бул ким.

I серия
-Алло?
-Да.
-Аидасыңбы?
-Ооба.
-Үнүң таанылбай калганбы?
-Эмнеге?
-Билбейм.
-А эмне мынча кеч?
-Силерде түн, бизде эртең менен. Бишкек менен Нью-Йорктун айырмасы 11 саат эмеспи?
-А-а, Америкага кетпедиңер беле.
-Унутуп калыптырсыңбы?
-Унутпай эле...
-Уктап атасыңбы?
-Жарым-жартылай.
-Кандай?
-Төшөктө жатам көзүмдү жумуп. Уйку менен ойгоонун ортосунда.
-Бессонница что ли?
-Жо-ок, андай эмес. Муну эмне дейт билесиңерби?
-Өзүң айт.
-Анда билип жүргүлө. Медитация между сном и явью дейт.
-Укмуш го?
-Укмуш.
-Аны кимден үйрөнүп жүрөсүң?
-Ауробиндодон.
-Ки-им?
-Индустардын акылманы. Сүкүт чалуунун системасы менен бүт дүйнөнү таңгалдырган.
-Йог дечи?
-Ошо сыяктуу.
-А мен аныңды көп поклонниктериңдин бири экен деб атпаймынбы?
-Здра-асьте!
-Аида?
-Ии.
-Сагындыңбы?
-Айтпайм.
-Эмне үчүн?
-Өзүңөр сагындыңарбы?
-Это словами не передать, дорогуша.
-А что делать?
-В смысле?
-Словами не передать дебатпайсыңарбы...
-А-а... Көргүм келет. Саамайыңан сылагым келет. Өпкүм келет. Сөз менен айталбайсың да. Канатым гана жок. Болсо азыр учуп барат элем.
-Абдан романтиксиңер, ээ?
-Ал эмне жаманбы?
-Жо-ок. Наоборот ушул мүнөзүңөр жагат.
-Ырахмат.
-Акчаңардын баары кетти го?
-Эмнеге?
-Узак сүйлөшкөнүбүздү айтам. 12- микрорайондон чалгансып шашпай сүйлөгөнүңөрдү айтам. Все-таки это Америка.
-Түшүндүм, кызыл жоолук делбирим менин...
-Айтматовдун делбириби?
-Жок, менин делбирим... Акчамды башкадан аясам да, сенден аябай калайын. Бир жумалап деле тынбай сүйлөшө берүүгө даярмын, менин кичинекей ханышам!
-О-о!
-Ишенбейсиңби?
-Ишенем.
-А эмнеге "о" дейсиң?
-Ханышам дегениңер жагып калды.
-Бул чындык да?
-Билем.
-Билсең эмне үчүн менин эң башкы суроомду жоопсуз калтырдың?
-Кайсы?
-Бат эле эстен чыгарганың жарабайт, менин айперим.
-Аябай эркелеттиңер го?
-Жакпайбы?
-Жагат.
-Эстеген жоксуңбу?
-Эмнени?
-Башкы суроомду?
-Айтайынбы?
-Айт.
-Таарынбайсыңарбы?
-М-м, аракеттенем.
-Сагындыңбы деп сурадыңар. А мен айтпайм дедим. Туурабы?
-Ту-ура.
-А эмне үчүн айтпайм дедим?
-Билбейм.
-Кырк бешке чыккан киши да ушундай жөнөкөй нерселерди түшүнбөйбү?
-Сурооң ширин чыкты, Аидочка. Бу дүйнөдө мен билбеген балээ жок. Ошентсе да сага келгенде эң жөнөкөй нерселерге башым жетпей калганы чоң чындык. Менмасмын да?
-В смысле масмын? Ичип алдыңар беле?
-Ах ты, моя малышка, бир туруп жарга такаган суроо бересиң да, бир туруп наивный болуп кетесиң да?
-Меню тебю не понимать.
-Ха-ха-ха, тамашаң да керемет. Мен деген сүйүүгө масмын, Аида
каралдым!
-А-а... Эми жетти.
-Жетсе мен даярмын, табышмагыңыздын жандырмагын угууга.
-Табышмак деле эмес. "Айтпайм" деген сөз "ооба" дегенди билдирет...
-Ва-ай, ушуга акылым жетпептир, ээ?
-Не надо иронизировать, Нурлан Кадырбекович! Тем более кокетство деп кабыл албаңы-ыз.
-Койсоңузчу, айперим. Официальный кайрылганыңызга караганда таарынтып алган жокмунбу?
-Ой, телефонду папам сурап атат. Кийинчерек чаласыңарбы?
-Папаң келди беле?
-Билесиңер да, хозяйкасынан качканда биякка келет эмеспи.
-Анда бошогондо соткама өзүң чалып кой.
-Соткаңар Америкадан деле ала береби?
-"Роуминг" деп коет. Жердин түбүнө түшүп кетсем да шыңгырай берет.
-Кой, түшпөгүлө. Анда мен ыйлайм.
-"Ыйлайм" дегениңен сенин...
-Мейли анда. Через полчаса позвоню.
-Жарайт. Күтөм...
Нурлан сыртка чыкты. Асмантиреген аскадай үйлөрү баса калчудай болгон Нью-Йорктун көчөсү. Ызы-чуу. Аба ным жыттанат. "Манхэттенди" көздөй басты. Бүгүн жекшемби. Адамдын баары эшикте. Көчөнүн наркы башынан Мадонна, Бритни Спирс, Шакира
сыяктуу шоу-жылдыздардын килейген плакат-сүрөттөрү көрүндү.
Арасынан бир азиатканын көзүнө кадалган Нурлан "селт" этип кетти. Кудум Аиданын жүзү. Окшоштукпу же...

