Комментарии
- 30 ноя 2014 15:54Жаныбек Жусубалиевич"Хочешь жить умей вертется" ушу принципке отсон баары жакшы болот
- 30 ноя 2014 16:00Meeri MarselАлбетте билими жана кругазору адамдын акылынан кабар берет .кебетеси болсо болгону тыкан жана таза болуш керек .
- 30 ноя 2014 16:57Канарейка ♕jigitter uironup algyla))
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
КЫРГЫЗЧА ТАМАША - ALATO.RU
:Канарейка ♕
ТААНЫШУУНУН ОҢОЙ ЖОЛДОРУ
КЫЗДАР МЕНЕН ТААНЫШУУНУН ОҢОЙ ЖОЛДОРУ
Өткөөл курак... Алгачкы сүйүү... Жактырган адамыңдын көзүн тик карай албай, каректер чагылышса жер чукуган учур... Дал ушундай учурда сага жаккан кыздын көңүлүн кантип бурдуруу керек? Сезимдер жоопсуз калбашы үчүн төмөндөгү кеңештерди эстеп калуу абзел.
1-КАДАМ. КЕЛБЕТ
Таза, тыкан жана өзүнө жарашкан кийим кийип, тыкыйып жүргөн жигитке ар бир эле кыздын назары бурулары ажеп эмес. Мындай гигиеналык этика чыныгы мырзанын жүзү болуп саналат. Кийим же атыр тандоодо тажрыйбалуу агалардан мастер-класс алуу ашыкча болбойт.
2. БИРИНЧИ СӨЗ БАШТАГАНДАН КОРКПО!
Кыз менен учурашууну, биринчи сүйлөөнү дал сен башташың керек. Тартынчаактык – эркекке жат мүнөз. Кыздар өзүнө ишенген, таяныч жана коргоочу боло алган жигитке көз артат. Айтылбай калганча жоопсуз калган алда канча артык.
3. БИЛИМ
Кыздар баалай турган негизги сапаттардын бири – бул жигиттин билимдүүлүгү. Кыздар менен таанышууда билимдин эмне кереги бар десең жаңылышасың. Мектепте болобу, көчөдө, үйдө жүрсөң да орундуу сүйлөп, сылык бол. Айланаңдагылардын «баланчанын баласы акылдуу, билимдүү жакшы бала» деген сөзү бир күн болбосо бир күнү сен жактырган селкиге жетет. Бул болсо сенин эсебиңе бир упай кошот.
4. СПОРТ
Байкасаң, кыздар жакшы көргөн кино каармандарынын булчуңдары буруюп, өзүн күтө билген мырзалар. Алардан сенин эмнең кем? Өспүрүм куракта спорт менен машыгуу эң оптималдуу. Спорттун кайсы түрүнө жакын болсоң, профессионалдуу жаатта болбосо да, өзүң үчүн машыксаң болот.
5. УГА БИЛ, АЙТА БИЛ!
Бийкечтин сага чындап жагар-жакпасы сүйлөшө келгенде байкалат. Даяр бол, ал ар түрдүү нерсеге кызыгышы мүмкүн. Окуу, интернет, жаӊы технологиялар, түрдүү ийримдер, ар кандай чыгармалар жана башкалар. Кунт коюп уга билгениң, аны урматтай алганың.
Ошондой эле кыздар «кулагы менен сүйөрү» белгилүү. Андыктан сага жаккан кызга комплимент айтууну унутпа. Мейли, «тажаткан», «эскирген» комплимент сөздөр болсун, сулуу кыз үчүн бул жагымдуу болот.
6. СӨЗГӨ СЫНБА!
Эгерде жактырган кызыӊ сезимдериңди жоопсуз калтырып жатса кайгырба, тырышчаак бол. Кыздар аракет кылып, аягына чейин барган жигиттерди жактырышары эсиңде болсун. Мындай учурда эки ыкманы колдонсо болот. «Стандарттуу» ыкма: гүл, шоколад берүү, ага арналган ырлар. Ал эми экинчиси – бул сенин фантазияң. Канчалык өзгөчөлөнсөң, ошончолук суктандыра аласың. Эң жөнөкөйү, жолугуучу жерди алдын ала белгилеп, ал жерди шариктер менен кооздоп, жумшак оюнчук же кыз жактырган гүлдестени катып койсо болот.
7. «ТОРМОЗ!»
Өзүңдүн индивидуалдуулугуңду жоготуп алба. Кыздардын ар бир кылыгы, ою менен боло берсең, бат эле «моюнуңа мингизип» аласың. Андыктан кыздын каалоосун аткар, бирок «тормоз» баса бил, акыркы чечүүчү сөз сенде болсун. Кыздын каалоосунан көз каранды болуп калба!
ИНТЕРНЕТТЕ КАНТИП ТААНЫШУУ КЕРЕК?
Интернетте таанышуу чыныгы турмуштагы таанышуудан алда канча оңой көрүнгөнү менен, бул жерде бири-бирин кызыктыруу алда канча татаал. Чыныгы жашоодогу таанышууда сырткы келбет, кийим, жүрүш-туруш көп мааниге ээ болсо, интернетте өзүңдүн баракчаңдагы маалымат менен кызыктыруу керектелет.
НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕР:
Кыздарды ылайык келбеген сүрөттөр, орой тамашалар, сөгүнүп-сагынган сөздөр иренжитет. Андыктан кыздар менен интернеттен таанышам десең, алгач баракчаңды тазалап чык.
Баракчаңдагы негизги сүрөткө (аватар) сапаттуу тартылган сүрөтүңдү кой. Ал сүрөттү алгач көргөндө жагымдуу таасир калтыргандай болушу шарт.
Кыздар жооп кайтаруу кереги барын же жогун сенин алгачкы жиберилген билдирүүңдөн тарта жыйынтык чыгарат. Андыктан бийкечти биринчи сүйлөмдөн баштап багынтуу кажет.
АЛГАЧКЫ КАДАМ:
Жактырган кызыңдын баракчасындагы талкуусуна кызыктуу билдирүү калтыруу.
Сүрөтүнө «лайк» коюп, комплимент жазуу.
Видеосун талкууга алуу.
Кызыктуу жана күлкүлүү билдирүүдөн жооп келери толук мүмкүн.
Кыздарга керектүү кеңеш тууралуу суроо – маектешүүнүн башталышы.
Билдирүү катасыз жана өтө көп быйтыкчасыз болсо жакшы кабыл алынат.
МАЕКТЕШҮҮ ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ ТЕМАЛАР:
Музыка (жакшы көргөн ырлары, баалаган ырчысы)
Адабият (жактырган жазуучусу, каарманы, чыгармасы ж.б.)
Спорт
Эсиңде болсун! Маектешүүдө кызды сура