10-бөлүмү Биз үчөөбүз тең жумуш менен алек болуп жүрүп арадан алты айдан ашуун убакыт өттү.Чика экөөбүз таң заардан түн бир оокумга чейин баш көтөрбөй иштейбиз.Алия менен Чиканын тааныштары колдогондуктан каражаттан анча кыйналганыбыз жок. Башка тигүүчү цехтердей чет өлкөлөр менен келишим түзбөсөк да,өзүбүздөн эле эң алгачкы алуучулар чыгып,эң биринчи акчалар келип жатты.Окуучулардан баштап,чоңураак жайларда иштегендерге чейин келип заказ берип жатышты .Эң негизгиси Чика экөөбүздүн көңүлүбүз тынч эле.Өзүбүз кызыккан,жактырган жумуш менен алектенгендиктен жашоо бизге кызык болуп баратты. Жамгыр жаап турган убакта мен аны кезиктирдим.Ошол күнү Чика өз иштери менен кеткендиктен жумуштан жалгыз чыккан элем.Аялдамада автобус күтүп турганда кара машина жанымдан өтүп барып,кайра кайтып келди.Автобусга бир эки мүнөттөй эле жетишпей калгандыктан элдин баары кетип,жалгыз өзүм турган элем.Ал жеткизип коюшун айтып,жылмая караганда эле мен өзүмдү ал менен дүйнөнүн бүт жагына кетүүгө даяр экенимди сезип турдум. Салондун ичинде жай музыка,сыртта жамгыр,жанымда жагымдуу адам.Жүрөгүмдөгү кан мээге чайпап,бир заматта эле өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу аялдай элестете баштадым.Машина бир топ жүргөндөн кийин айдоочу өзүн тааныштырды. --Азат, Мен көчөнү карап баратып алаксып кеткен экенмин анын дабышына селт эте чоочудум.Күзгүдөн көздөр чагылыша түштү -Ширин,. -Өзүң да Ширин экенсиң атыңа жарашкан... Анын сөздөрү жүрөгүмдү козгоп өткөндөй болду.Унчукпадым.Айнектен көзүмдү албай,ичимдеги уйгу туйгуну билгизбей бараттым.Машина токтоду.Жарым жолдо. -Ширин,жаныма өтүп отурбайсыңбы? -.............. Мен гипноздоп койгондой унчукпай өтүп отурдум.Ал мени бир саамга тиктеп турду да,машинасын жүргүзүп жай айдап баратты.Мен жанында отургандыктан,эми аны көзүмдүн кыйыгы менен карап жаттым.Тегиз үтүктөлгөн аппак көйнөгүнүн бир жеринде да кири жоктугу бул аял кишинин кам кордугун билгизип турду .Рульду кармап бараткан колдорунан нике шакегин көрдүм.Унчукпадым.Мен ал үчүн жөн гана жолоочу болчумун. -Керемет кеч ээ?Үйдө күткөн адамыңыз жокпу? Анын мага карап жылмайганын көрүп дагы да ичим жылый түштү.Өзүмдү андан алыс кармоого аракет кылсам да,жүрөгүм баш бербегенсип баратты -Мени көптөн бери эч ким күтпөйт!-мен өзүмдүн жалгыз экенимди ушул сөздөр менен ага жеткирдим көрүнөт.Ортодогу тоскоолдуктар бузулуп кеткенсиди -Сен мага бир көргөндө эле жактың,бүгүн сени коё бере албайм!Кечир мени... Ал рульдан колун алып менин колумду кармады.Жүз жыл бою эркек адам колумду кармабагандай толкунданып кеттим.Машинаны бир четке алып барып токтотту.Бетимден сылап,саамайыма түшкөн чачтарды артка тарады. Көзүмдү жумуп алдым негедир. -Ушул түндү мени менен өткөрүүгө макулсуңбу?