендир.
    Тамшанып, таасын
    талантын,
    Далайлар чаңкап
    сүйгөндүр.
    Айтып кой элдин
    сагынчын,
    Айтаарым сага бирден-
    бир.
    Калк сүйгөн актёр
    оңойбу,
    Кайгы-муң мындай
    болоорбу...
    Океан соолсо кокустан,
    Ордуна кайра толоорбу...
    Өзүңдөй талант
    Муратбек,
    Ортодо турбай
    «жоголду».
    Мукемдей залкар
    таланттар,
    Мин киши болсо эл үчүн.
    Билинбей кирип жок
    болгон,
    Бир өлүк тура гөр үчүн.
    Эсине салгын жолуксаң,
    Эл-журттун ыйлап,
    кейишин.
    Бектендин уулу
    Касымалы,
    Чалса да кара чачын ак,
    Куйкумдуу куудул
    сөздөрдөн,
    Курап айтып азыраак,
    «Кургурум Мидин
    болсо...» деп,
    Кулагын жүрчү
    кашылап...
    Калкынан кетти бөлүнүп,
    Кабылып ажал —
    капканга.
    Ырыстуу өзүн сезчү эле,
    Райкан менен басканда...
    Ыйлаган жокпу
    шолоктоп,
    Райкан экөөң тапканда?
    Шименин уулу Смарды,
    Чын, калппы... лирик
    дечү элең
    Ырларын окуп бергенде,
    Ыйлайт деп кыздар
    көчөдөн.
    «Ыйлайт» деп айткан
    сөзүңө,
    Ишене бербейм жеке
    мен...
    Ал жактын келин,
    кызына,
    Ыр окуп Смар жүрөбү?
    Бул жактын келин,
    кызындай,
    Алар да ыйлап иеби?
    Атайлап менден салам
    айт,
    Ага эле таза жүрөгү.
    Өзүңдүн кандай абалың,
    Өзгөрдү бекен тамагың?
    Ооз тийип дале жүрсүңбү
    Ошол жактын арагын?
    Балалуу болгон
    чыгаарсың,
    Бар болсо алган аялың...
  • 4 окт 2015 21:19
    Жалкоолук кылып көп
    жазбай,
    Жашадың жармач бу
    жайда.
    Каргашалуу «жинди
    суу»,
    Карабайт тура убалга...
    Жай бөлөк болуп
    кеткени,
    Жаздыңбы жакшы
    чыгарма?
    Кызыгын көрбөй
    турмуштун,
    Кыйла жыл кычкыл суу
    жуттуң.
    Ободон жанган таң азан,
    Өзү элең Чолпон
    жылдыздын.
    Табигат берген белектин,
    Талаага көбүн
    ыргыттың.
    Көңүлдөш жакын
    жансың да,
    Көп эле сөз бар айтууга...
    Ак билек жеңе, «Ак
    чүчүң»
    Айтылат дайым
    калкыңда.
    Ийнедей ичке болсо да,
    Издериң калды артыңда.
    Карысы ичтен күдүндөп,
    Жаштары жайнап
    күлүңдөп,
    Жатышат жаттап
    ырыңды,
    «Жашасын биздин
    Мидин» деп.
    Халтурщик болсоң кап
    курсак,
    Капкачан сенден
    түңүлмөк...
    Сен андай акын эмессиң,
    Ырлары ыкшып
    жөтөлгөн.
    Кулкуну үчүн далбастап.
    Куржундап акча
    көтөргөн.
    Сен андай акын эмессиң,
    Өзү өлсө кошо сөзү
    өлгөн.
    Тубаса тунук талантың,
    Туулган бирге энеден.
    Арагын үчүн сандалып,
    Арылбай өттүң жемеден.
    Кантейин сени Мидике,
    Кайсы акындан кем
    элең?!
    Эң жакын көргөн
    адамым,
    Эмесе акын агайым,
    Энекең төрөп, өскөн жер,
    Эл-журттан кабар
    салайын.
    Эчен жыл болду
    көрбөдүң,
    Элестеп, уккун далайын.
    Мен өлсөм эмне болду
    деп,
    Биз жактан жаман ой
    кылба.
    Асмандын болуп түркүгү,
    Ала-Тоо турат ордунда.
    Айтылуу Соң-Көл да
    жатат,
    Ай, жылдыз түнөп
    койнунда.
    Бактылуу кыргыз эл
    эсен,
    Байлыгы тапкан жер
    эсен.
    Төрт түлүк жүргөн төр
    эсен,
    Көгүлтүр Ысык-Көл эсен.
