Тоголокчолор Кандай азыктар керек? Тоок эти: 500 г Жумуртка: 1 даана Ун: 50 г Өсүмдүк майы: 500 мл Таттуу болгар калемпири: 1 даана Черри помидору: 100 г Туз, мурч Кантип жасалат? Тоок этин эт майдалагычтан же блендерден өткөрүп майдалап аласыз. Пайда болгон фаршка жумуртканы чагып аралаштырасыз. 1 чоң кашык ун, туз жана мурч кошуп аралаштырасыз. Бул аралашмадан чоңдугу жаңгактай болгон тоголокчолорду жасайсыз. Көмөч казанга майды куюп аябай кызытып, 5-7 даанадан тоголокчону салып кызарта кууруйсуз. Сузгуч менен сузуп алып майын жакшылап сарыктырып, ашыкча майлары чыгып кетиш үчүн кагаз майлыктын үстүнө чыгарып коёсуз. Болгар калемпирин чарчы кылып туурап, помидорду бүтүн бойдон калтырасыз. Таякчага тоголокчолорду жашылчалар менен кезектештирип сайып коёсуз.
СЕЗИМ МААНАЙЫ
:Шахрин Усманова
Тоок этинен жасалган жеңил тамактар
Тоголокчолор
Кандай азыктар керек?
Тоок эти: 500 г
Жумуртка: 1 даана
Ун: 50 г
Өсүмдүк майы: 500 мл
Таттуу болгар калемпири: 1 даана
Черри помидору: 100 г
Туз, мурч
Кантип жасалат?
Тоок этин эт майдалагычтан же блендерден өткөрүп майдалап аласыз.
Пайда болгон фаршка жумуртканы чагып аралаштырасыз.
1 чоң кашык ун, туз жана мурч кошуп аралаштырасыз.
Бул аралашмадан чоңдугу жаңгактай болгон тоголокчолорду жасайсыз.
Көмөч казанга майды куюп аябай кызытып, 5-7 даанадан тоголокчону салып кызарта кууруйсуз.
Сузгуч менен сузуп алып майын жакшылап сарыктырып, ашыкча майлары чыгып кетиш үчүн кагаз майлыктын үстүнө чыгарып коёсуз.
Болгар калемпирин чарчы кылып туурап, помидорду бүтүн бойдон калтырасыз.
Таякчага тоголокчолорду жашылчалар менен кезектештирип сайып коёсуз.