***СуЙуу- ЛиРиКаЛаРы***
24 апр

Кабырдан салам көрүңдө жаткан маркумдан,

Тирүүлүк менен жашаган өлбөс адамдан.
Ач көздүк менен чогулган байлык мансабың,
Баардыгын калган кабырдан жазган катыңдан.
Бир күнү тирүү жүргөнүм менен жан бердим,
Боз үйдү тигип узатууга эл келди.
Союлуп жылкы асылып казан толо эт,
Балдарым ыйлап өксүгөн менен пайда жок.
Баягы келген элдериң кетти койгонго,
Жарабай койду жаназам менин болгондо.
Жакынмын деген адамдар туруп алыста,
Тура албай койду жаназама катарда.
Кородо турган лексуска мени салбады,
Канчалык кымбат кийимден дагы калбады.
Жарыбас болгон чүпөрөк менен орошуп,
Табыпка салып көрүмдү көздөй жөнөштү.
Артымдан ыйлап аялым кызым балдарым,
Алардан күткөн үмүтту үзүп таштадым.
Арадан өтүп убакыт менен созулуп,
Акыры мени унутту тууган досторум.
Кабырга койду эки этаж салган үй эмес,
Жаркырап турган светтин бири жок элес.
Караңгы болгон жер алды мени кучактап,
Кабырдан салам деп айтат мага кубаттап.
Караймын күндө баягы үйдө жарыкты,
Ким бирөө мага куран окуп жатабы.
Жардамы тийер көп эстеп мени багышта,
Куранды окуп тууганым мени унутпа.
Кабар ал кана үйүмө менин көп барып,
Кабырдан жазган катымды бүгүн сен алып.
Тозоктон сакта бейишти тилеп Алладан,
Куран окуп турсаңчы тууган суранам.
Автор Бактыяр Муратбеков..0500353534

Комментарии

Комментариев нет.