    Мекениң гүлдөп турган
    чак,
    «Мен гана жокмун»
    дебесең.
    Аптапты тоотуп
    койбогон,
    Аяздуу кышта тоңбогон.
    Өз камын мурун
    ойлобой,
    Өлкөнүн камын ойлогон.
    Баар тапкан маңдай
    теринен,
    Баатырлар чыкты
    ондогон.
    Жылдыздуу биздин
    көгүбүз,
    Жылдыздуу биздин
    элибиз.
    Жылдызга бизди
    жеткирген,
    Ак эмгек, алтын
    пейлибиз.
    Манастай эле
    даңкталдык,
    Мактанбай айтсак эми
    биз.
    Күн сайын толгон
    жаңылык,
    Күрдөөлдүү эмгек шаңын
    ук.
    Тар кечүү, тайгак
    ашуулар,
    Тайманбас элге багынып,
    Ош — Фрунзе жол бүттү,
    Ойдогудай салынып.
    Токтотуп эчен дайраны,
    Тоо койну көлгө
    жайнады.
    Илбирстер жүргөн жайга
    да,
    Ильичтин жанды
    шамдары.
    Керемет ГЭСтер курулуп,.
    Келтирди сансыз
    пайданы.
    Суу жетпес жерге суу
    барды,
    Бой тиреп эгин ыргалды.
    Короз да тандап чокуп
    жейт,
    Корсунтуп конок,
    буудайды.
    Эрменге кошуп арпа жеп,
    Эчки да көрдү
    жыргалды.
    Түштүгүң түмөн ак пахта,
    Түйшүкчүл жетти
    максатка.
    Алардын албан иштерин,
    Акындар бүтпөс мактап
    да,
    Калкына берген
    пайдасын,
    Каттоочу бүтпөс каттап
    да.
  • 4 окт 2015 21:22
    Жибербей текке бир
    күнүн,
    Жылмая карап бир-
    бирин,
    Ынтымак менен эл
    иштеп,
    Ырыска тунду Түндүгүң.
    Кыйла өлкө билген, даа
    билди,
    Кыргыздын бүгүн
    кимдигин...
    Ыңкыган байлык каякта,
    Ысык-Көл, Нарын,
    Таласта.
    Уюна чейин эгиз тууп,
    Ийгилик арбын а жакта.
    Мекенге кошкон
    салымын,
    Бере албайм айтып,
    санап да.
    Төрлөргө батпайт төрт
    түлүк,
    Төлдөттүк баарын
    өстүрүп.
    Булутту чапчып туягы,
    Буулугуп чуркайт көп
    күлүк.
    Мурутун жанып
    жылкычы,
    "Буденный минсе, ээ"
    дейт күлүп.
    Башынан байбыз
    тоолорго,
    Тоолор бай аппак
    койлорго.
    Ал койлор дагы көбөйүп,
    Он беш миллион
    болгондо,
    Ошондо дагы кат жазам,
    Олтуруп алып чоң жонго.
    Керектүү кезде уялбай,
    Кесипке кесип алмашып,
    Келин, кыз тоодо мал
    бакса,
    Жайыттан жайыт
    тандашып,
    Уландар уй саайт
    жакада,
    Уйларды туурап жай
    басып.
    Сан жеткис тонна эсеби,
    Сары-Өзөн Чүйдүн
    шекери.
    Күңгөй-тескей Ала-Тоо,
    Гүл аңкып өрөөн, өзөнү,
    Күйөөгө барчу кызга
    окшоп,
    Кулпунуп турган кезеги.
    Экскаватор, бульдозер,
    Эмгекте күчү теңелип,
    Жепирейген тамдарды,
    Желкеге коюп чөгөрүп,
    Заңкайган үйлөр
    салынып,
    Шаарлар өстү кеңейип.
    Фрунзе жашыл калаада,
    Жок болгон эшек араба.
    Уйлар жок азыр
    мөөрөгөн,
    Райкан жазган талаада.
    Достуктун паркы орноду,
    Топтолуп ошол арага...
    Отуз жыл мурун көз
    жумган,
    Өлгөндөр кайра тирилсе,
    Өз үйүн таппай ар бири,
    Өйдө-төмөн жүгүрсө,
    Кай бири шашып,
    сурашмак,
    Кайда, — деп, — борбор
    Фрунзе?!
    Чынында борбор
    өзгөрдү,
    Өзгөргөнүн көз көрдү.
    Бир топ жыл бою
    эңсетээр,
    Бир мейман болуп
    кеткенди.
    Укмуштай кооз шаар, —
    деген,
    Угабыз мактоо сөздөрдү.
