1-майдан тарта электр энергиясына тарифти 10,8 пайызга көтөрүү пландалып жатат.

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, жыл сайын электр энергиясынын тарифи өткөн жылдагы инфляцияны эске алуу менен такталат. Энергетика министрлиги бааны 1-июндан эмес, бир ай мурда көтөрүүнү сунуштаган.
"2024-жылдын 1-майынан тарта бардык керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер өткөн жылдагы инфляциянын деңгээлине ылайыкташтырылат, башкача айтканда, 10,8 пайызга жогорулашы күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, азыркы тариф бир киловатт-саат үчүн 1 сом, 1-майдан тарта болжол менен 11 тыйынга кымбаттайт.

Комментарии

Комментариев нет.