Жулуп алып жүрөгүмдүн баарысын,
Узатылып бөтөн үйгө барасың.
Барган жерден бактылуу бол жан кызым,
Бакыт жолун бирге издеп табарсың.
Баш ийемин бабалардын салтына,
Мурас кылып таштап кеткен калкыма.
Босогодон атапчыгар кезиңде,
Алыс бас карабагын артыңа.
Кайрыма:
Ыйлаба кызым жар болуп сен турганда,
Ыйлаба кызым кадамыңа гүл салайын
Ыйлаба кызым.
Ыйлаба кызым жашка толуп чанарың,
Ыйлаба кызым бакыт болсун кадамың.
Ыйлаба кызым ыйлаба кызым
Коргондогу жайнап өскөн гүл элең,
Кыйбай сени сактай берем мүрөгүм.
Апакеңдин жүзүн жерге каратпа,
Жараткандан бакытыңды теңдедим.
Бой жетсең да дале мага баласың,
Бөтөн элден бакытыңды табарсың.
Элче сымал отурасың эми сен,
Эки үйдүн арасын жакын кылып.
Кече эле эркелеген кыз элең,
Мезгил өтүп эрке кызым бой жеттиң.
Уузатамын турмуш жолу ушундай,
Издеп келди бактың тапкан тең дешиң.
Бактылуу бол назик кызым шириним.
От басыңнын алауы бол.
Күлкі ойнасын жүзіңде шын
Барған жерің кызым десін
Жаққан отын үзілмесін,ардағым.