    Илгерки түркөй элиңде,
    Илим да канат жайды
    бат.
    Доктордон кемчил
    эмеспиз,
    Тоолукта тоодой бар
    кубат.
    Ээрчишип экөө баратса,
    Экөөнүн бирөө кандидат.
    Артынып алып атына,
    Ар түрдүү аспап, күрөгүн,
    Таякесиндей тааныган,
    Таштардын көрсө
    иреңин,
    Геолог чыкты ондогон,
    Тыңшаган жердин
    жүрөгүн.
    Бир кезде акын Алыкул,
    Бул жагын терең
    караган.
    Илимпоз арбын чыкса
    деп,
    Ыр жазып далай самаган.
    Сүйүнчүлөп айтып кой,
    Сүйүнүп калсын жан
    агам.
    Арышын кенен таштады,
    Азыркы кыргыз
    жаштары.
    Орустун тилин бул кезде,
    Өз эне тилдей жаттады.
    Англис, немец тилинен,
    Лекция окуй баштады.
    Бакырган бакшы, бүбү
    жок,
    Түнүбүз бейкут таң атат.
    Өлүмгө кетчү адамдын,
    Өмүрүн кайра да жасап,
    Врачтын саны көбөйүп,
    Молдолор калбай
    баратат.
  • 4 окт 2015 21:25
    Жумушчу саны дагы
    өсүп,
    Жулунуп барскан урган
    чак.
    Болотту бордой эритип,
    Чоюнду чоктой кылган
    чак.
    Мал баккан элдин
    колунан,
    Баардыгы келип турган
    чак.
    Ыргалып бассаң
    куйүнгөн,
    Ичпей шыр бассаң
    сүйүнгөн,
    Көңүлү жакын, пейли туз,
    Көргөндө «кел» деп
    ийилген,
    Кабар ал эми Мидике,
    Калемдеш ага-иниңден.
    Ардактуу наамга ээ
    болгон,
    Арбыды ЭЛДИК АКЫНДАР.
    Бааланган
    чыгармасынан,
    Бардыгы барктуу
    асылдар.
    Менин да наамым жок
    эмес,
    Мээнетке шайкеш атым
    бар.
    Аксакал акын баарынан,
    Аалыкең болсо карыган.
    «Маза жок, балдар» деп
    коёт,
    Тая элек бирок табынан.
    Күлүңдөп жүзгө чыксам
    деп,
    Күчөнүп барат дагы
    улам.
    Аккула аттай арымдуу,
    Жазганы дале жалындуу.
    Кемчилик болбой коёбу,
    Кээ бирде жазат
    чарымдуу.
    Карыны сыйлоо —
    салтыбыз,
    Калкына дайым
    кадырлуу.
    Аралаш жүрдүн
    жашыңдан,
    Аалыкем өткүр
    акындан...
    Тар кечүү тайгак жол
    басып,
    Тайманбай ашып
    ашуудан,
    Социалисттик Эмгектин
    Баатыры болду
    бакыйган.
    «Тентек» деп сени аяган,
    Темикең болсо дагы
    агаң.
    Жазбайсыз деп жүрчү
    элең,
    Жазылып бүткөн
    Араван...
    Жаңгагын чагып ал эми,
    Жаңы-Жол жакка
    караган.
    Баягы бала кыялы,
    Бакылдап жүргөн убагы.
    Көп жазат сүйүү
    ырларын,
    Көз кысып кыздар
    турабы...
    Кайраттуу басып, карт
    күлөт,
    Картайбайт окшойт
    сыягы.
    Түйшүкчүл киши ар
    дайым,
    Түкөңдүн уксан ал-
    жайын,
    Ыраазы болбойт өзүнө,
    Роман бүтүп салмайын.
    Ыр жакка бөлөт көрүнөт,
    Убактысынын
    калганын...
    Кыргыздын өткөн
    баштагы,
    Тарыхын жаза баштады.
    Кай бирөөлөргө жакса
    да,
    Кай бирөөлөргө
    жакпады.
    Оңдолоор деген ойдобуз.
    Омоктуу чыкса арт
    жагы...
    Китебин Түкөм
    жашынан,
    Кичине жазып көнбөдү.
    Өзүндөй чоң-чоң роман,
    Элине арнап бергени,
    Ошонун бирөөн Мидике,
    Окудуң беле сен деги?
    Абыкең болсо табында,
    Айтайын анын жайын да
    «Алтын тоо» деген
    китебин,
    Айтышат ар бир айылда.
    Арымдуу иштеп баратат,
    Алтымыш ашкан
    чагында.
