Шариатта чоочун аялга дүүлүгүү (шахват) менен каароону көздүн зинасы, анын сөздөрүн угууну кулактын зинасы, аны кармоону колдун зинасы, ага баруу үчүн басууну буттун зинасы деп белгиленген.
Ал туурасында сахих (ишеничтүү) хадистерде мындайча айтылган:
Абу Хурайра розияллоху анху риваят кылып айтат: Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи уа саллам) айтты: «Албетте, Аллах Таала адам баласынын тагдырына зинадан бир үлүш жазган. Адам баласы ага сөзсүз кабылат. Андыктан, көздүн зинасы көрүү, тилдин зинасы сүйлөшүү, жүрөктүн зинасы эңсөө жана каалоо, ал эми жыныстык мүчө аны тастыктайт жана жалганга чыгарат» (Бухари 6612)
Эгерде аял заты хижап кийбесе, анда эркектер көзүн сактай албай жана каалоосун токтото албай зинага кабылуусу мүмкүн. Ошондуктан, эгерде аял заты шариат чегинде хижап кийип жүрсө, анда эркектер ушул хадисте айтылган зинадан жана башка күнөөлөрдөн алыс болот.
Мына ушундай күнөөлөрдөн сактануу үчүн аялдарга хижап кийүү өкүмү берилген.
"Хижап пазилеттери" китебинен алынды
Жогоруда жазылгандай хиджаб кийсин деп болбосо зина дейт биздин Умай энелерибиз хиджаб кийбеседа туура жолдо жургон.Ал эми азыркы хиджап кийип зина кылгандар толтура коруп эле журобуз.Кыргызда ата бабаларыбызда хиджап ден нерсенин озу болбогон.Хиджап кийип бетин жаап к..н ачып жургондор толтура.Ар бир инсанга кудайым ыйман ынсап бербесе мин башынды жап этегинди жап деген создун пайдасы жок.
Сиздер элди исламга эмес ыйманга чакыргыла.
Исламдагылар эмне кылып атат олху акбар деп адамдын тируулой башын алып салып атат.
Хиджап эмес озубуздун Улуттук кийимдерибизди кийип кудай алдындагы милдетибиз беш убак намазыбыз окусак.Жараткан алла таалам озу кабыл этет сыйыбызды.Туура эмес тушунук жазсам кечирим сурайм.