Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын күнү менен борбор калаанын тургундарын жана меймандарын куттуктады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирип, куттуктоонун текстин жарыялады.
Анда өлкө башчы борбор калаанын аймагында байыркы Жүл (Джуль) шаары жайгашканын айтып, бул жерде белгилүү окуялар байма-бай болуп келгенине токтолгон.
"Биздин замандын V-VI кылымдарына таандык Жүл шаарынын калдыктарына археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү иштери быйыл да улантылууга тийиш", — деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Ошондой эле учурда Бишкекте Кыргызстан калкынын 20 пайызынан ашыгы жашап, административдик-аймактык реформанын натыйжасында калаанын аянты кеңейип, калкынын саны көбөйөрү айтылган. Мындан тышкары, президент буга чейин жол, тротуарлар жасалса, эми имараттардын көрүнүшү жакшыртылып жатканын баса белгилеген.
Өлкө башчы шаардыктарды жана анын меймандарын даталуу күн менен куттуктап, Бишкек кыргыз элинин биримдигинин символун туюндуруп, эркиндиктин энчиси, бакубат турмуштун белгиси болуп келгенин белгилеген.
"Бишкек баатырдын ысымын алып жүргөн борбор шаарыбыз ар бир кыргызстандыктын сыймыгына айлансын!" — деп жыйынтыктаган ал.

Бишкекти сыйлай билели!

Комментарии

Комментариев нет.