МУВАХХИД (таухидди карманган адам) МЕНЕН МУШРИКТИН (ширк кылуучу адамдын) АЙЫРМАСЫ

💭 Шейх аль-Фаузан حفظه الله айтты:
❗Кудайды жалгыздаган (муваххид) менен Аллахка шерик кошкондордун (мушриктердин) айырмалап туруучу чек ушул болот.
✅ Кудайды жалгыздаган (муваххид) айтат: "Менин Раббим - Аллах! Мен Ага гана сыйынамын, жана менин Андан башка сыйына турган объектим жок".
Ал эми Аллахка шерик кошуучу (мушрик) тууралуу айта турган болсок, ал (мушрик) айтат: "Менин Раббим - Аллах", бирок ошону менен бардык сыйынууларды Жалгыз Ага (Аллахка) гана арнабайт. Аллахка шерик кошуучу (мушрик), Аллахтан башка бак-дарактарга, таштарга, олуяларга, мүрзөлөргө сыйынат. Мына ошондуктан ал мушрик (Аллахка шерик кошуучу каапыр), Аллахты Роббилигинде гана тастыктоо ага эч кандай пайда бербейт жана аны мусулман кылып койбойт.
(📚 Караңыз: Шарх "Үч негиз" китебинен)
🖋Аллах гана жаратуучу, Аллах гана ырыскы берүүчү, Аллах гана өмүр, өлүм берүүчү ж.б. деп айтып койуп, бирок ошону менен тоо-таштарга, бак-дарактарга, мүрзөлөргө, арбактарга сыйынып жүрсө - анда ал адам мусулман болбойт.
Бардык сыйынууларды, мисалы: Дуба, намаз, орозо, коркуу, сүйүү, үмүт кылуу ж.б. сыйынууларды Аллахка гана арноо керек.

МУВАХХИД (таухидди карманган адам) МЕНЕН МУШРИКТИН (ширк кылуучу адамдын)  АЙЫРМАСЫ - 837916472997

Комментарии

Комментариев нет.