    Ден соолук жактан кеп
    салат,
    Кээ бирде башым деп
    калат.
    Кээ бирде «кайран
    жаштык» дейт,
    Келин-кыз көрсө көп
    карап.
    Алабы керек дарысын,
    Аптека жакка көп барат.
    Насирдин болсо
    курбалың,
    Кыш, жайы басып
    кырманын,
    «Оп майдасын» он айтып,
    Олчойгон эмгек кылды
    аның.
    Түгөнөөр эмес дүрмөтү,
    Түшүнүп койгун бул
    жагын.
    Кай бирде жазат «Кум
    казал»
    Кай бирде жазат «Таш
    казал».
    Бүтмөйүнчө эс албайт,
    Бир чыгарма баштаса ал.
    Жакында мага жолугуп,
    Жазам, — дейт, — эми
    «Мас казал».
    Сүйүнбай иниң ал да өстү,
    Суктана карап ай, көктү.
    Жылдызга кылып
    саякат,
    Жылдыздан көрүп ал
    көптү,
    Уйкашсыз ырдан баар
    таппай,
    Уйкаштуу ырга кайра
    өттү.
    Адегенде уйкашсыз —
    «Ак ырды» Сукең
    баштады.
    Кээ бирөө аны туурайм
    деп,
    Келесоо боло жаздады...
    Ачыгын айтсам Мидике,
    «Ак ырың» элге
    жакпады.
    Айтматтын уулу
    Чынгызчы...
    Сакасын айкүр тургузду.
    Гүлсары атын күүлөнтүп,
    Күн, Айды көздөй
    зыргытты.
    Дүйнөгө жайып атагын,
    Дүң кылып жатат
    кыргызды.
  • 4 окт 2015 21:27
    Жазганы жаза кетпеди,
    Жай-кышы бирдей
    көктөдү.
    Лауреат, элдик жазуучу,
    Өөрчүдү өткүр сөздөрү.
    Көп өлкө, шаарды
    кыдырып,
    Космоско гана жетпеди.
    Кубаныч, Муса
    курдашың,
    Куттуктап тосуп ыр
    жазып,
    Ар жылдын арбын
    планын,
    Аткарып жатат шыр,
    бачым.
    Шыйракка чаап
    сынчылар,
    Экөөн тең дурус кылды
    акын.
    Өзгөрүп азыр Кубаныч,
    Отоо чөптөн тазарды.
    Жазып жаткан ырынын,
    «Жашасыны» азайды.
    Календарды карабай,
    Кадимки акын атанды.
    Муса да мурункусундай,
    Жүүнү бош ырды жаза
    элек.
    Анткени азыр китеби,
    Складка жата элек.
    Сооронбай бардыр
    эсинде,
    «Дүрбүсү» дале көзүндө.
    Акындык жагын
    билээрсиң,
    Аракет кылып жүрөт
    бейм,
    Ай менен Күнгө жетүүгө.
    Убада сөзгө так жүрет,
    Ушактын сөзүн аз билет.
    Убактым текке кетирбей,
    Ыр жазып алсам жакшы
    деп,
    Көрүнбөй тааныш
    мастарга,
    Көчөдө дайым сак жүрөт.
    Шүкүрбек иниң жаш
    бойдон,
    А бирок чачы ак болгон.
    Балдарга барктуу
    жазуучу,
    Барганы сыйлуу жак
    болгон...
    «Ак тайлагын» жетелеп,
    Ал жүрөт көөнү шат
    бойдон.
    Кай бирде калсам
    жолугуп,
    «Кандай?» деп айтат
    чоюлуп.
    Чоюлса мен да чоюлам,
    Каламбы андан
    корунуп...
    Катуу сөз айтпайм бирок
    да,
    Кантсе да жашы, жолу
    улук.
    Сатира жактан жакының,
    Кайымдын уулу
    Касымың.
    Сүрдөнчөөк, уяң кызга
    окшоп,
    Сүйлөгөн менен акырын,
    Куйкум сөз жагын
    арбытып,
    Күчөтүп барат басыгын.
    Улгайбай, өлбөй жашаар
    деп,
    Узаттым узак сапар деп,
    Урматтап улуу агасын,
    Роман бүттү «Атай» деп,
    Дем алып жүрөт
    курортто,
    Ден соолук жагым начар
    деп.
    Билчү элең бир топ
    таскагын,
    Мукамбеткалый,
    Акбарың,
    Өзүңдүн чырга сүйрөтүп,
    Өстүрүп чыккан
    жаштарың.
    Аз көрөм ичкен мас
    чагын,
    Көп көрөм жазып
    жатканын.