-ал жылуу колдору менен ээгимден кармап көтөрүп,көздөрүмө карады Көптөн бери жалгыздыктан тажаган мен,кантип макул болбой коё алмакмын?Көздөрүнө карай албай жер карадым.Менин абалымды байкады окшойт унчукпастан машинаны жүргүздү.Бир колу менен менин колдорумдан катуу кармап айдап баратты.Экөөбүз тең сүйлөшбөдүк.Астыдагы узун жолдон көз албай бараттык.Жамгыр тынбай дыбырап жаап,машинанын айнегине тийип жатты.Качан гана машина токтогондо өзүмө келгендей эки жагымды каранып калдым.Азат түшүп эшикти ачып,колумдан кармап түшүрдү.Анын жетегинде унчукпай ээрчип бараттым. "Мейманкана"деген жазууга көзүм түшкөндө,буттарым баспай бир аз артка тарткансып кетти .Көзүмө Азаттын бир да тырышы жок тегиз үтүктөлгөн аппак көйнөгү көрүндү.Мен да бир кездерде Айдарды ушундай кылып көчөгө чыгарганымды,түн уйкудан кечип күткөнүмдү элестеттим.Бирок,Азаттын бир жолу караган оттуу көз карашы мендеги ойлордун баарын жууп кеткендей болду.Өзүнө тартып катуу кучактады.Анын деминде денем андан да кызып баратты. Менде артка кайтууга жол жок эле.Мени ошол убакта аң сезимим эмес,денем,жүрөгүм башкарып жаткандай болду.Ичкериге кирип ,Азат сүйлөшкөндөн кийин экөөбүз ээрчише экинчи кабатка көтөрүлдүк.Азат менин жашоомдогу,Айдардан кийинки биринчи эркек эле.Мен башта көпчүлүк майда нерселерге көңүл бурбай келсем,азыр Азаттын ар бир кыймылына денем дүркүрөп ток тарткансып жатты. Уландысы бар.
СЕЗИМ МААНАЙЫ
Сага жолукканга чейин....
10-бөлүмү
Биз үчөөбүз тең жумуш менен алек болуп жүрүп арадан алты айдан ашуун убакыт өттү.Чика экөөбүз таң заардан түн бир оокумга чейин баш көтөрбөй иштейбиз.Алия менен Чиканын тааныштары колдогондуктан каражаттан анча кыйналганыбыз жок. Башка тигүүчү цехтердей чет өлкөлөр менен келишим түзбөсөк да,өзүбүздөн эле эң алгачкы алуучулар чыгып,эң биринчи акчалар келип жатты.Окуучулардан баштап,чоңураак жайларда иштегендерге чейин келип заказ берип жатышты .Эң негизгиси Чика экөөбүздүн көңүлүбүз тынч эле.Өзүбүз кызыккан,жактырган жумуш менен алектенгендиктен жашоо бизге кызык болуп баратты.
Жамгыр жаап турган убакта мен аны кезиктирдим.Ошол күнү Чика өз иштери менен кеткендиктен жумуштан жалгыз чыккан элем.Аялдамада автобус күтүп турганда кара машина жанымдан өтүп барып,кайра кайтып келди.Автобусга бир эки мүнөттөй эле жетишпей калгандыктан элдин баары кетип,жалгыз өзүм турган элем.Ал жеткизип коюшун айтып,жылмая караганда эле мен өзүмдү ал менен дүйнөнүн бүт жагына кетүүгө даяр экенимди сезип турдум.
Салондун ичинде жай музыка,сыртта жамгыр,жанымда жагымдуу адам.Жүрөгүмдөгү кан мээге чайпап,бир заматта эле өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу аялдай элестете баштадым.Машина бир топ жүргөндөн кийин айдоочу өзүн тааныштырды.
--Азат,
Мен көчөнү карап баратып алаксып кеткен экенмин анын дабышына селт эте чоочудум.Күзгүдөн көздөр чагылыша түштү
-Ширин,.
