Окуя 1994-жылы болгон

Катчы мага келип, соттолуучу баланын атасы сизге кирем деп жатат деди. Кирсин, өзүң да кошо кир дедим. Келип, бир кеп айтсам болобу дейт. Айтыңыз дедим. "Менин мындай балам жок, эгерде мыйзам жол берсе короого чыгарып туруп атып салыңыз", - деди. Өзүнүн атасы айтып жатат ушинтип. "Уруксат берсеңиз мен эртең отурумга катышпай эле коёюн", - дейт. Бул атанын тарбиясын карагылачы. Болбосо аны катыш деп эч ким айткан эмес. Мындайда өкүмдү толук жарыялаш керек. Өлүм жазасына кириптер кылынсын дегенде бир аз тыныгуу кылабыз. Конвойлор ошондо кылмышкердин колуна кишен салышы керек. Толук тогуз ай өткөндөн кийин ...ммм... чечим аткарылды деген кабар келди.

Атасы кылмышкер уулун атып салышымды суранды

Комментарии

Комментариев нет.