    Бакылдап кээде жүрөбүз,
    Балдары окшоп бир
    үйдүн.
    Кудасы болдум
    кыйышпас,
    Мукамбеткалый
    иниңдин.
    Курч сөзүң менен
    Мидике,
    Куттуктоо жазып
    сүйүнгүн...
    Жапаркул, Жалил,
    Шатманың,
    Жалындуу кылып
    жазганын,
    Кенебей кечтин
    киргенин,
    Байкабай таңдын
    атканын,
    Майкачан болуп
    эргулдар,
    Байытты талант
    жактарын.
  • 4 окт 2015 21:29
    Үчөө тең татпайт аракты,
    Үчөө тең мактайт
    тамакты.
    Медициналык илимден,
    Беришип мага сабакты,
    Илдетиң кетет көбөйүп,
    Ичпе, — деп дайым
    жадатты.
    Турчу эле сынды
    жактырбай,
    Тууганын «туйгун»
    Качкынбай,
    Өзүнүн мактап жазганын,
    Өзгөгө бир сөз
    айттырбай,
    Жобурап жүрөт дагы эле,
    Жолдошун бура
    бастырбай.
    «Азаптын тагын» баш
    кылып,
    Ал дагы өстү алынча.
    Балдарга кетет кошулуп,
    Чоңдорго кээде
    таарынса.
    Өпкүлөйт кыздын
    куурчагын,
    Өткөнүн эстеп, сагынса...
    Алганы Жоомарт
    агаңдын,
    Айчүрөк — Тенти
    жеңекен,
    Жол жорголуу таланты,
    Жокемден жукту
    дебесең...
    Атактуу акын ал болду,
    Аялдан чыккан эр экен.
    Тунук бейм туңгуч
    махабат,
    Турбаса деле бир болуп...
    Тармал чач залкар
    жарына,
    Дагы эле тийип күн
    болуп,
    Кеп айтпас эстелигине,
    Кез-кезде кетет гүл
    коюп.
    Өзү эле акын чыктыбы,
    Өзүңдөн мүмкүн
    жуктубу...
    Жыпариса женем да,
    Ыр жазган жакка
    ышкылуу.
    Керилип басат көчөдө,
    Кете элек дале кыз сьны.
    Көп кезде шайыр жүрсө
    да,
    Кээ бирде көңүл чөгөрөт.
    Өзүндү эстеп Мидике,
    Ойлору кетет жетээлеп...
    Мас болсо дале
    жанымда,
    Басканы жакшы эле деп.
    Ылымсып калат
    көргөндө,
    Райкан байкем аялы.
    Ыр менен комедияга,
    Ышкылуу дешет а дагы.
    Байкемди тартса ал
    жеңем,
    Баатырдык ишке
    жарады.
    Бирөөлөр айтат
    жакында,
    Пьеса жазып жатат деп.
    Бирөөлөр айтат
    жакында,
    Ырларын «Чалкан» басат
    деп.
    Айтып кой мактап
    досуңа,
    Ажарың сенден ашат
    деп.
    Башына өзүн жетпеген,
    Парнасты дайым
    көксөгөн.
    Азыркы улан,
    кыздардан,
    Акындар чыкты
    көптөгөн,
    Белсемдүу ийги иштерин,
    Бере албайм беш ооз сөз
    менен.
    Катуулап учуп кай бири,
    Канаты эфир тилүүдө.
    Элине эрке аталып,
    Ээ болуп алкыш, сүйүүгө,
    Айтылып жүрөт
    макталып,
    Ар кайсы калктын
    тилинде.
    Ташыркап акын —
    жазуучу,
    Таланты мокой калганда,
    Кадимки калыс
    сынчылар,
    Кашкайта кайрап
    салганда,
    Ташкындап турат дечү
    эле,
    Табына келип ал кайра.
    Самаган уулу Жээнбай,
    Сынчынын эле балбаны.
    Баарыбызга маалым го,
    Пайдасы менен
    жаңжалы...
    Ал өзү кетип сен жакка,
    Артында калды кайрагы.
    Жакиштин уулу Өмүркул,
    Жазды эле бир топ
    сындарды,
    Улгайган сайын аз
    иштеп,
    Узатып соңку жылдарды,
    Бул дагы кетип сен
    жакка,
    Мунун да орду кур
    калды.
    Беркисин бир аз-
    мактасак,
    Аркысы жаман көрөт
    деп,
    Аркысын бир аз
    жактасак,
    Беркиси муунуп өлөт
    деп,
    Санаркап жүргөн кези
    бейм,
    Шаршенбек менен
    Кенешбек.
