АКТАЛГАН УМУТ!!
(АНГЕМЕ)
БАЛАЛЫК СҮЙҮҮМ"
– Алгачкы арзуу... Мектептеги эң
сулуу бийкеч Айшага ашык болбогон
айылда бир да бала калган эмес.
Оой, канча жолу жүрөгүм
мыкчылып, бекинип ыйлаган
күндөрүм тамдардын бурчунда
калды. Айша бирөөнү да теңине
алчу эмес, жактырбаган адамдан
кыя тиктеп кутулчу. Бир күнү
батынып, сүйүшкөндөр күнүндө ага
кат жазганга белсендим. Калем
алдым да, чоң баракка аны күнү-
түнү аңдыганымды, ар бир жандан
кызганганымды, бир күн көрбөй
калсам, уктай албаганымдан бери
жаздым. Акыркы сапка “мен сени
катуу сүйөм, сени эч качан кор
кылбайм” деп чекитти балчайта
койдум да, терең дем алдым.
Классына жетип, кирерим менен
Айшага катымды карматтым. Айша
мени караган боюнча нес болуп
кала берди. Баса, каттын этегине
“эгерде сенин муз жүрөгүңдү аз
болсо да жылыта алган болсом,
жок дегенде мени кылчая карап
кой” деп өтүнгөм. Эшикте Айшаны
аңдып, терезесин шыкаалап көпкө
отурдум. Бир маалда коңшу
айылдагы 5-6 бала мени жакалап,
мектептин артына сүйрөп кетишти.
Көрсө, алар менин Айшага кат
бергенимди көрүп калышыптыр.
Алардын башчысы Тынчтык деген
менден 4 жаш улуу бала эле.
– Энеңди, Айшанын жанына бир
карыш жакындап көр, ата-энең
талаадан сөөгүңдү чогултат,- деп
мени тепкилеп, кетип калышты.
Мектептин жанына окуучулар бат
эле чогула калышты. Алардын
арасынан Айшанын да карааны
көрүндү, кантип турганымды
билбейм, бутум шалак дей түштү.
Көрсө, Тынчтык бутума арматура
менен чапканда сөөгү сынып
кетиптир. Ошентип, ооруканага
жатып калдым.
КАНАТЫ ЖОК БҮРКҮТТӨЙ УЧА
АЛБАДЫМ”
– Эмнегедир ушул окуя экөөбүздү
жакындатты. Анда-санда
ооруканага келип, ал-абалымды
сурап кетчү болду. Акыры
өжөрлүгүм никебиздин
кыйылышына алып келди. Кыялым
орундалып, менден өткөн бактылуу
адам жок болуп жүрдүм. Мен
жалгыз уул болгондуктан, Айшаны
ата-энем өз кызындай жакшы
көрүшчү. Жубайым кош бойлуу
учурда аскерге кетүүгө аргасыз
болдум. Эки айда бир келип,
күнөөсүз аруу жандай жылмайып,
жашоомо бакыт тартуулап турду.
Көп өтпөй сүйүктүүм уулдуу
болгонубузду сүйүнчүлөдү. Алгачкы
махабатым, тун балам... Бакыттын
даамын татпай жатып кайгыга
малындым. Биз күткөн наристенин
өмүрү кыска болду. Тагдырдын таш
боордугуна кайыл болуп кала
бердик.
Аскерден кайтып келдим, жашоом
мурунку нугуна түштү. Арадан
айлар, жылдар да өтө берди. А биз
баланын жытына зар болуп жүрдүк.
Кыйын деген доктурлардын
кабылдамаларын айланчыктап,
канча күн өткөрдүк?! Бири “балалуу
боло аласыңар”, бири “жок” деп
башыбыз деле айланып калды.
Өмүр өтө берет экен, жашоо-
турмушубузду оңоп, жеке бизнес
ачууга да үлгүрдүм. Элден кем
кылбай кийимин кийимдей,
алтынын алтындай алып берип
жаттым. Мен муну милдет
кылбайм. Мындай жол менен мен
аны эч нерсеге кор кылбайм деген
убадамды орундаттым. А бирок
дале балалуу болбой жүрдүк.
Кайгыдан улам кээде ичип, аны
сөгүп коймой адатым пайда боло
баштады. А бирок сүйчүмүн, дале
чексиз сүйөм. Эч бир жылыш
болбоду. Анан бир күнү
тааныштарым аркылуу көлгө эс
алганы бир кыйын немис акушер-
гинеколог келерин угуп калдым.
Дароо эле ал адам менен
жолугуштум. Аты Жон экен, ал
көйгөйүмдү угуп, Айшаны көргөнгө
макул болду.
АТАЛЫК БАКЫТТАН АЙРЫП..."
Бир сааттын ичинде Айшаны да,
мени да көргөнгө үлгүрдү. Көрсө,
бир жыл мурун Айшанын боюна
бүтүптүр. Бирок ал боюнан
алдырткан имиш, ошондон улам
төрөй албай калыптыр. Айшадан
өмүрү мындайды күткөн эмес
элем, бул жоругу абдан капалантты.
– Айша, сага баланын кереги
жокпу?! Эмнеге мындай кадамга
бардың?! Жок дегенде мага бир ооз
айтпайт белең?
– Мен корктум, төрөт мен үчүн өтө
эле коркунучтуу нерсеге айланган,
мени күнөөлөбө!- деп актана
баштады.
А бирок мен Айшаны күнөөлөдүм,
ал деле сезип турду. Балалуу
болбой калам деп ойлобопмун, же
айтсачы... Эмне кылам? Тагдырыма
кайыл болуп кала бердим.
Кайгыдан Айшанын баягы
мөлтүрөгөн сулуулугу соолуп
бараткан гүлдү элестете баштады.
Ишенесиңерби, акырындык менен
баарынын тең кереги жок болуп
калды. Бала болбосо, байлыктын
кереги эмне? Чогултка
http://m.ok.ru/dk?st.cmd=altGroupMain&st.groupId=53331496730721&_prevCmd=altGroupFeeds&tkn=8957