ЖЫНЫС КЫНЫН ТАРЫТУУЧУ ЫКМАЛАР!

Айымдардын жашы өткөн сайын жыныс кыны кеңейип, ушул жааттагы маселелер аларды ойлондура баштайт. Ал тургай, анын айынан ортодогу мамиле сууп кеткен көрүнүштөр дагы аз эмес. Бул көйгөйдөн айымдарды жаңы медициналык аппараттар, дары-дармектер жана элдик ыкмалар куткарат. Толук маалыматты төмөндөгү макаладан ала аласыз.
Дары-дармектер
Таякча. Жыныс кынынын ичине салынуучу атайын таякча жыныс эриндерин жана эрогендүү аймактардын сезимталдуулугун жогорулатат. Натыйжалуу болуш үчүн аталган таякчаны жумасына 3-4 жолу колдонуу керек. Кан айлануусу жайларга, боор жана бөйрөк оорулары барларга сунушталбайт. Айыз учурунда да колдонууга болбойт. Бул таякчаны шаарыбыздагы дарыканалардан табууга болот. Баасы 500-600 сом.
Гель. Бул каражат төрөгөндөн кийин жана климакс алдында сунушталат. Кош бойлуу кезде, айыз учурунда, бала эмизип жатканда колдонууга болбойт. Гель жыныс кынынын ичине сүйкөлөт. Баасы 1200 сом.
Спрей. Бул каражаттын курамы пайдалуу чөптөр менен табигый заттардан турат. Жыныс кынынын булчуңдарынын серпилгичтигин калыбына келтирип, кургап кетүүсүнүн алдын алып жана жыныстык катнаш учурундагы сезимталдуулукту жогорулатат. Ал өз натыйжасын эки күнгө чейин берет. Баасы 2500 сом.
Таблетка. Вагиналдык бул таблетка кыска аралыктын ичинде жыныс кынын тарытат. Таблетка жыныс кынына салынгандан кийин эрип көбүккө айланат да, өз таасирин тийгизе баштайт. Климакс болгондорго, төрөгөндөргө, жыныс кыны кургап кеткендерге жана жатынында эрозиясы барларга сунушталат. Баасы 1200 сом.
Элдик ыкмалар
1. 2-3 жалбыздын сабагы, жарым лимондун ширеси, 0,5 литр кызыл вино жана жарым килограмм эмендин жалбырагын аралаштырып бир жума караңгы жерге коюп коюу керек. Даяр болгон соң дакини ага салып нымдап алып, жыныс кынынын ичине 3 саат бою салып коюу керек. Бул процедура күн сайын кайталанат.
2. Жарым лимондун ширесине марганцовка кошуп аралаштыруу керек. Бул аралашмага дакини салып нымдап алып, жыныс кынынын ички дубалына сүртүү зарыл. Бир нече мүңөттөн кийин жылуу суу менен жууп коюу керек.
3. 50 грамм эмен дарагынын кабыгына бир стакан кайнак суу куюп жарым саат демдеп коюу керек. Даяр болгон соң дакини ага салып нымдап, жыныс кынынын ичине салып 10-15 мүнөт кармоо сунушталат. Же болбосо 500 грамм эмен дарагынын кабыгын бир жарым литр кайнак сууга демдеп, сузуп алгандан кийин жылуу калыбында жыныс мүчөнү жууса болот.
Эскертүү: Бул ыкмаларды дарыгер менен кеңешкен соң жасаңыз.
Кегель көнүгүүсү
Бул көнүгүү жыныс кынын тарытып гана тим болбостон, жамбаш сөөгүнүн айланасындагы кан айланууну да жакшыртат. Аны заарасын кармай албаган аялдар үчүн белгилүү гинеколог Арнольд Кегель иштеп чыккан. Кийин бул көнүгүүнүн заараны кармай албай калган учурда гана эмес, сексуалдык сезимди күчөтүүдө да жардамы тиери белгилүү болгон.
Кегель көнүгүүсү мындай: Жыныс кынынын булчуңдарын ар бир 3 секунд сайын кезеги менен жыйрып, анан коё берип туруңуз. Бул жай ыргак менен ишке ашууга тийиш. Натыйжасын тезирээк көрүү үчүн көнүгүүнү үзгүлтүккө учуратпоо зарыл. Алгач 10 жолудан кысып, кайра коё берүүдөн баштаңыз. Ал бир күндө 5 жолу жасалууга тийиш. Бир жумадан кийин 15 жолудан кысып-коё берүүгө өтүңүз. Дагы бир жумадан кийин аталган көнүгүүнү 20 жолудан жасоону адат кылыңыз. Муну деле бир күндө 5 маал жасайсыз. 1,5-2 айдан кийин жыйынтыгын көрөсүз.
