Кыргызстан ЕАЭБ талабына ылайык келген өткөрүү пунктуларынын баарын модернизацилап бүттү.

Бул тууралуу ЕЭК министри Элдар Алишеровдун айтымына таянып, комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Алишеров адистер тобу менен кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы болуп жаңыланган "Кызыл-Бел" өткөрүү бекетин текшерген.
"Кыргызстан көзөмөл-өткөрүү пунктуларындагы шарттарды жакшыртуу, материалдык-техникалык жабдуу боюнча ЕАЭБдин протоколунда каралган талаптын баарын аткарып, өткөрүү жайларын модернизациялап бүттү", — деген ал.
Маалым болгондой, көзөмөл-өткөрүү жайлары заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Бул транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө көмөктөшүп, бажы көзөмөлүнүн иштерин жакшыртмакчы.

Комментарии

Комментариев нет.