    Экөө тең өткүр, курч эле,
    Экөө тең өжөр сынчы
    эле.
    Халтура болсо мойсойм
    деп,
    «Канжарын» камдап
    турчу эле,
    Момпосуй соруп бул
    кезде,
    Момоюп жүрөт тынч эле.
    Өнтөлөп дайым
    көргөндө,
    Өзүңдү барктап, сыйлап
    көп.
    Тилинде тикен, мурчу
    бар,
    Түшүнгөн иниң
    Кымбатбек,
    Кубанып кээде калчу
    элең,
    Куйкум сөз жакка
    кылдат деп.
    Кубанып биз да окудук,
    Көп сынын көнүл
    жыргатып.
    Кийинки кезде
    унчукпайт,
    Жыргаган жанды
    «кууратып»,
    Журналист болуп кеткен
    дейт,
    Жүдөгөн окшойт сын
    жазып.
    Мидике, мында сен
    барда,
    Муруту чыккан
    жаңыдан,
    Анча-мынча билишкен,
    Адабий сындын
    жайынан,
    Таланттуу жаштар
    жетилди,
    Такшалып баардык
    жагынан.
  • 4 окт 2015 21:32
    Бул жаштар сындын
    сыймыгы,
    Бир тобу чоң иш
    аткарып,
    Коркута бербей ыгы
    жок,
    Колуна союл, балта
    алып.
    Калыс сын жазып
    жүрүшөт,
    Кара кылды как жарып.
    Эмесе мындай деп туруп,
    Бул жагын артка
    таштайын,
    Өзүңө бирге өттү эле,
    Октолуп турган жаш
    чагым,
    Өзгөнү айтып
    бүткөнсүйм,
    Өзүмдөн сөздү
    баштайын.
    Мен болсом жүрөм мен
    болуп,
    Медерим — Мекен, эл
    болуп.
    Бир акындан кем болуп.
    Бир акынга тең болуп.
    Кемидим арак-шараптан,
    Келтекти бир топ жей
    коюп.
    Энекем мени тууганда,
    Оозантса сары май
    менен,
    Сен болдуң мени Мидике,
    Оозанткан «арак-чай»
    менен.
    Тез эле кеттим үйрөнүп,
    Дээримде менин бар
    белем...
    Көз кыссаң, мен да көз
    кысып,
    Көнүккөн сайын
    көнүктүм.
    Окуткан кишим сен элең,
    Өзүңдөн кээде көп ичтим.
    Суйкайган тунук «жинди
    суу» —
    «Суусу го, — дедим —
    бейиштин»
    Тарткандай магнит
    темирди,
    Тартат да турат өзүнө.
    Дүкөндө түрлүү
    шишелер,
    Түк кетпейт түшүп эсиме.
    Ашыгым болуп
    баардыгы,
    Көрүнөт дайым көзүмө.
    Аны ичкен сайын
    жыргадым,
    Аны ичкен сайын
    дууладым.
    Аны ичкен сайын кай
    бирде,
    Апамды жоктоп
    ыйладым.
    Аны ичпей калган
    кездерде,
    Анан мен минтип
    ырдадым:
    «Эстесем, жаным — арак
    ай,
    Элжирейт ичим аябай.
    Эки күн сени ичпесем,
    Эрте-кеч бугум тарабай,
    Этимден азып кетемин,
    Эмчектен чыккан
    баладай».
    Ошентип жүрүп оңбодум,
    Тар болуп даңгыр
    жолдорум,
    Бир кезде жүргөн
    башымда,
    Бириндеп таттуу
    ойлорум,
    Өйдөдөн паска куланып,
    Өзүмдү өзүм кордодум.
    Жүрөгүм калып арактан,
    Жүз жолу келип
    токтоткум,
    Жузүң курсун сенин деп,
    Жүз жолу ага
    коштоштум.
    Чырмооктон бетер
    чырмалып,
    Жүз жолу кайра
    достоштум.
    Толгонуп кай бир
    түндөрдө,
    Торуна түшүп капанын,
    Токсон миң ойду элестеп,
    Томсоруп ойгоо
    жатамын.
    Ой менен узак жол
    жүрүп,
    Ой менен ашуу ашамын.
    Тумандай самсып ал
    ойлор,
    Тутанган сайын тутанып,
    Бардыгы орун талашат,
    Башыма батпай
    шыкалып.
    Кыйнала берем уктабай,
    Кышкы түн жылдай
    узарып.
    Көшүтүп жанды бир
    кезде,
    Көзүмдү илсем кичине,
    Бир-бирден матап
    келишип,
    Мүйүзүн такап ичиме,
    Буржугуй моюн, кызыл
    көз,
    Букалар кирет түшүмө.
