Санкт-Петербургда дарыяга автобус кулап, жети адам көз жумду.

Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Транспортто жалпы 15 жүргүнчү жана айдоочу болгон.
Басылма каза болгондордун арасынан үчөөнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын бирөө 29 жаштагы теги казакстандык Марина, экөө Петербургдун 42 жаштагы жашоочулары Елена менен 56 жаштагы Андрей.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калган, унаанын тормозу да иштебей калган болушу мүмкүн.
Окуядан кийин РФтин Кылмыш-жаза кодексинин "Транспорт каражатын башкаруу эрежелерин бузуу менен байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү" беренеси менен иш козголду.

Санкт-Петербургда дарыяга кулаган автобустагы жети адам көз жумду

Комментарии

  • 12 мая 05:56
    Ээ кудайым озун сактай кор.Бут дүйнө жүзүбүз аман болушсунчу.