28-29-мартта нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, эңкейиш жерлерди суу каптап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ жарандардан селди алдын алуу үчүн арык, суу өткөргөн түтүктөрдү таштандыдан тазалоону суранды.
Буга чейин Кыргызгидромет 28-марттан тарта өлкөдө күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаай турганын маалымдаган.

Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаандан улам айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Комментарии

Комментариев нет.