    Капыстан чочуп селт
    этип,
    Кайрадан дагы ойгоном.
    Калтырай түшүп эс алып,
    Кайрадан дагы ойлоном.
    Капаска түшкөн кушка
    окшоп,
    Караңгы түнгө кор
    болом.
    Өйдө-ылдый жүрүп баа
    бербей,
    Өткөргөн күндү элестейм.
    Ошондо дагы көбүрөөк,
    Ойлонгон кишиң келет
    бейм...
    Өзү мас, тили мас эмес,
    Өзүңдү дайым көп
    эстейм.
    Бузулуп каным кай
    бирде,
    Бул жактын таштап
    очогун,
    Сен менен бирге көрүүгө,
    Ал жактын «бейиш»,
    «тозогун»,
    Жабышып барып жатсам
    дейм,
    Жаныңда болсо бош
    орун.
  • 4 окт 2015 21:38
    Ашыгын күткөн жанга
    окшоп,
    Ар мүнөт көзүм чачырап.
    Азаптуу узак түн кетип,
    Атса дейм таңды
    батыраак.
    Ансайын сааттын жебеси,
    Арт жагын көздөй
    шашылат...
    Акылым айтып өзүмө:
    «Адам бол» деймин
    жалбарам...
    Убада берип өзүмө
    «Унутпа» деймин
    кайрадан...
    Ичимден кайрып көп
    сөздү,
    Ичпейм деп катуу
    карганам.
    Бир кезде күткөн тан
    атат,
    Билинбей чыгам көчөгө,
    Бар болгон акыл,
    куулукту,
    Баш билбейт экен жеке
    эле...
    Кош бутум көнгөн
    жерине,
    Көтөрүп жөнөйт өзү эле.
    Түшүмө кирген сыяктуу,
    Түндөгү каргыш, убадам.
    Тумандай тарап туш-
    тушка,
    Түндөгү тарткан убарам,
    «Баатырдан» согуп алган
    сон,
    Баардыгын эстен
    чыгарам.
    Бактымды байлап,
    Мидике,
    «Баатырың» кылды
    баарысын.
    Жайлантып жүрөк
    калган кез
    Жаш кезде каккан
    кагышын.
    Азайып кетип баратат,
    Акылым, арым, намысым.
    Топтошуп кээде
    жармашкан,
    «Достордун» көөнүн
    кыйбадым.
    Бир сопу болуп, бир
    ичип,
    «Тозокко түштү
    ыйманым».
    «Бөтөлкөбайдан» чыга
    албай,
    Бош кетти бир топ
    жылдарым.
    Айлакер экен «Ак
    молдо»,
    Азгырды мени ак жолдо.
    Аракет кылып жүрөмүн,
    Аз-аздап аны таштоого.
    Араккеч акын атанып,
    Арзыбай жүрөм
    мактоого.
    Баш жазып күндө таң
    азан,
    Махабат десем арашан,
    Балакет экен «жинди
    суу»,
    Бар жагын байкап
    карасам.
    Басынып анын айынан,
    «Баягы» болуп баратам.
    Эки эсе менден көп
    ичкен,
    «Эрлер» бар кейпи
    келишкен.
    Бекитип үйүн ичинен,
    Бөтөлкө менен өбүшкөн.
    Дардайып сары текедей,
    Талаадан ичем, мен
    ичсем.
    3
  • 4 окт 2015 21:39
    Эл анан кантип көрбөсүн,
    Эси жок мендей иниңди.
    Картөшкө мурун, шишик
    көз,
    Карашып сырткы
    түрүмдү,
    Тартайган кайран
    Байдылда,
    Тартыптыр, — дешет, —
    Мидинди.
    Кайрылбай кетти курч
    убак,
    Карыптай башым
    шылкыят.
    Өзүмдөн төмөн немелер,
    Өөдөсүп кээде тыңсынат.
    Басаңдап кетип баратат,
    Байдыке дешип турчу
    убак.
    Качанкы сүйгөн убактай,
    Кайрылып көнүл
    сурашпай,
    Кадырым сиңген кара
    көз,
    Каада күтүп, сыр ачпай,
    Кашчу болду көргөндө,
    Карышкыр кууган
    улактай.
    Имере тартып өзүнө,
    Ичкиң деп турса арагым,
    Итере түртүп колтукка,
    Ичпе деп турат аялым.
    Көңүлүн кыйбай
    алардын,
    Көк мээ да болуп
    барамын.