Комментарии

  • 30 окт 2013 10:52
    Суйуу кандай гана керемет!уландысы болобу?
  • 30 окт 2013 10:52
    Бул китеп жанылбасам министрдин махабаты деген китеп
  • 30 окт 2013 11:01
    Чыгарманын автору озунбу? Класс!!!
  • 30 окт 2013 11:33
    бир окуядай болбоптурбу? Жигити командировкага  кетип атып кызын ыйламсърап ооп коштошушуп экоо зорго ажырашып.. 3 кундон кийин экоо Египеттен жолугушуп калат экен..:-)
  • 30 окт 2013 12:23
    министирдин махабаты!!
  • 30 окт 2013 14:56

    ministrdin mahabati degen kitep kiyin oshol kizdi tigil ministir sooroydun balasi jaktirip kalip uylonom dep chigat

  • 30 окт 2013 15:04

    oshondoy bolush kerek unutup kaldim okuganima kop boldu

  • 30 окт 2013 15:06

    ballasina dele tiybeyt ministrge dele iybeyt

  • 30 окт 2013 15:10

    2-kitebi bar deshken men tappay kalgam okugan emesmin okuya toluk butkon emes orto jolldo 15 jashar munar (anin da tochno esimde emes ) deen kiz chiga kalip ele ministir mn jurup allat oz kaaloosu mn ozun oshol kishige arnap menimche kiyin oshol jonundo bolush kerek antkeni 15 jashar kizdin kolunan kop nerse keleerin ech kim oylogon emes dgendey jazilgan anan oylop koygom ii ushul kiz kp nerseni ozgortup jiberet  okshoyt dep

  • 30 окт 2013 15:19

    internetten tapsan maga da aytip koy ee

  • 30 окт 2013 15:21

    ok

  • 30 окт 2013 15:26

    ech nerse emes men dele karabay ele chon kichinesine sen dep jaza berem

  • 30 окт 2013 16:29
    ulandysy kanaa
  • 30 окт 2013 18:10
    уландысы болот
    суйууну ардактай билели деп жазгам ,
    сиз кайгырбаныз
    уландысы ото кызыктуу
    Ньюрктон БИШКЕКЕ  келет
    бишкектеги маеги болот ?
  • 30 окт 2013 18:32
    бул жерде поле чудес причём ?
    Китептин автору БЕКСУЛТАНОВ  БЕК,,? БЕКТИБЕКОВИЧ ! уландысы болот шашпаныздар ?
  • 30 окт 2013 18:43
    азыр бираз зайнит елем ананырак болобу ?
  • 30 окт 2013 19:18
    Ylandusu boloby?kuzuk jerine kelqende lentanu yzyp koiypsun;-)
  • 30 окт 2013 19:57
    Ke4irip koigula bul emne?
  • 30 окт 2013 20:21
    пака реклама :-)
  • 31 окт 2013 07:59
    мен атайын ушул созду айтайындеп дружба жонотком себеби профилиниз жабык екен ! Бул историянын уландысы болот уландысын айта коёюн бишкеке келгендеби маеги болот ? Тез кундо чыгарылат абсужденияга , кутунуздор корбой окубай калбаныздар ???