Эсте калып өткөндүн элестери,

Өйдө-ылдый өмүрдүн белестери.
Кара чачтын өңү өчүп барат улам.
Калбыр болуп көңүлдүн желектери.
Кусалыгым кулпулап шат көңүлдү,
Кубаныч бүт мен үчүн жат, төгүнбү?
Каптап алып сур булут көздү байлап,
Текке сарптап жаткансыйм жакшы өмүрдү.
Турмуш айдап кол жеткис алыстарга,
Оңго, солго, белгисиз багыттарга.
Байгеси жок, же жетээр марасы жок,
Кошуп койду чеги жок жарыштарга.
23.05.22 ТТ. Арзамас, р-н Шатки

Комментарии

Комментариев нет.