Чолпон-Ата шаарында көл жээгине жөө адамдар менен велосипедчендер үчүн 15 чакырым тротуар курулат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы 1986-жылы ишке берилип, 40 жылга жакын убакыттан бери оңдолбогон суу алуучу жайдын ачылыш аземине катышкан.
Минкаб башчысы былтыр Ысык-Көл облусунда 70 объект 786,3 миллион сомго жакын суммага каржыланып, 16 мектеп, 2 бала бакча, маданият үйү, 2 оорукана, 6 суу түтүгү жалпы 27 объект бүткөрүлгөнүн белгилеген. Мындан тышкары, Каракол шаарына 2 миллиард сом бөлүнгөн. Ысык-Көлдүн айланасындагы жолдун курулушу уланууда. Былтыр Чолпон-Ата шаарында кооз парк ачылганы белгиленди.
Ошондой эле Акылбек Жапаров Кара-Ой, Бостери айылдарында канализация жана насостук станцияларды куруу, Чолпон-Ата шаарында жаңы заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу пландалганын билдирген.
"Чолпон-Ата шаарында туризмди өнүктүрүү үчүн көл жээгине 15 чакырым узундуктагы жөө жүргүнчүлөр менен велосипедчендер үчүн инфраструктура түзүлөт. "Чолпон кыз" сейил багы реконструкцияланып, заманбап талаптарга жооп берген ачык асман алдындагы петроглиф музейинин инфраструктурасы түзүлөт. А. Осмонов жана "Жеңиш" атындагы парктарды куруу пландалууда", — деген Жапаров.
Жумушчу сапарынын алкагында минкаб башчысы облустагы бир катар инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышкан. Алардын ичинде Сары-Камыш айылындагы өнөр жайлык масштабда канаттуулардын азыктарын чыгарган "Агро-Куш" канаттуулар фабрикасында болду. Канаттууларды союу жана кайра иштетүү боюнча заводдун кубаттуулугу саатына 6000 канаттууга чейин жетет.
Ишканага былтыр Мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кредиттик каражаттары берилген.

Комментарии

Комментариев нет.