-Өзүң да Ширин экенсиң атыңа жарашкан...
Анын сөздөрү жүрөгүмдү козгоп өткөндөй болду.Унчукпадым.Айнектен көзүмдү албай,ичимдеги уйгу туйгуну билгизбей бараттым.Машина токтоду.Жарым жолдо.
-Ширин,жаныма өтүп отурбайсыңбы?
-..............
Мен гипноздоп койгондой унчукпай өтүп отурдум.Ал мени бир саамга тиктеп турду да,машинасын жүргүзүп жай айдап баратты.Мен жанында отургандыктан,эми аны көзүмдүн кыйыгы менен карап жаттым.Тегиз үтүктөлгөн аппак көйнөгүнүн бир жеринде да кири жоктугу бул аял кишинин кам кордугун билгизип турду .Рульду кармап бараткан колдорунан нике шакегин көрдүм.Унчукпадым.Мен ал үчүн жөн гана жолоочу болчумун.
-Керемет кеч ээ?Үйдө күткөн адамыңыз жокпу?
Анын мага карап жылмайганын көрүп дагы да ичим жылый түштү.Өзүмдү андан алыс кармоого аракет кылсам да,жүрөгүм баш бербегенсип баратты
-Мени көптөн бери эч ким күтпөйт!-мен өзүмдүн жалгыз экенимди ушул сөздөр менен ага жеткирдим көрүнөт.Ортодогу тоскоолдуктар бузулуп кеткенсиди
-Сен мага бир көргөндө эле жактың,бүгүн сени коё бере албайм!Кечир мени...
Ал рульдан колун алып менин колумду кармады.Жүз жыл бою эркек адам колумду кармабагандай толкунданып кеттим.Машинаны бир четке алып барып токтотту.Бетимден сылап,саамайыма түшкөн чачтарды артка тарады. Көзүмдү жумуп алдым негедир.
-Ушул түндү мени менен өткөрүүгө макулсуңбу?-ал жылуу колдору менен ээгимден кармап көтөрүп,көздөрүмө карады
Көптөн бери жалгыздыктан тажаган мен,кантип макул болбой коё алмакмын?Көздөрүнө карай албай жер карадым.Менин абалымды байкады окшойт унчукпастан машинаны жүргүздү.Бир колу менен менин колдорумдан катуу кармап айдап баратты.Экөөбүз тең сүйлөшбөдүк.Астыдагы узун жолдон көз албай бараттык.Жамгыр тынбай дыбырап жаап,машинанын айнегине тийип жатты.Качан гана машина токтогондо өзүмө келгендей эки жагымды каранып калдым.Азат түшүп эшикти ачып,колумдан кармап түшүрдү.Анын жетегинде унчукпай ээрчип бараттым. "Мейманкана"деген жазууга көзүм түшкөндө,буттарым баспай бир аз артка тарткансып кетти .Көзүмө Азаттын бир да тырышы жок тегиз үтүктөлгөн аппак көйнөгү көрүндү.Мен да бир кездерде Айдарды ушундай кылып көчөгө чыгарганымды,түн уйкудан кечип күткөнүмдү элестеттим.Бирок,Азаттын бир жолу караган оттуу көз карашы мендеги ойлордун баарын жууп кеткендей болду.Өзүнө тартып катуу кучактады.Анын деминде денем андан да кызып баратты. Менде артка кайтууга жол жок эле.Мени ошол убакта аң сезимим эмес,денем,жүрөгүм башкарып жаткандай болду.Ичкериге кирип ,Азат сүйлөшкөндөн кийин экөөбүз ээрчише экинчи кабатка көтөрүлдүк.Азат менин жашоомдогу,Айдардан кийинки биринчи эркек эле.Мен башта көпчүлүк майда нерселерге көңүл бурбай келсем,азыр Азаттын ар бир кыймылына денем дүркүрөп ток тарткансып жатты.
Уландысы бар.