    Кыялкеч кыздай
    назданып,
    Кылтыңдап турса
    арагым,
    Тумшукка коюп ийчүдөй,
    Тултуңдап турат аялым.
    «А» тамга аттуу экөөнөн,
    Аябаай байке жададым.
    Балыктай дудук арагым,
    Бакырчаак төөдөй
    аялым.
    Кимисине жагамын,
    Киминин тилин аламын,
    Дүнгүрөп эки кулагым,
    Дүлөй да болуп барамын.
    Ар жактан сага Мидике,
    Айтсам көп болгон
    жорукту,
    Аялым менен арагым,
    Айыгышкан «күндөш»
    болушту
    Экөө тең жеткен эр экен,
    Элдеше албай коюшту.
    Аныктап салып
    текшерсем,
    Акылга, ойго, сезимге,
    Аларда кылдай күнөө
    жок,
    Айыптын баары өзүмдө.
    Ал-күчүм жетет, ишенем,
    Аракты «чанып» кетүүгө.
    Аялым болсо, аялым,
    Апасы төрт-беш
    баламын.
    Ак кирди кара чачыма
    Ансыз мен кайда
    барамын...
    Ажырап «ЖИНДИ суу»
    менен,
    Ачсам деп жүрөм
    кабагын.
    Жумгалдык Мидин сен
    элең,
    Таластык иниң мен элем.
    Керемет акын сен элең,
    «Кешигиң» ичкен мен
    элем.
    Адам болсок, болгону
    Ардагым сенсиң дээр
    элең.
    Араккеч мендей иниңе,
    «Атаа» деп ичтен күйгөн
    бар.
    Ачылбай жаткан
    сырымды,
    Айтпасам деле билген
    бар.
    Ангекке кулап өлсө деп,
    Артымдан тилеп жүргөн
    бар...
  • 4 окт 2015 21:42
    Кеп-сөздү кимдер
    укпаган,
    Кемчилик кимге
    жукпаган...
    Быкшыган кабак
    жыттанбай,
    Буюрса атыр жыттанам.
    Баш ийбей толгон
    тоскоолго,
    Баардыгын жеңет
    мыкты адам.
    Кеткенге келбейт
    жашыгым,
    Кең кылсын анын
    акырын.
    Кекиртек жагым
    болбосо,
    Кем эле кимден
    акылым...
    Жоргомдон танып
    калсам да,
    Жортокчо бардыр
    басыгым.
    Заманам барат закымдап,
    Ай эмес Күнгө жакындап.
    Мезгилдин калбай
    артында,
    Мен дагы жөнөйм
    такымдап.
    «Оттуу суу» менен
    Мидике,
    Ойнобойм эми
    «жашынмак».
    Бир кезде жетим, жаш
    элем,
    Кийимсиз элем, ач элем.
    Душманым койду
    тумшукка,
    Тууганга деле жат элем.
    Бакытка мени жеткирди,
    Партия болуп ата-энем.
    Жанылбайм эми Мидике,
    Жазуучу болгон
    жолумдан.
    Карагөр тартып алгыча,
    Калемим түшпөйт
    колумдан.
    Кайрылсам кайра
    аракка,
    Калганым адам
    болуудан...
    Башына жетпей
    максаттын,
    Көп ичтин сен да, аз
    жаздын.
    Эрте өлбөй тирүү
    болгондо,
    Эмгиче көзүн
    «ачмаксын».
    Эл сүйүп башка
    жаздаган,
    Эчен бир китеп
    жазмаксың.
    Көп айткан менен пайда
    жок,
    Көрүнмөк белең
    айтканда...
    Кайрылмак белең элиңе,
    Канчалык кел деп
    жазсам да,
    Өмүр, бак каалайм
    таланттуу,
    Өзүңдөй өткүр жаштарга.
    Калтырбай арман,
    сырымды,
    Кат менен сага
    жибердим.
    Жол каратып акыйтпай,
    Жообун тез салып
    жибергиң.
    Чындыгын «ошол
    дүйнөнүн»,
    Чындык кат келсе
    билеермин.
    Бул жактын айтып
    кабарын,
    Ал жактан кабар
    сурадым.
    Бардыгын толук баянда,
    Бар эле бир топ
    чыдамың
    Ортодон жыйырма жыл
    өттү,
    Өзгөргөн жокпу
    турагың?
    Улгайган сайын кээ адам,
    Унутчаак болот
    көрүнөт...
    Жашаган үйүң номерсиз,
    Жанылып жаздым көп
    ирет.

    «Алыбаев Мидинге,
    АЛА-АРЧА ГӨРҮСТӨНҮ»
    деп.