Айзат Дүйшембиева, “Beaty Lab” клиникасынын директору: “Жыныс кынын операциясыз, элдик ыкмаларсыз кичирейтип, тарытабыз”
– Жыныс кыны эмне себептен чоюлуп кетиши мүмкүн?
– Жыныс кынынын булчуңдары ашыкча салмактан, төрөттөн кийин, климакста, жыныстык катнаш азайганда өзүнүн серпилгичтигин жоготуп коёт. Бул көйгөйдү айымдар көпчүлүк учурда уялып эч кимге айтпай жүрө беришет. Жыйынтыгында жыныстык катнаш учурунда эки тарап тең оргазм ала албай кыйналышат.
– “Төрөттөн кийин жыныс кынынын калыбына келерин күтпөй кошулуп алса, жыныс кыны чоюлган боюнча калып калат” деген туурабы?
– Түйүлдүк чоңоюп калганда жыныс кыны кеңейип, анан төрөгөндөн кийин бир нече жума чоюлган абалында шалбырап тура берет. Бирок жогорудагы сөзгө мен жүз пайыз кошула албайм. Негизи жыныс кыны төрөттөн кийин 6-8 жумалап күткөндө да өзүнүн мурунку калыбына келе албайт. Андай болсо да тезирээк жыйрылышын каалагандар тарытуучу көнүгүүлөрдү жасаш керек. Кош бойлуу учурунда гимнастика менен машыгып жүргөндөрдүн да жыныс кыны тез жыйрылат.
– Кээ бир айымдар жыныс кыны чоюлуп калбашы үчүн жасалма жол менен төрөөнү тандашат экен...
– Ооба, кесарево менен төрөгөн аялзатынын жыныс кыны эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбойт. Жыныс кыны, анын дубалдары жана жатын моюнчасы кош бойлуу болгонго чейин кандай болсо, ошол абалда эле калат.
– Айымдарга бул жаатта жардам берип жаткан лазердик технологияңыздар тууралуу кеп салсаңыз.
– Бул жаңы технологиянын аты IntimaLase деп аталат. Анын жардамы менен биз жыныс кынын кичирейтебиз, заарасын кармай албагандарды дарылайбыз жана ичтин шалбырап калуусун тартабыз. Жыныс кынын лазердик ыкма аркылуу тарытуу жарым сааттын ичинде эч кандай оорусуз, операциясыз иш жүзүнө ашат. Бул ыкма эки этаптан турат. Бирок айрым айымдарга бул процедура бир айдан кийин үчүнчү ирет да жасалат.
– Кайсы учурда экинчи ирет жасалат?
– Ар дайым спорт менен машыгып, төрөттөн кийин көнүгүүлөрдү жасап жүргөндөргө биринчи процедура эле жетиштүү болот. Ал эми климакс учурундагы, спорт менен машыкпаган, булчуңдары табиятынан бош болгон айымдарга экинчи ирет жасоого туура келет. Анткени биринчи процедурадан бир-эки жума өткөндөн кийин жыныс булчуңдары акырындык менен кайрадан бошой баштайт.
– Анан канча убакытка чейин таасирин жоготпойт?
– Негизи бир жылдан үч жылга чейин деп жасайбыз. Бул аялзатынын организминен да көз каранды.
– Бул кызматты колдонгондор болуп жатабы?
– Чынын айтсам, бул кызматты колдонгондор мен ойлогондон да көп болуп чыкты. Көрсө, айрым айымдар үчүн бул көйгөйлүү маселе экен. Бизге 28ден 70 жашка чейинки аялдар келип кызматыбыздан пайдаланып, ыраазычылыгын билдирип жатышат. Кошумчалай кетсем, лазердик ыкманы колдонгондон 3 күн өткөн соң жыныстык катнашта боло берсе болот.
– Кызмат көрсөтүүнүн баасы канча турат?
– Биринчи процедура 20 миң сом. Ал эми экинчи жыйынтыктоочу процедуранын баасы 10 миң сом турат.

Комментарии