Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде “убагында сиз деле “Кумтөр” деп митингдерди уюштуруп жүргөнсүз” деген сөзгө жооп кайтарды

Өлкө башчы “Кумтөр” элдин кызыкчылыгына иштесин” деп митинг уюштурганын айткан. Учурда андан салык, киреше түшүп жатканын билдирген.
Жапаров ошондой эле салык, бажы системасында уурулук дээрлик 90% жок кылынганын айтты. Армия, күч түзүмдөрү күчтөндүрүлүп, ири долбоорлор ишке киргенин, маяна, пенсия жогорулаганын эске салды.
“Калкыбыздын жашоо турмушу дагы жакшырат. Кара жаныбызды карч уруп, эл үчүн иштеп жатабыз. Анан эмнеге митингге чыгышыңар керек? Мурдагыдай 200 эле киши жалпы элдин ырыскысын уурдап жашаган жашообуз жакшы экен деппи? Биз андайларга жол бербейбиз. Мен бул сөзүм менен коркуткан жокмун. Укуктарын да чектебейм. Жөн гана 200 коррупционер менен бийликке таарынган уурулардын, кызматынан ажырагандардын кызыкчылыгын эмес, 7,5 млн элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коём", — деди Жапаров.

Комментарии

Комментариев нет.